Кыргызстан,1-октябрь. Өкмөттөгү жасалган иштер.

Кыргызстан,1-октябрь. Өкмөттөгү жасалган иштер.

2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө  окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. 

Белгилүү болгондой, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты.

Ага ылайык, билим берүү уюмдарында мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар же жогу боюнча анкета толтуруп турушун уюштуруу шарт.  

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат. Ошондой эле билим берүү жайларынын желдетүү тутумунун иштөөсүн жана класстык бөлмөлөрдө тыныгуу учурунда абанын алмашуусун камсыз кылуу боюнча иштер уюштурулмакчы. 

Муну менен катар окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери көзөмөлдөп турат. 

Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат. 

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок. 

Окуучулар, ата-энелер жана кызматкерлер арасында өздүк гигиенаны сактоо жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. 

Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча  бекитилген жүгүртмөгө(расписание) ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү жүгүртмө боюнча (мисалы: сабактардын башталышы жана тыныгуулар  ар кандай убакытта, мисалы, 1-2-класстарда сабактын башталышы   8.00дө, 3-4-класстарда 8.30.да   ж.б.),  500гѳ чейин болсо,  кезектешүү (сменалык) негизде (мисалы,   1,2,3- класстар – 1-кезметте 4,5,6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да кезек-кезек менен)  уюштурулат. 

Штабдын отурумунда Билим берүү жана илим министрлиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бекитилген алгоритмди так аткарууну көзөмөлдөө тапшырмасы берилди. 

«Коронавирус инфекциясын алдын алуу жөнүндө маалыматтык-окутуу материалдары мектеп имараттарына илиниш керек. Муну менен катар билим берүү жайлардын дезинфекциялоочу жана санитардык-гигиеналык каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыздалышы шарт», - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков

Отурумдун соңунда тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына мектептердин жылытуу маселесине өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди.  

Күз-кыш мезгилинде калк жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз болуусу шарт.

Тийиштүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов калктын жана экономика тармагынын алдыдагы 2020-2021-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинде билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, COVID-19 пандемиясы жарандардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине белгилүү түзөтүүлөрдү киргизди. 

«Коронавирустук инфекцияга каршы күрөш улантылып жаткандыгына карабастан, күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык сапаттуу жана өз учурунда жүргүзүлүүсү тийиш. Бул жыл вируска байланыштуу абалды эске алуу менен өлкө үчүн жооптуу болот. Быйылкы жылы адистердин божомолу боюнча, республикада суунун аз болушу күтүлүүдө, ал бир нече жылга созулушу ыктымал. Алсак, келерки жылы суу мындан да аз болушу мүмкүн. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан аз. Бул жергиликтүү жана ташылып келинген көмүрдүн, мазут жана газдын тийиштүү көлөмүн камсыздап алуу керектигинен кабар берет. Бардык факторлорду эске алуу менен, калкты жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз кылуу боюнча ар бир маселе боюнча тыкыр даярдык көрүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин киреше бөлүгүндөгү чыгымдарга карабастан, жылытуу мезгилине карата даярдыктарды каржылоо маселесин ыкчам тартипте чечүүсү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар электр эңнергиясынын альтернативдик булактарын карап чыгуусу жана электр энергиясын пайдалануунун белгиленген лимитин тыкыр сактоосу керек», – деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, дээрлик ар бир жылы техникалык жана коммерциялык чоң жоготуулар жөнүндө айтылып келет, бирок абалды өзгөртүүгө багытталган тутумдуу кадамдар али жок.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов энергетикалык тутумдун иши жана келерки жылытуу мезгилине даярдык боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. 

«Көмүр ташуучулар менен келишимдер түзүлгөн жана ал иштер башталган. Аймактарда калк, бюджеттик уюмдар, жана башка ири керектөөчүлөр үчүн ташылып келинүүчү көмүр алдын ала бөлүштүрүлдү. Республика боюнча 768 отун базасын жана көмүр сатуу пункттарын ачуу пландаштырылууда. Мазут жана газды керектөө боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Электр станцияларын, от казандарын, электр жана жылуулук тармактарынын жабдууларын оңдоо иштери график боюнча жүрүүдө. Күтүлүп жаткандай, эртең Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 млрд метр кубду түзөт», – деди Эмил Осмонбетов.

Кубатбек Боронов белгилегендей, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү иштер график боюнча жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу отчет берүүдө.

«Бирок айрым райондордо калкты көмүр менен камсыз кылууда маселе бар. Аймактардагы отун базалары калкты арзан баада көмүр менен камсыз кылышы керек. Тиешелүү органдар көмүрдүн баасы боюнча маселени көзөмөлдөп турушу керек, андыктан баалардын негизсиз жогорулашын жана ортомчулар болбош керек», - деп белгиледи ал. 

Премьер-министр чараларды өз убагында кабыл алуу жана энергетика тутумунун күз-кыш мезгилинде туруктуу жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн алдыдагы жылытуу мезгилине кылдаттык менен даярдануу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керек

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун мындан аркы иши талкууланды.«Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керек. Сөз бардык медициналык мекемелер менен өз-ара аракеттешүү механизмин жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу жүрүүдө. Эгерде тез жардам көрсөтүүчү врач бейтапты ооруканага жаткыруну чечсе, диспетчер он-лайн койко-орундардын эсеп тутумуна ылайык, аны кайда жайгаштырууну билүүсү керек. Медициналык мекемелердин жетекчилери медициналык тез жардам дарыгерлеринин талаптарын токтоосуз аткаруусу тийиш. Бардык ооруканалардын, медициналык борборлордун, клиникалардын жетекчилерин чогултуп, бул алгоритмди иштеп чыгууну тапшырды. Оорулуу менен шаар аралап жана ооруканаларды кыдырып, бейтапты кабыл алуусун өтүнүп жүрүүсүнө жол берилбеши керек.  Бирдиктүү механизм катары иш алып баруу менен алдыда бир гана милдет – бейтаптын өмүрүн сактап калуу маселеси турушу керек.  Учурда өлкөгө жаңы тез жардам унаалары аланып келинүүдө, бирок адистердин жетишсиздиги байкалууда. Дарыгер-фельдшерлердин маселеси ыкчам түрдө чечилиши кажет», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы бейтаптарды электрондук эсепке алуунү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ар-бир медициналык мекеменин тизими боюнча электрондук маалыматтар базасы үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Бул коронавирустук инфекция менен күрөшүү алкагында гана эмес, санариптик программа алыкагында да маанилүү саналат. Мындай тутум реалдуу убакыт режиминде тигил, же бул медициналык мекемелерде бош койко-орундарды көзөмөлдөп турат», - деди Премьер-министр.

Ошондой эле Премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилчү жаңы ооруканалардын курулушун жыйынтыктоо жана  профили өзгөртүлгөн ооруканаларды ремонттоо боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

Премьер-министр 2021-жылга карата бардык чыгымдар артыкчылык деңгээлине жараша түзүлөт деп билдирди.

2021-жылга карата бардык чыгымдар артыкчылык деңгээлине жараша түзүлөт. Ыкчам каржылоо зарылдыгына ээ болбогон чыгымдар убактылуу токтотулат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинде билдирди.

«Бүгүнкү күндүн талаптарын эске алуу менен биз 2021-жылга бюджеттин айрым параметрлерин өзгөртүүгө аргасызбыз. Анткени, 2020-жылы республикалык бюджеттин кирешеси пландаштырылгандан төмөн болгондуктан, бюджет тартыштыгы 7 млрд сомду түзөөрү күтүлүүдө. Ошондуктан биз 2021-жылга айрым чыгашаларды кыскартууга туура келет. Буга катар Финансы министрлигине бир ай ичинде министрлик жана ведомстволордун зарыл деп эсептелген айрым чыгымдарды кошуу тууралуу сунуштарын карап чыгууну тапшырылды.. Ага катар бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди карап чыгуу керек. Мында негизги орун бажы жана салык кызматтарына тийиштүү. Коюлган максаттарга жетишүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири катары электрондук эсеп-фактуралары, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган тутумдар, виртуалдык ККМ, электрондук коштомо документтер, эркин посттор программасы боюнча маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү фискалдаштыруу тутумун киргизүү саналат. Бул аракеттер мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана жардам бербестен, ишкерлердин ишин да жеңилдетет. Бул чаралар 2020-жылкы пандемия шартында да оңдуу жыйынтыктарын берди. Мисалга, Салык кызматы ай сайын планды 1 млрд сомго чейин аткарууда. Бизде мындай пландар көп жана алардын негизги бөлүгүн 2021-жылы ишке ашыруубуз керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы бажы тутумундагы бюджет үчүн пайдалуу программалардын ишке ашырылышын да белгиледи.

«Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бажы тутумундагы тажрыйбаларды эске алуу менен биз бажы постторунда да көп функционалдуу АСИКУДА программасын ишке киргизүүнү чечтик. Программа бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана анын толукталышынын ачыктыгын камсыздайт. Мурда жарандардын бажы кызматына ишенбөөчүлүгүн пайда кылган нерселер четтетилет. Мындан тышкары, мамлекеттик инвестициялар програмасы боюнча пландар бар.  2021-жылга карай биз 30 млрд сом чогултууну пландап жатабыз, ал мультипликативдик натыйжалуу ички мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат. 1,9 млрд сомдук мамлекеттик бюджеттик резерв түзүлгөн, анын каражаты пландаштырылбаган чыгымдарга багытталат. Белгилей кетсем, 2021-жылы коммерциялык банктардын пайыздык ченемдерин субсидиялоого, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө, экономиканы санариптештирүүгө, мамлекеттик ипотекага, капиталдык салымдарга чыгымдар каржыланат», - деп белгиледи Өкмөт башчы. 

Кубатбек Боронов 2021-жылга туура келүүчү тышкы карыздарды төлөө боюнча пикке жакындап бара жаткандыгыбызды жана аны реструктуризациялоо боюнча иштер улантылып жаткандыгын эскертти.

«Бардык кыйынчылыктарга карабасатан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнө алынган бардык социалдык милдетенмелерди аткаруусун улантат», - деди премьер-министр.

​​​​​​​Өлкө аймактарындагы медициналык мекемелердин курулушу жана оңдоп-түздөө иштери аяктап, жабдуулар орнотулууда

Өлкө аймактарындагы медициналык мекемелердин курулушу жана оңдоп-түздөө иштери дээрлик аяктап калды, учурда керектүү медициналык жабдуулар, эмеректер орнотулууда. 

Республикада коронавирус инфекциясынын пандемиясы жана медициналык жайларда орундардын жетишсиздиги шартында эскилеринде каптилдык ремонт жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө, ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканалар курулуп жатат.  

Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы, Кемин районунун Орловка айылындагы, Чолпон-Ата, Каракол, Баткен, Көк-Жаңгак жана Жалал-Абад шаарларындагы медициналык мекемелердин капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери аяктады. Токмок, Талас жана Ош шаарларында жумуштар графиктин негизинде жүрүүдө, 2020-жылдын октябрь айында бүткөрүлөт. 

Муну менен катар Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулушу графиктен артта калууда. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты. 

Өкмөт башчы жумуштун создугуп жаткандыгына нааразычылыгын билдирип, иштин сапатына байланыштуу бир катар арыздар түшүп жаткандыгын белгиледи.

«Бардык курулуш жана көрктөндүрүү иштери кыска убакыттын аралыгында бүткөрүлүшү керек. Куруу жумуштары өз мөөнөтүндө аяктайт деп айтылган. Жетишпей калдыңар. Силерге дагы убакыт берилди. Бардык иштерди максималдуу түрдө ыкчам аяктоо зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Ишти аткаруучу фирманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Өкмөт башчыга объектиде жүргүзүлүп жаткан иштер, суу менен камсыздоо жана канализациянын туташуусу жөнүндө маалымат беришип, бардык жумуштар жакынкы аралыкта бүтөөрүн айтышты. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасында өзүнчө интенсивдүү терапия жана реанимациялык блок каралганын маалымдашты. Ал эми бардык бөлмөлөр тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет. Курулуш жумуштары бүтөөрү менен медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу, жайгаштыруу иштери башталат.

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бишкектин дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды иликтейт

Бишкек шаарынын дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды дыкат иликтөөгө тийиш. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. «COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күнүнгө көбөйүүдө. Өзгөчө Баткен облусундагы кырдаал бизди тынчсыздандырууда. Айтылган облустардагы абалды иликтөө үчүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобу бүгүн аймакка барат. Учурда Бишкек шаарындагы кырдаал салыштырмалуу тынч, ошондуктан күчтү кооптонууну жараткан аймакка жумшоо керек. Баткен облусундагы абалды жакшыртуу жана оорулуулардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл. Аталган аймактардагы жагдайды талдап, илдетти жуктургандардын көбөйүшүнүн себебин аныктоо шарт. Коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткандарды аныктап, ооруканага жайгаштыруу же  үй карантинине алуу мүмкүнчүлүгүн кароо  максатында мурдагыдай эле, үймө-үй кыдыруу иш-чарасын өткөрүү керек. Мындан тышкары борбор калаадан барган дарыгерлер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кесиптештерине консультацияларды беришет», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облус жетекчилеринин жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертти. 

«Ишенип жетекчиликке алууга берилген аймактарда ар бириңер ишти так жүргүзүүгө тийишсиңер. Эгерде кандайдыр бир маселе чыгып, кыйынчылыктар жаралса, элдин массалык түрдө оорушуна алып келишине жеткирбей токтоосуз түрдө Республикалык ыкчам штабга кайрылуу керек. Калк арасында санитардык нормаларды сактоонун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүсү зарыл. Бул иштер жарандардын ден соолугун сактоо максатында жасалат», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Муну менен катар Премьер-министр штабдын кийинки отурумунда жарандарды сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук жугуштуу ооруларга каршы эмдөө иштери, ошондой эле COVID-19дун вакцинасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берүү тапшырмасын берди.

​​​​​​​

​​​​​​​