Кыргызстан;23-сентябрь. Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;23-сентябрь. Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстанда  таажы вирусу  башталган март айынан бери Орусиядан жалпы 40 968 жаран мекенине кайткан. Ал эми учурда Орусия менен Казакстандын чек арасында дагы Кыргызстандын 3000дөн ашуун жараны өтө албай кармалып турууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жакын арада алар үчүн жашыл коридор уюштуруу пландалып жатканын,билдирди.Учурда Орусиянын Оренбург облусунун жана Башкыртстан Республикасынын бийлиги менен жолдо калган кыргызстандыктарга жардам берүү боюнча сүйлөшүүлөр  жүргүзүлүүдө. Орус тарап кыргызстандыктарды жатаканаларга, балдар лагерлеринин айланасына чатыр тигип жайгаштырган. Акысыз тамак-аш берилип, элди автобустар менен чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы айтулууда..

Элчилик Казакстандын чек аралары жабык экенин, чет элдиктердин бул өлкөнүн аймагына киришине чектөөлөр бар экенгдигин айтып, натыйжада  Орусиядагы кыргызстандыктарга орус-казак чек арасы тарапка сапарга чыкпоону, зарыл болгон учурда аба каттамдары менен барууну сунуш кылды.Кыргыз өкмөтү тараптан Казакстанга кат жөнөтүлдү, бирок  алар жооп бере элек.

Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын даярдыгы 48 % ды түзѳт

Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” каржылоосу менен 2020-жылдын 25 июлда башталган.
Учурда, подряддык уюм тарабынан оорукананын эски имаратынын бузуу иштери, жаңы имараттын пайдубалын орнотуу, полдорго бетон куюу, темир конструктивдик формалар жана устундар орнотулду. Ошондой эле, ички жылытуу системасы, суу менен камсыздоо тармагы, канализация иштери бүткөрүлдү. Андан сырткары ички тосмолорду орнотуу, чатырын жабуу, терезелер орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш даярдыгы 48% түзөт.
Обекти  50 млн сом   менен  каржыланган.

Ал эми Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп түзөө иштеринин даярдыгы 92% түзѳт

Объекттин капиталдык оңдоп түзөөсү 2020-жылдын июль айында башталган, ал эми долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы 63млн 682 миң 9 сомду түзүп, баардыгы болуп 45 млн 700 миң сом каржыланды.Ооруканага  тиешелүү жагдайлардын бардыгы  92% га бүткөрүлдү, оорукананын оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүткөрүү  пландаштырылган.

 Түп районунун дыйкандарына Чүй облусунан алынып келинген күздүк буудайдын үрөнү таратылып берилди. Бул тууралуу Түп райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бекбосун Абдылдабеков билдирди.

Натыйжада дыйкандарга Түп районунун үрөн чарбаларынан 25 тонна, Чүй облусунан 25,3 тонна таратылды.Натыйжада  дыйкандардын күздүк себүүгө болгон мүмкүнчүлүгү кеңейди, - деди Б.Абдылдабеков.

 Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл аймагындагы айылына баруучу асфальт жолдун жыртык-тешиктерин студенттер бүтөп жатышат.

Буга жергиликтүү эл  нааразы.«Акчаны туура эмес пайдаланууда  деп эсептейбиз. Жылда жамаганга кеткен акчаны чогултуп бир эле жасап койсо, ошол утуш болмок. Бирок жылда күз мезгилинде жолдун жыртыктарын жамап кетишет. 2-3 айдын ичинде кайра эле талкаланып, жыртык-тешиктер пайда болот», - деп билдиришти алар.Фрунзе айыл аймагынын башчысы Алмаз Сыдыковдун  пикири боюнча  бул жолдун жыртык тешигин Транспорт министрлиги оңдоп келет.Бул жолго айыл өкмөттүн тиешеси жок. Канча каражат кетет, кандай план менен ишке аша турганынан кабарыбыз жок.Мындай жамаган да жакшы, болбосо жолдун жыртык тешиги мындан да чоңоюп кетмек,- деди ал.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сырттан келген дарыгерлер үчүн турак жай куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. 

Райондук ооруканада дарыгерлер жетишсиз болгондуктан сырттан келген дарыгерлер да иштешет. Бирок алардын жашай турганга турак жайы болбогондуктан кайра кетүүгө мажбур болушат.Райондун  акими Сейтек Кулубаев сырттан келген дарыгерлерге турак жай курууга алгачкы аракеттер жасалып жатканын билдирди.Учурда райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык ооруканага жалпы 13 дарыгер жетпейт. Андыктан турак жайды куруу долбоору жана башка документ иштеринин үстүндө иш алып баруудабыз. Азырынча каржы булактары чечиле элек. Капиталдык салымдарга сунуштаганбыз. Балким, донор болуучу  уюмдарга дагы кайрылып көрөбүз», - деди С.Кулубаев.