Коронавирус илдетине чалдыккан адамга операция ийгиликтүү жасалды.

Коронавирус  илдетине чалдыккан адамга операция ийгиликтүү жасалды.

Кечээ  Алматынын Борбордук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери Covid-19 менен ооруган адамга  биринчи жолу операция жасашты.Бир сааттан ашык убакытка созулган операция ийгиликтүү өттү.

Бул туурасында Алматы шаарынын Борбордук шаардык клиникалык ооруканасынан билдиришкен.81 жаштагы бейтап №7 шаардык клиникалык ооруканага жамбаштын жабык сыныгы менен түшкөн, бирок текшерүү учурунда коронавирустук инфекция аныкталган. Оорулуу Борбордук клиникалык ооруканага которулган. Ооруканадан маалымдашкандай, операция ден-соолугуна байланыштуу бейтапка керек болчу.Бир жуманын ичинде бейтап операцияга даярдалып, 26-майда эпидемиологиялык чектөөлөрдүн шартында, ага операция  жасалды.

"Кыйын шарттарда, аба  жетишпеген  костюмда, маскада жана респиратордо, дем алуу кыйын болуп, терден, көрө албаган,  кол каптардын сезгичтигин төмөндөгөн шартта да , операция ийгиликтүү болгон. Операция бир саат 15 мүнөткө созулду" дешет  алар. Борбордук клиникалык ооруканада, коронавирустук инфекциясы бар бейтаптар үчүн мындай операциялар Алматыда ушул клиникада гана жүргүзүлөт.

Буга чейин Борбордук клиникалык оорукананын айыгып кеткен дарыгерлери жумушсуз калгандыгы кабарланган. 3-майдан баштап оорукана жугуштуу көп тармактуу оорукана катары иштей баштаган. Штаттык таблицага ылайык, ооруканада 1037 кызматкер иштейт. Бүгүнкү күндө Борбордук клиникалык ооруканада 239  дарыгер иш алып барууда дешет, алар жугуштуу оорулар ооруканасында иштөөгө макул болушкан. Алматы коомдук саламаттыкты сактоо департаменти карантин мезгилинде башка медициналык уюмдарда жумушсуз калган оорукананын кызматкерлерине орун издештирүүдө.

Эпидемиянын жүрүшүндө Алматы шаарынын Борбордук шаардык клиникалык ооруканасында 263 медициналык кызматкерде коронавирус аныкталган.