Кытайда спрей түрүндөгү биринчи COVID-19 вакцинасынын сыноолору башталды

Кытайда спрей түрүндөгү биринчи COVID-19 вакцинасынын сыноолору башталды

Кытай биринчилерден болуп жагымсыздыкты  жаратпаган  COVID-19 вакцинасын адамга  сыноосун баштады. Окумуштуулар мурунга спрей колдонуп, билекке ийне сайгандан көрө, вирустан жакшы коргойт деп үмүттөнүшөт.

Кытайда коронавирустук вакцинаны мурунга чачыратуучу  вакцинанын клиникалык сыноолору башталды, деп билдирди Bloomberg. Өткөрүлгөн тесттер Кытайдын клиникалык сыноолорду каттоо кеңсеси тарабынан жактырылды. Вакцинаны Сямэн Университетинин жана Гонконг университетинин окумуштуулары, фармацевтикалык компаниясы Beijing Wantai Biological Pharmacy Enterprise компаниясы менен биргеликте түзүшкөн.

Бул коронавирустук вакцинанын Кытайдагы адамдардын сыноо этабына кирип жаткан 10-прототиби, бирок мурдунан  чачыратуучу түрү, деп жазат Bloomberg.

 Коронавирустун өнүгушундө  "тикен" протеининин гендерин алып жүрүүчү алсырап калган тумоонун вирусу бар жана ал клетканын коргонуусун бузат. Мурунга киргенде, вакцина вирустардын организмге киришинин табигый жолун кайталайт - дем алуу жолдору жана былжыр челдер аркылуу - жана иммундук системанын козгогучка реакциясын жаратат, деп Bloomberg Кытайдын Илим жана Технология министрлиги менен байланышкан Science and Technology Daily гезитине шилтеме берип жазды.

Инъекциялардын көпчүлүгү билекке жасалат, анткени организмге затты алуу жолу адатта иммундук системанын күчтүү реакциясын жаратат, деди Бирмингемдеги Алабама университетинин иммунологу жана вакцинаны иштеп чыккан Фрэнсис Лунд АКШнын Улуттук Коомдук Радиосуна (NPR). Бул учурда системалуу иммундук жооп пайда болот - бул кандагы антителолор.  Ал эми  укол сайылып жаткан жерде эч кандай жергиликтүү реакция жок. Инфекция мурунда жана тамакта көбөйө баштайт жана системалык иммунитет келгенге чейин өсүп жетилиши мүмкүн дейт Лунд. Ал эми мурундан , чачыратылган вакцина сизди оор илдеттен куткарат - бирок вирус жуккан адам башкаларга дагы деле жугуштуу болуп калат, демек, оору андан ары жайылышы мүмкүн дейт адис.

Мурунга каршы эмдөөнүн артыкчылыгы ушул: ал мурун жана тамакта пайда болуп, дароо вируска каршы күрөштү баштай турган тутумдук жана жергиликтүү иммунитетти жаратат, деп кошумчалады Лунд.

Кытай вакцинанын клиникага чейинки сыноолору анын коронавирус жуккан чычкандардын жана хомяктардын өпкөсүнүн жабыркашын олуттуу азайта аларын көрсөттү, деп жазды Science and Technology Daily. Мурунга чачыратуучу вакциналар жаңы эмес, гриппке каршы эмдөөлөр бар. Бул вакцинанын кеңири тараган түрү болбосо дагы, дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар ар кандай ооруларга каршы чачыратуучу  вакциналарды жаратуунун үстүндө иштеп жатышат, дейт Bloomberg.

Учурда дүйнөдө эки вакцина катталды - Россиянын Н.Ф.Гамалея атындагы Улуттук Эпидемиология жана Микробиология Борбору жана Кытайдын CanSino Biologics Inc компаниясы тарабынан  иштелип чыккан вакцианалар.