Кырсык. Адам өмүрүн алган автоавария болду.

Кырсык. Адам өмүрүн алган  автоавария   болду.

Кечээги түнү Бишкек Ош жолунда "Хонда Олиссейдин" айдоочусу  чукул бурулуштан рульга ээ боло албай  натыйжада машина 150-200 метр жардан ала салып кеткен. Тилекке каршы машинанын ичиндеги үч жүргүнчү окуя болгон жерден курман болушкан. Маркумдардын өздүгү такталууда.Бул туурасында  Жалал Абад ЖКККБнын инспектору Айбек Сатылбалдиев билдирген. Ал эми дагы үч адам Кара Көл ооруканасына жеткирилген.Алар Ноокат районунун Кыргыз Ата айылынын тургундары болушкан.

 

Кечээ  Казакстандын Алматы облусунун Карасай  районунун Көк Сай айылында  мас айдоочу, рульга ээ боло албай блокпосту сүзүп, андан  барып машинада отурган эки милиция кызматкерин сүзгөн. Окуя болгон жерде бир милиция кызматкери набыт болуп, экинчиси ооруканадан каза болгон. Учурда сүзгө автоунаанын (BMW)  айдоочусуна кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Бул туурасында Казакстандын басылмалары жазып чыкты..