Лукашенко Путинди жеке кызыкчылыгы үчүн шантаж кылат.

Лукашенко Путинди жеке кызыкчылыгы үчүн шантаж кылат.

Беларуссиянын лидери Александр Лукашенко чеберчилик менен Россиянын  талуулуу жерине басым жасап, жеке кызыкчылыгы үчүн Кремлди шантаж кылып жатат. Бул тууралуу саясат таануучу Богдан Безпалко билдирди.

Анын ою боюнча, Беларуссия лидеринин президент бойдон калышын каалабагандарга каршы туруудан башка арга жок. Демек, Лукашенко үчүн Европа Биримдигин таануу маанилүү эмес деп эсептейт Безпалко.

Москвадан экономикалык жардам гана Беларуссиянын лидери үчүн өтө маанилүү. Ал Россиянын жетекчилигин шантаж кылып, Кремлдин  талуу жерине чеберчилик менен кысым көрсөтүп жатат, мисалы, энергетикалык ресурстарды Европага транзиттөө, деп белгиледи саясат таануучу.

Эксперт Владимир Путин менен Сочидеги сүйлөшүүлөргө чейин Беларуссиянын лидери Минск Варшава менен Дружба эстакадасы аркылуу мунайды артка кайтаруу боюнча макулдашканын айткандыгын эске салды. Бул Кремлге кысым жасоонун элементтеринин бири.

Ошентип, Лукашенко Россиянын энергетикалык ресурстарынын Батышка транзиттелиши ага байланыштуу экендигин ачык айтты. Бул жагдайды  Москва  көтөрө албайт, эгерде бул жолго бара албаса  Москва экономикалык жана имидждик жоготууларга учурайт, айрыкча кризис учурунда деп ишенет Безпалко.

Саясат таануучу Беларуссия аркылуу энергия ташуучулардын транзитиндеги көйгөйлөрдөн келип чыгуучу жоготууларды ондогон миллиард долларга баалаган. "Ал эми Александр Лукашенко ушуну колдонот. Жеке бийлиги үчүн ал ушундай шантажга барат", - деди саясат таануучу Ukraina.ru порталына берген маегинде.

Эске салсак, 14-сентябрда Сочиде Владимир Путин менен Александр Лукашенко сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ага чейин, август айында мамлекет башчылары бир нече жолу телефон чалышкан. Москва Минскиге 1,5 миллиард доллар насыя берүүгө макул болгон.

Беларуссия Россиянын ири карызкору. Минск Москвага болжол менен жети миллиард доллар карыз. Александр Лукашенконун айтымында, жаңы насыянын олуттуу бөлүгү эски карыздарды реструктуризациялоого жумшалат.