Кыргызстан;Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;Куш тилиндей кабарлар

Президенттин аппаратынын  9 кызматкеринен коронавирус  тастыкталды.

Бүгүнкү күндө президенттик аппаратта жалпы 17 адам илдетке чалдыкты.
Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алышууда жана алар алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери  ар кимде ар түрдүүчө өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.

Ошко Москвадан Кыргызстандын жарандары кайтып келди.

 27-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиакаттамдары» авиакомпаниясынын Москва – Ош багыты боюнча учагы учуп келди. Бул каттам менен Кыргызстанга Россиядан 326 КР жараны кайтып келди, анын ичинде 2 жашка чейинки курактагы 41 жаш бала бар.
Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлдү.
Тизмеге төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки балдары барлар, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу ыкчам түрдө мекенине кайтышы керек болгон жарандар кирди.Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Ат-Башынын Ак-Жар айылында  машыгуу залы пайдаланууга берилди.

27-июнда Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында айылдык клубдун имаратында жайгашкан машыгуу залы пайдаланууга берилди.Бул машыгуу залы Ак-Жар айылындагы жаштардын демилгеси менен 2015-жылы уюшулуп, иштеп келген. Бирок имарат капиталдык ремонттон өткөн эмес жана спорт инвентарлары менен толук камсыздала элек болчу.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Айжамал Табылды кызынын айтымында, быйыл машыгуу залынын капиталдык ремонту айыл өкмөтүнүн демилгеси жана демөөрчүлөр аркылуу 200 миң сомго жасалып, жеке ишкер Мирлан  Капаровдун жана Ислам Газиев жетектеген "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу акциянын алкагында 1 миллион сомдук тиешелүү спорт инвентарлары алынып берилген. Аталган долбоор Ат-Башы районунун 90 жылдыгына карата пландалган 90 долбоордун бири.

Илдетти алдын алууга карата атайын чечимдер кабыл алынды.

Нарын облустук саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиянын отурумунда "Ыкчам байланыш" кызматынын иштөө абалы жана коронавирус оорусун алдын-алуу, оорунун таркашына бөгөт коюу иштери боюнча маселе каралып, ишти күчөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

Өспүрүмдүн бизнеси

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин окуучусу Уран Айбек уулу жөжө чыгарган инкубатор жасап чыкты. Учурда анын жасаган  инкубаторуна кызыккандар  көбөйүүдө. Уран инкубатордон чыккан жөжөлөрүн  кардарларга 50-60 сомдон сатууда.