Көз жөнүндө жомок. (поэзия)

Көз жөнүндө жомок. (поэзия)

Башы бүтүн боору,эсен ким бар эле?

Карыткан нечен нечен кылымдарды,

Пенделик кылып анын тааныштары,

Жайына жөн койбоду  өлгөн жанды.

Акыйкат муунтуп кирип келгенинде,

Намыстан өз өмүрүн кыйган жигит,

Айтылды туурасында нечен сөздөр,

Албы, ал көөп кеткен көрмөк аны,

Чындыктын узун тура укуругу,

Деп айтып ушул күнү көпчүлүк эл.

Кээ бирөө таба кылып касын көмдү,

Кээ бирөө ушул күнү көксөп ыйлап.

Жүрөктө сырын тыңдаар досун көмдү.

Ошентип кундөр өттү өз нугунда,

Айтылып өлгөн жигит туурасында

Бир күнү  капысынан сурап калды,

Таңданып атасынан бир жаш бала

Атаке дүнүйө  үчүн өлгөн адам,

Оокатсыз кантип жатат топуракта?

Карыя ак сакалын секин сылай,

Буларды баян этти ал уулуна.

Жашаган жалгыз кемпир кызы менен

А  кызы бойго жетип ырын ырдап,

Саамайга аппак жоолук баса салып,

Махабат толкунунда сайран курган,

Өзүмдүн үйдөн кеттим,насип башка

Деп ойлоп энесине белек кылып,

Алакандын отундай баштык сунган.

А кемпир, алымсынбай ыза болду,

А бирок баламдыкы деп ой жоруп,

Тагдырдын мунусуна каниет кылган.

Тапканын ташыганын эч коротпой,

Баштыкка сала берди,ошол кемпир,

Билибей баштык түбү кайда экени,

ООкатка эч убакта толбой жүрду.

Кыракы бир карыя муну угуп,

Баштыкка кичинекей топо салат,

Түбү жок толбой койгон тээ баягыл,

Баштыкка оокат батпай толуп калат,

А көрсө айлакер кыз ал баштыкты,

Тигиптир адамдардын карегинен

Шондуктан дүнүйөгө эч бир тойбой,

Бир уучтай топуракка тойгон экен...

Айтылат андан бери бир мындай кеп,

Көңүлү тойсо дагы көзү тойбой,

Жаңылып өз жолунан адашкан көп...

 

kasymova.info