Кытайлык илимпоздор сурөткө түшүү менен адамдын жүрөк оорусунун бары жогун биле алышат.

Кытайлык илимпоздор сурөткө түшүү менен адамдын жүрөк оорусунун бары жогун биле алышат.

Кытайлык илимпоздор сурөткө түшүү менен адамдын жүрөк оорусунун бары жогун биле алышат. Жаңы алгоритм жүрөк көйгөйлөрүнүн тышкы белгилерин аныктап, пациентке коркунучтар жөнүндө эскертүү берет. Бирок, ал экспертизаны толук кандуу алмаштыра албайт.

Кытай Илимдер академиясынын адистери сурөткө түшүү (селфини) колдонуу аркылуу жүрөктөгү көйгөйлөрдү аныктаган алгоритмди иштеп чыгышты. Бул тууралуу Европалык Жүрөк Журналы макала жазып чыгышкан. Мындай чара, албетте, дарыгерге барууну алмаштырбайт, бирок көйгөйлөргө өз убагында көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, профессор Чжэ Чжэн: "Биздин башкы максатыбыз - жүрөк ооруларынын коркунучу адамдар  дарыгерге баруудан мурун колдоно турган колдонмо иштеп чыгуу", - деди.

Изилдөөнүн авторлору жүрөк ооруларын көрүүгө мүмкүн болгон өзгөчө факторлорго токтолушкан. Мындай факторлорго, мисалы, ак же ичкерген чачтар, бырыштар, кулактагы катмарлар, ксантеласма (тери астындагы жайгашкан холестериндин чогулушу жана көздүн чел кабыгындагы холестирин, каректин четтери).

Нейрон тармагын үйрөтүү үчүн, изилдөөчүлөр 6000ге жакын бейтаптын жүздөрүнүн сүрөттөрүн тандап алышкан. Сүрөттөрдөн тышкары, алар демографиялык маалыматтарын жана медициналык жазууларды да колдонушкан.

Алгоритмдин сезгичтиги - оорунун туура аныкталган учурларынын үлүшү 80%, туура аныкталган дени сак адамдардын үлүшү 54% түзгөн. Изилдөөчүлөр баштапкы диагноздун заманбап ыкмаларына караганда жакшы натыйжаларга жетишти.

"Биздин билишибизче, бул жүрөк ооруларын аныктоо үчүн жүздөрдү анализдөө үчүн жасалма интеллектти колдонууга боло тургандыгын көрсөткөн биринчи изилдөө", - деди Чжэн. "Бул клиникаларда жүрөк ооруларынын тобокелдигин баалоо үчүн колдонула турган баштапкы курал катары бейтаптарга коюула турган диагнозду иштеп чыгууга чоң кадам."-болот деп билдирди ал.