Күндүн жаңы жарылуусу Жердеги  интернетти  өчүрүп салышы мүмкүн...

Күндүн жаңы жарылуусу Жердеги  интернетти  өчүрүп салышы мүмкүн...

Күндүн жаңы жарылуусу жердеги  интернетти өчүрүп салышы мүмкүн.
Көп өтпөй, Күндүн жарыгы пайда болуп, ал жердеги көптөгөн шаймандарды бузуп, интернеттин өчүп калышына алып келет. Ал эми планетанын бардык бурчтарындагы адамдар укмуштуудай кубаттуулуктагы Түндүк жарыктарын көрө алышат.

Астрофизиктер жакынкы 100 жылда Күндүн кубаттуу  жарылуусу  пайда болуп, адамдар үчүн  кесепеттерди алып келиши мүмкүн дешет. Бул тууралуу Американын The Astrophysical Journal илимий журналында жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыктарында айтылат.

Гарвард университетинин астрофизиктери  күндүн акыркы жарылуулары жөнүндө бардык маалыматтарды анализдеп чыгышты. Анализ боюнча, жыйынтык  чыгарылды, жакынкы 100 жылда, күндө күчтүү алоолонуу пайда болот. Бирок, жарылуунун  жакынкы 10 жылда пайда болушунун 12% ыктымалдыгы бар.

Жарылуу  күчү боюнча 1859-жылдагыга окшош болот. Андан кийин "Каррингтон окуясы" деп аталган геомагниттик бороон болгон. Табигый аномалия телеграфтарды бузган. Ал убакта башка шаймандар болгон эмес. Геомагниттик бороондун күндөрү дүйнө жүзү боюнча элдер Түндүк жарыктарын байкап турушкан. Жарык ушунчалык күчтүү болгондуктан, айрым жерлерде түнкүсүн да күндүзгүдөй  жарык болуп турган.

Күндүн жарылуусу техногендик аварияларга алып келет, кыймылдаткыч аппараттар (анын ичинде учактарда жана башка унааларда) иштебей калат, АЭСтердеги муздатуу тутумдарынын иштен чыгуу коркунучу бар. Кыязы, интернет өчүп калат. Ден-соолукка коркунуч бар - радиациянын деңгээли кескин көтөрүлөт.