Кореядан келген ПЦР аппараты Чолпон Ата шаарына орнотулат

Корея мамлекетинен Кыргызстанга 2 ПЦР – аппараты керектүү медициналык каражаттар менен биргеликте алынып келинди.
Анын бирөө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына орнотулмакчы, жайкы туристтик эс алуу учурунда толук кандуу иштей турган лаборатория уюштурууну пландалууда. Сырттан келген медициналык аппараттардын жардамы менен лабораториялардын потенциалын күчөтүү иштери жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылып жатат”, - деп билдирди, бүгүнкү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.