Коронавирус: илимпоздор оорунун күчөшүн  тездеткен   гендерди аныкташты.

Коронавирус: илимпоздор оорунун күчөшүн  тездеткен   гендерди аныкташты.

Коронавирус пандемиясынын негизги сырларынын бири - кээ бир адамдар ооруну дээрлик эч кандай белгилери жок алып жүрсө, калгандары реанимацияда калышат.
Nature журналында жарыяланган, реанимация бөлүмдөрүндө жаткан 2 миңден ашуун бейтаптын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, алардын баарында Ковид-19 белгилерин күчөтө турган гендер бар экендиги аныкталды.

Коронавирустун дагы бир негизги белгиси

Бул, өз кезегинде, иммундук системанын иштен чыккан жерин так аныктап, жаңы дарылоону табууга жардам берет.

Мындай дарылоо, Падышалык Эдинбург ооруканасынын консультантынын айтымында, Genomicc долбоорун жетектеген профессор Кеннет Бейлинин айтымында, жаңы вакциналар иштелип чыкса дагы, жок болбойт.

"Вакциналар ооруну кескин кыскартууга тийиш, бирок, кыязы, дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер көп жылдар бою пациенттерди реанимация бөлүмүндө дарылоону улантышат, ошондуктан тез арада дарылоонун жаңы ыкмалары талап кылынат" дейт профессор Бейли.

Агрессивдүү клеткалар

Изилдөөнүн жүрүшүндө илимпоздор коронавирус диагнозу коюлган Улуу Британиянын ооруканаларындагы 200гө жакын реанимация бөлүмүндөгү бейтаптардын ДНКсын изилдешти.

Андан кийин бул адамдардын геномдору мүмкүн болгон айырмачылыктарды аныктоо максатында дени-сак адамдардын геномдору менен салыштырылып, бир нечеси табылды. Алардын биринчиси TYK 2 гени болгон.

"Бул ген сиздин иммундук клеткаңызды агрессивдүү кылган системанын бир бөлүгү" деп түшүндүрөт профессор Бейли.

Бирок бул генде кемчилик болсо, иммундук система ысып кетиши мүмкүн, андан кийин оорулуунун өпкөгө коркунучтуу катуу сезгенүүсү пайда болот.

Мындай процесстерди ооздуктоо үчүн сезгенүүгө каршы дары-дармектер колдонулат (мисалы, ревматоиддик артрит), бирок коронавируста жардам бере алабы же жокпу, аны ири масштабдагы клиникалык сыноолор учурунда билүүгө болот.

Интерферон азбы?

Генетикалык айырмачылыктар сезгенүүдө маанилүү ролду ойногон DPP9 генинде жана вирустун репликациясынын алдын алган OAS генинде табылган.

Инфекциянын биринчи белгисинде иммундук системаны козгогон күчтүү вируска каршы молекула - интерферондун өндүрүлүшү менен байланышкан IFNAR2 гениндеги өзгөрүүлөр аныкталды.

Эгер организмде интерферон өтө эле аз иштелип чыкса, бул вируска артыкчылык берет, анын тез көбөйүп кетишине убакыт бар жана бул ооруну күчөтөт деп ишенишет.
Интерферонду дарылоо иретинде жазып берсе болот, бирок ДССУ клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча коронавирусу бар бейтаптарга өзгөчө оор формада жардам бербейт деген тыянакка келген.

Ошого карабастан, Нью-Йорктогу Рокфеллер университетинин профессору Жан-Лоран Казанованын айтымында, интерферондун таасирин изилдеген, аны кабыл алуунун башталышы маанилүү ролду ойнойт.

"Менимче, аны оорудан кийин биринчи, эки, үч же төрт күндөн кийин иче баштасаңыз, анда интерферон иштейт, анткени ал денедеги бейтап өзү өндүрө албаган молекулаларды берет", - дейт профессор Казанова.

Лондон императордук колледжинин генетиги доктор Ванесса Санчо-Шимизунун айтымында, генетикадагы жаңы ачылыштар оорунун биологиялык механизмдерин кылдат изилдөөгө мүмкүндүк берди.

Ийгиликпи же стратегиябы?

"Бул денедеги бир нерсенин туура эмес болгон учурун аныктай алганда, ультра-так медицинанын жакшы мисалы" деди ал . "Бул генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжалары терапиялык кийлигишүү жолдорун аныктоого жардам берет."

Геномикалык долбоор жана башка бир катар изилдөөлөрдүн натыйжасында оорунун катуу белгилери менен тыгыз байланышкан хромосома-3төгү ген кластери аныкталган, бирок бул процесстердин биологиялык тек-жайы али тактала элек.

Ошондуктан, генетиктер илим-изилдөө ишине катышкан бейтаптардын чөйрөсүн кеңейтүүнү көздөшүүдө.

"Биз бардык пациенттерге кызыкдарбыз, бирок биз өзгөчө оор дартка чалдыккан бейтаптардын арасында пропорционалдуу эмес этникалык азчылыктардын өкүлдөрүн көргүбүз келет" дейт профессор Бейли. "Мындан тышкары, бул ооруну дарылоонун жаңы ыкмаларын тезинен табуу керек жана биринчи кезекте эмнени баштан өткөрүү керектигин туура тандоо керек, анткени бизде каталарга убакыт жок".дейт профессор.