КРнын Өкмөтүнүн бүгүнкү кундөгү иштери

КРнын  Өкмөтүнүн  бүгүнкү  кундөгү  иштери

Айыл чарба продукциясын экспортко чыгарууга шарт түзүү - Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыт

Айыл чарба продукциясын  экспортко чыгарууга шарт түзүү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу  багыттардын бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы күзгү оруп-жыюунун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. 

«Чет өлкөлүктөр республикабызда өндүрүлүп жаткан экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып алууга кызыкдар. Экспортко чыгарууга шарт түзүү үчүн заманбап лабораториялар ачылууда, атайы техниканы лизингге алуу, жеңилдетилген насыя берүү боюнча программалар ишке ашырылууда. Мындай кадамдар мындан ары карай да улантылат. Биз өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү жана экспорттук потенциалын арттыруу үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүүбүз зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө экендигин, мындан тышкары ВСП+ макамын алганын эске салып, аталган механизмдерди натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын кошумчалады.

Муну менен катар Премьер-министр Жети-Өгүз районундагы фермерлер багып жаткан асыл тукум мал чарбачылыгын көрдү. 

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине дыйкан-фермерлер менен тыгыз  иш алып баруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусундагы ички жолдордун курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Ысык-Көл облусу боюнча 15 чакырым  жол капиталдык ремонттон өтүүдө. Өкмөт башчы Тоң районун Бөкөнбаев  айылындагы И.Тойчубеков жана Ж.Турусбеков  атындагы көчөлөрдү асфальттоо иштерин көрүп чыкты. 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бул эки көчөнүнүн узундугу 3 чакырымды түзөт. Учурда кум, шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча берген тапшырмасына ылайык, райондук борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин эсебинен оңдолууда. Жолдорду асфальттоодо сапатына өзгөчө көңүл буруу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Андан соң Өкмөт башчы Тоң районунун Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Кызыл-Туу айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу боюнча долбоор менен таанышты. Бул айылдарда таза суу системасы эскиргендигине байланыштуу суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу системасы жок жерлерде жаңыларын орнотуу пландалууда. Учурда долбоорлоо иштери жүрүүдө. 

Аймактардагы ооруканаларда кошумча орундарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө,- деп билдирди өкмөт башчы.

Аймактардагы ооруканаларда кошумча орундарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Тоң районун Кара-Коо айылындагы оорукананын абалы менен таанышкан учурда билдирди. 

Өкмөт башчы сегиз миңге жакын жаранды медициналык жактан тейлеген саламаттык сактоо мекемесинде санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышты. Дарыгерлердин айтымында, ооруканага кайрылган бейтаптар дары-дармекти дарыканадан эмес, электрондук негизде жеңилдетилген шартта алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Учурда электрондук кезек, телемедицина, оорулардын электрондук баянын иштеп чыгуу жумуштары жасалууда.
 Премьер-министрдин айтымында, коронавирус пандемиясына, бюджеттик тартыштыкка байланыштуу түзүлгөн кырдаалга карабастан, өлкө аймактарында көп жылдан бери иштебей турган медициналык мекемелердин имараттары ондоп-түздөө, калктын ден соолугуна кам көрүү, өмүрүн сактоого багытталган иштер-чаралар аткарылууда.Учурда республика боюнча 12 медициналык объектте куруу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул ооруканалар заманбап жабдуулар менен жабдылат. Жумуштар бектилген график боюнча жүрүүдө. Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө», – деп белгиледи Өкмөт башчы.
 Тоң районунун акими Данияр Арпачиевдин маалыматы боюнча, Кара-Коо айылындагы оорукананын экинчи кабатын толук бүткөрүү жумуштары башталды.
 Премьер-министр медициналык мекеменин оңдоп-түздөө иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Маалымдама: Тоң райондук аймактык ооруканасынын Кара-Коо бөлүмүнүн имаратынын курулушу 1985-жылы башталып, 1989-жылы 1-кабаты ишке киргизилип, 2-кабаты толук бүткөрүлбөй калган. Экинчи кабатынын бөлмөлөрүнүн ички жасалгалоо, сантехника, жылытуу жана электр системалары орнотуу, эшик-терезелерин, чатырын жаңыртуу алмаштыруу жана ремонт иштери үчүн Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 8,0 млн.сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошону менен бирге дагы кошумча 8,0 млн.сом Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүү каралууда.

Республикалык штаб: Баткен жана Жалал-Абад облустарына медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин көңүлүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы көрүлүп жаткан чараларды күчтөндүрүүгө бурду.

«Аталган эки аймактагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Аталган облустарда ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жкшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын бардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоосу тийиш. Күз мезгилине карата өлкөдө медикаменттердин тийиштүү запасы болушу керек. Сиздердин алдыңыздарда ошондой эле калкты сапаттуу жана ыкчам эмдөө боюнча кампанияны жүргүзүү маселеси турат», - деди Өкмөт башчы.