Кыргызстан: Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан: Куш тилиндей кабарлар

Таажы илдетинин ыкчам темп менен тарашы айрым бир жарандарга  коркунуч жаратса айрымдарына  бул "САЯСАТ"  деген ойду таратууда.  Мына ушул өңүттөн улам эл арасында ар түрдүү  суроолорго жооп берүү максатында  брифинг  учурунда, ага тиешелүү  жактар жоопторду беришүүдө.

Бүгүнкү брифингде, акыркы убакта Жогорку Кеңештин депутаттарынан дагы коронавирус илдети чыгып жатат, ак үй карантинге жабылабы? деген суроого жооп алынды.

Бүгүнкү күндө жалаң гана ак үйдө эмес, мамлекеттик мекемелерде дагы илдет тастыкталган учурлар катталып жатат. Ошондуктан санитардык нормаларды туура сактап, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшүүдө. Ак үйдү карантинге жабуу тууралуу чечимди пленардык отурумда комиссия карайт,- деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.

Москвага  Кыргызстандан  атайын чакыруу менен  парадга барган  жарандардан коронавирус тастыкталды. Ал эми, Кыргызстанда алынган анализдердин жыйынтыгы терс болгон. Кыргызстандан алынган  тесттердин сапаты начарбы?

ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби, вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ аталган эки жаран Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган адистер 3 кун изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат», - Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Кыргызстанда тест жүргүзүү үчүн канча медицина кызматкери тартылган?

Вирустун бар-жогу лабораториялык текшерүүдөн кийин гана тастыкталат. Өлкөдө 13 вирусологиялык лабораторияда (полимераздык чынжыр реакциясы) 16 ПЧР-аппараты бар, алардын ичинен 3 мобилдик экспресс диагностикалык лаборатория Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарында орнотулган. Ошондой эле, келишимдин негизинде жеке лаборатория COVID-19 вирусуна анализ жүргүзүүгө көмөк көрсөтүп, Талас облусунда ветеринардык кызматтын лабораториясынын базасында вирусологиялык лаборатория жайгаштырылган. Кадрларды даярдоо максатында лабораториялык кызматтын 30 адиси, анын ичинде 22 вирусолог-дарыгер жана 8 лаборант окутулду. Мындан тышкары, ИФА жана ПЧР-ыкмалары менен иштеген жеке лабораторияларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Абалдын курчушунан улам өзгөчө абал киргизилеби?

 Учурда Чүй, Ош облустарында , Бишкек жана Ош шаарларында абал  абдан курч болууда. Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат жана бардык факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат”, - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.