Короновирустан арылдык деген Кытайда оорунун жаңы учуру катталды.

Короновирустан арылдык деген Кытайда  оорунун  жаңы  учуру катталды.

 Кытайдын Шулан шаары коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын көбөйүшүнөн улам жабылды, деп билдирет Би-Би-Си.
Акыркы сутка ичинде шаарда COVID-19 инфекциясынын 11 учуру катталды - бардык бейтаптар кир жуучу жайдын биринде иштеген аял менен байланышкан. 45 жаштагы бейтап буга чейин эч жакка барып көрүнгөн  эмес.
Шуландагы бардык коомдук жайлар жабылып, коомдук транспорттор токтотулган. Тургундарга үйдө калууга буйрук берилди.
Шулан Цилин провинциясында, Түндүк Кореяга чектеш жерде жайгашкан. Расмий бийликтердин айтымында, вирус жуккан учурлар катталган жок.
Мындан тышкары, акыркы бир күндө Кытайдын Ухань шаарында коронавирус инфекциянын учуру беш жолу тастыкталды, деп билдирет РИА Новости. Шаардагы узак тыныгуудан кийин, жергиликтүүлөрдөгү инфекциялар экинчи күн катары менен катталууда. Буга чейин Кытай бийлиги Ухандагы ооруканаларда COVID-19 менен ооруган бейтаптар калган эмес,- деп билдирген эле.
Азыркы учурда Хубэй провинциясында вирустун 615 асимптоматикалык алып жүрүүчүсү медициналык көзөмөлдө турат.