Кош бойлуумун, бирок жигитимдин үй бүлөсү бар экен..!

Кош бойлуумун, бирок жигитимдин үй бүлөсү бар экен..!

 

Урматтуу, редакция айлам түгөнүп, аргам куруганда сиздерден кеңеш сурап жатам. Жогорку окуу жайлардын биринде окуйм. Мен жигитим менен кокусунан тааныштым. Анан эле экөөбүздүн  ортобузда ысык мамиле башталды. Бирок, ал мага үйлөнөм,-деп айтпады. Ошентип анын үйлөнүү туурасында сунушун күтүп жүргөнүмдө курбу кызым,- сен андан боюңа болтурсаң анан айласы жок үйлөнөт, экөөң бириңди бириң  жакшы көрөсүң да,- деп кеңеш берди, Мен  курбумдун айтканына ынанып, жигитим менен үй-бүлөдөй эле жашап калдым. Кош бойлуу болуп калдым. Боюмда бар экенин айтсам  ал, асман айдан секирди, -жок болбойт, акча таап берем, аборт жасатасың,-деп  так кесе айтты. Менин айткан сөздөрүм анын кулагынын сыртынан кетти. Бир маалда, баарына өзүң күнөөлүсүң, менин үй бүлөм, кызым, уулум бар,-дебеспи, асман урап, түшкөндөй эле болду. Акмак, деп аны стол менен чаап жибериптирмин. Ал унчукпай туруп кетти да, кетип баратып,-жолуккан эркек  менен жата берген күнөө өзүңдө дебеспи,  мен дагы өлдүм. Курбу кызымды  ушунчалык жек көрүп, жемеледим.Өзүмдүн акылсыз, оома экенимди биринчи жолу сездим.Күндөр мага ушунчалык супсак, айлам жок, жашап жүрөм. Аборт кылдыргандан корком, кийин балалуу болбой калсамчы, төрөп алайын десем, атам  бир облуста жетекчи кызматта иштейт, өтө катуу адам, апам болсо атамдын сөзүнөн чыга албайт.Аларды жер караткым, сөзгө сындыргым келбейт.Адамдарга  да болгон ишеничим өлгөн. Бирок, адамдын баары эле бирдей эмес да  балким, адамкерчиликтуу бирөө жарымы чыгып  калаар бекен, балким алардын кеңеши  мени  ушул оор учурдан алып чыгаар,-деген үмүт менен ушул катты жазып отурам. Кээде, асынып алгым келет. Бирок апамды, атамды бир туугандарымды аяйм.  Мен  өлгөндөн кийин деле алар менин кош бойлуу экенимди эртеби, кечпи билип калышсачы? Алардын намысы эмне болот? Кеңеш айтып, жардам берип коесуздарбы?  Акак.

ПСИХОЛОГДУН  КЕҢЕШИ.

Негизинен  биздин элдин менталитетинде  калыптанып калган бир жагымсыз тенденция бар. Ал  жашоондогу  көпчүлүк проблемаларды башка бирөөлөрдүн чечиши.Мисалы,окуу жайга тапшыраарда да кесип,  тандоодо да ата энелер чечкени, көп кездешет. Буга албетте,  ар бир ата, эне .күүнөөлүү десек болот. Баланы өз алдынчалыкка үйрөтпөгөнү, алардын ордуна бардык нерсени өзүлөрү чечкендигинде.Балким, биздин элибизде мындай тарбия болбогондо, курбу кызыңыздын  кеңеши менен келишпесиңиз мүмкүн эле. Албетте, мунун баары  сиздин башыңыздан өткөн нерселер болгону, окуянын жагдайын гана дагы бир жолу эскертип коеюн дегеним.Ал эми жашоо менен кош айтышуу жөнүндө да ойлонгонуңүз туура эмес, анткени ар бир адам жашоого акылуу. Муну менен эч кандай проблема чечилбейт, болгону жакындарыңызды ата-энеңизди, бир туугандарыңызды гана кайгыга саласыз.Анан бойдон алдырганыңыз да туура эмес, анткени кийин балалуу болбой калышыңыз толук мүмкүн. Мындай кеңеш сурап көптөрү кайрылышат, Кийин жолугуп, сиз учурунда туура эле кеңеш берген экенсиз,-деп рахматын айткандар да бар. Бойдон алдыруу үч уктаса түшүңүзгө кирбеши керек. Ата энеңиз качандыр бир кечирет, анткени ата эне, баласын эч жамандыкка кыйбайт, экинчиден  эртеби, кечпи баары бир баласын кечирет. Мындайлар жашоодо өтө эле көп кездешээрин билебиз. Чөгө бербей жашоону кайра  жаңы барактан баштоого аракет кылышыңыз керек.Анткени сиздин жашооңуз али алдыда. Ал эми жигитиңиз жөнүндө таптакыр унутканга аракет кылып, аны жашооңуздан сызып салыңыз.Анын да жашоосу өзүнчө.Ошондуктан бекем эрк менен кайрат менен жаңы жашоонун барагын кайра ачыңыз. Сизге өзүңүздөн башка эч ким жардам бере албайт.

В,Мамбетова, психолог