Маркумдун элине кылган эмгеги унутулуп, акчага алмашылдыбы..?

Маркумдун элине кылган эмгеги унутулуп,  акчага алмашылдыбы..?

                         Атактуу куруучунун аты эмнеге алынып калган?

 Кырк беш жылдык журналисттик  кесибимде эл-журтуна эмгеги сиңген жүздөгөн белгилүү инсандардын эмгегин даңазалаган макалаларды мурдагы “Нарын правдасы,”  азыркы “Теңир Тоо” гезитине жазып келдим. Алардын арасында Нарын механикалаштырылган көчмө колоннасынын бригадири, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу, көптөгөн мамлекеттик  жогорку  сыйлыктардын ээси, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кещешинин эки жолку депутаты, бейиши болгур  Мамед Мурзабеков да  бар эле.  Мындан 33 жыл мурда  Москва чөлкөмүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда иштеп жатканында капилет кырсыктан 55 жашында каза болгон  куруучунун  аты  Нарын шаарынын бир  көчөсүнө жана №87 кесиптик окуу жайына ыйгарылган.  Мени соңку  жылдары окуу жайдын дареги жазылган тактадагы “Мамед Мурзабеков  атындагы” деген жазуунун жок болуп калганы кабатырлантып, чоо-жайын билмекке журналисттик иликтөө жүргүздүм. Акыры чыркыраган чындыктын бети ачылды. Эмесе, кеп учугу андан ары улансын.

               Баардыгы мыйзам чегинде болгон

      Алгач журналисттик иликтөөдө кесиптик лицейге  Мамед Мурзабековдун атынын  берилгендигинин мыйзамдуулугун билмекке Нарын облустук мамлекеттик архивинен мындай маалымат алдым. Анда 1988-жылдын 30-ноябрындагы Эл депутаттарынын Нарын шаардык аткаруу комитетинин №281 чечими менен (төрагасы Асанбек Кермакуновдун колу коюлган)  Кыргыз Республикасынын эмгек сищирген куруучусу Мамед Мурзабековдун ысмын  Нарын шаарындагы  Дмитров атындагы көчөгө жана №87-кесиптик-техникалык окуу жайына ыйгаруу тууралуу   чечими менен тааныштым. Иликтөө учурунда кимдир бирөөлөрдүн Мурзабеков  иш үстүндө каза болгондо эле чоңдор коркуп кетип  шашылыш атын берип коюшкан, бирок, документ жүзүндө андай болгон эмес деген чын-бышыгы төгүндөлбөгөн аңыз кептин жалган  экенине  ынандым.

         Кесиптик лицейдин эмгек жамаатынын айрым мүчөлөрү  Мамед Мурзабековдун  балдарынын көп жылдар бою окуу жайы менен байланышпай, демөөрчүлүк кылышпай койгонуна нааразы  болушуп, атын алдыртып коюуга аракеттенишкен. Бирок,  тийиштүү органдар тарабынан канааттандырылбай  калган. Бул тууралуу  Нарын шаардык Кещешинин  2015-жылдын 12-мартында болуп өткөн №87 кесиптик лицейге  Дөөтов Дайырбектин  ысымын ыйгаруу боюнча сунушун караган  №6 протоколу менен таанышканда билдим.

         Отурумда күн тартибиндеги маселени талкуулоого катышып, сөз сүйлөшкөн  кесиптик лицейдин деректири Т. Кочкорбаева (протоколдо комиссиянын чакыруусу менен келгендиги жазылган), мугалимдер  Т. Кутманов, Ж. Турдалиева, мастерлер Т.Акматов, К. Жоошов, китепканачы К.Жутабаева жана  Серкебаева бул маселе тууралуу өз ойлорун  айтышыптыр. Анда эмгек жолун аталган окуу жайдан баштап деректирлик кызматка чейин көтөрүлгөн  (Ред: Кыргыз ССРинин кесиптик билим берүүсүнө эмгек сищирген кызматкери,  Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси) Дайырбек Дөөтовдун атын ыйгаруу туура деп табышкан.  Ал эми деректир Турсун Кочкорбаева окуучулар Мурзабеков тууралуу эч нерсе билишпегендигин, уставда жоктугун өкмөт бекиткен чечим боюнча гана  аталып жүргөндүгүн айткан. Алардын арасынан мастер Т. Акматов гана  Мамед Мурзабековдун  эмгегин баса белгилеп, Дөөтовдун атына   которулушуна каршы экендигин билдирген.

      Айтмакчы заседаниеде наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү  Ж. Көкөтаева менен  М. Жолдошбеков бул маселени  шаардык Кещештин мыизамдуулук боюнча комиссиясы менен биргеликте чечиле тургандыгын билдиришкен. Арадан көп убакыт өтпөй, тактап айтканда 2015-жылдын 4- апрелинде  эмгек жамаатынын  М. Мурзабековдун атын которуп берүү тууралуу  каты Нарын шаардык Кещешинин алдындагы тиешелүү эки туруктуу комиссияларынын отурумунда талкууланып, буга чейин лицейдин ысмын алып жүргөн  М.Мурзабековдун  атын өзгөртүүгө эч кандай негиз жок экендиги жана Д. Дөөтовдун атын коюуга мыйзам жол бербестиги тууралуу чечими чыгарылган.  Нарын шаардык Кещешинин төрагасы Эрмек Турсуналиевдин  колу коюлган  отурумдун протоколунда окуу жайдын мөөрүн жасатуу жана иш кагаздарын мурдагы чечимдин негизинде жүргүзүлүүсү керектиги тууралуу деректир Т. Кочкорбаевага  милдеттендирген кат жиберилген.

        Журналисттик иликтөөдө мына ушундай  далилдүү жагдайлар аныкталган. Мыйзам чегинде аныктаган архивдик мындай маалыматтар менен кабардар болгон соң кезегинде Нарындын атын алыска тааныткан атактуу куруучунун ысмынын эмне себептен алынып калганын  билмекке   №87 кесиптик лицейдин эмгек жамааты менен жолугушуп,  пикирлерин уктум.

                               Документтерди  кайра жаңыртканда билинди     

            Аталган окуу жайды  үч жылдан бери жетектеп келе жаткан Байыш Турганбаевдин айтымында, бул кызматка жащыдан келгенде  уставда, мөөрдө Мамед Мурзабеков атындагы №87 кесиптик лицей деп аталган. Кийин Кесиптик билим берүү агенттиги Эмгек, ишке орноштуруу жана  Миграция министрлигинен   Билим жана илим министрлигине кошулгандыгына байланыштуу  окуу жайды  кайрадан аккредитациядан  өткөрүп, лицензия алуу үчүн  тийиштүү документтерди даярдап аталган министрликке  алып барат. Адистердин кароосунан  өтүп,  каттоодон  өтүүгө макулдук берилгенден кийин документтерди Нарын облустук юстиция башкармалыгынын жетектөөчү адиси Махабат Дөөтүгуловга тапшырат.

         -Мамед Мурзабековдун атынын мындан көп жылдар мурда  кандайдыр бир себептер менен алынып салынгандыгын ошондо билдим,-дейт Байыш Турганбаев.-Мага уставдын  мөөнөтү өтүп кеткендигин, буга чейин пайдаланылып келген  документтердин жараксыздыгын, түп нускасынын бери кайра өзгөртүү керектигин  бул боюнча мыйзам алдында жооп берилээрин,  эгерде ошол кезде  үч жылга чейин  Нарын шаардык  Кещеши аркылуу  кайра калыбына келтирилсе, баардыгы жаиында болоорун  айтып,  каттоодон өткөрүүдөн баш тартышты.  Бул иштин чоо-жайын   билмекке  колллектив менен пикирлешсем ошол кезде эки жаатка бөлүнүп, пикир келишпестиктер  болгонун мурдагы жетекчилик тарабынан  кандайдыр бир кемчиликтер кетирилгенин айтышты. Менимче, эл-жерине  татыктуу  кызматын өтөгөн белгилүү куруучунун  ак эмгеги көз көрүнөө тебеленип, аты алынып калбашы керек.  Учурда аккредитациядан өттүк, убакыт керек экен.  Буюрса эмгек жамааты менен акылдашып, макулдугун  беришсе тийиштүү документтерди даярдап, Нарын шаардык кещешине сунуштайбыз. Эгерде депутаттар  колдоп  беришсе, ысымы кайра кайтарылат,-деген Байыш Турганбаев жыйынга катышып олтурушкан  кесиптештерине бул маселе боюнча   чындыкты ачык айтууларын өтүндү. 

             Көмүскөдө  катылып калгандар ачыкка чыкты  

           Эмгек жамааты менен ийри олтуруп, түз кещешкен  ал жыйында  өздөрү айткандай, бири билип, бири  билбеген ачык айтканда адамдык абийирге да мыйзамга да туура келбеген  мындай жагдайлар  ачыкка чыкты.  Кесиптик лицейде 2001-жылдан бери иштеп келаткан деректирдин орун басары Зарыл Кулманбетова  кесиптештери Мамед Мурзабековдун балдары демөөрчүлүк кылышпайт деп күнөөлөшүп, атын алып салуу боюнча өткөрүлгөн чогулушта  каршы чыкканын айтып, ысымын  кайрадан  калыбына келтирилүүсү зарылдыгын  кошумчалады.

          -Мен бүгүн Мамед агабыздын  арбагынын алдында  өткөн-кеткендин баардыгын ачык айтып, ак сүйлөөгө милдеттүүмүн,-деп  күйүп-бышты орус тили жана адабияты сабагынын мугалими  Жыргал Турдалиева.-Шаардык Кещеште  Мурзабековдун атын которуу тууралуу  өткөн  чогулушка мен да катышкамын. Катышуучуларды депутат  Ж. Көкөтаева лицейдин  атын которуу тууралуу профсоюз уюмунун каты менен тааныштырганда  мында чогулуш болбогондугун  бул кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен болуп жаткандыгын айтып,  мурунку аты менен калсын деген пикиримди билдиргемин. Ал кезде азыркыдай колунда барлардын  же тынчыкма балдарынын байлыгы менен аттар коюлган эмес да. Ошол окуядан кийин  мага Дайырбек аганын байбичеси жолугуп калып:”Мамед  аке менин  жакын кайнагам, кошуна турабыз, атын алып салып Дайырбектикин коёбуз дегениңерге каршымын”-деген эле.

         Жыйында кесиптик лицеиде 32 жылдан бери эмгектенип келе жаткан китепканачы  Калича Жутабаеванын  көптөн бери көңүлүн өйүп жүргөн чыркыраган чындыкты ачык айтып, агынан жарылганы катышуучулардын көңүлүн өзүнө бурду. Ал өз сөзүндө  мурдагы деректир  Турсун Кочкорбаева кабинетине чакырып, Мамед Мурзабеков иш үстүндө каза болгондо чоңдор коркуп кетип эле мыйзамсыз  коюлуп калганын, архивде да тийиштүү документтердин  жоктугун, балдары да  спонсорлук кылышпагандыгын айтып, эгерде туура көрсөңөр менин атым коюлса дейм. Менин бул сунушума кандай дейсиң?-дегенде дароо макул болгонун  айтты.

       -Акыйкаттык үчүн айтсам чындыгында Турсун Кочкорбаева эл аралык коомдук уюмдардын колдоосу менен инвестиция тартып келип, көптөгөн иштерди аткарып жаткандыктан мындай сунушун кесиптештериме айтсам макул болушту. Документтерди даярдап алып, шаардык Кещештин төрагасы Ардак Көкөтаевге бардык. Бирок, ал буга  мыйзам жол бербестигин айтып, Турсунга Нарын шаарынын Ардактуу атуулу наамын берген-деп ал кездеги кетирген жаңылыштыгы үчүн кесиптештеринен кечирим сурады.

               Атамдын атынын мыйзамсыз алынып калганына  өкүнөмүн,

       - деп оор үшкүрүнгөн Новосибирскидеги  индустриалдык техникумду бүтүрүп келип, атасы иштеп кеткен кесиптик лицейде мастер болуп эмгектенген,  учурда  Нарын облустук СПИД борборунун оператору Жаныбек Мурзабеков атасынын мыйзамсыз алынып калган атын кайрадан койдуруу үчүн үч жылдан бери  баспаган жери, какпаган каалгасы калбай убараланып келгенине кейиди.- 1989-жылы ПТУда иштеп жүргөндө ал кездеги деректир Турат Мүсүралиевден музей түзгөнгө  бир бөлмөлүү кабинет сураса бербей койгонун, кийин Турсун Кочкорбаева Союз убагындагы чечим күчүн жоготту дегенин айтты.  

        -Атамдын  атынын алынып салынганын укканда бир туугандар (алты кыз, төрт эркекпиз)  ишенип-ишенбей капа болдук. Балдардын улуусу болгондуктан архивден тийиштүү документтерди алып келип, жергиликтүү бийликке кайрылдым. Алар кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз алынып салынгандыгын айтышып, бул иш кесиптик лицейдин эмгек жамаатынын сунушу шаардык депутаттардын колдоосу менен гана бүткөрүлөөрүн айтышкан. Тилекке каршы, үч жылдан бери лицейдин  азыркы деректири Байыш Турганбаевдин тил эмизген жообунан тажап  бүттүм. Аргасыздан  жогорку инстанциларга  кайрылсамбы,-деп турам.

  - Ыраматылык атам Жаныбек экөөбүздүн үйлөнгөнүбүздү көрбөй калды -деп   сөзгө аралашты келини Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымы  Бурулсун Баяманова.-1988-жылы каза болгондон үч айдан кийин баш коштук. Ошол кезде мамлекет тарабынын жакшы эле жардамдар берилип, чоңдор  үйгө келип ал-жайыбызды сурап турушчу. Москвовскийден үч бөлмөлүү  квартира берилип, биз жашайбыз. Атабыздын оор басырыктуу, адамкерчиликтүүлүгүн, дөөлөттү көтөрө билген карапайымдыгын атам менен бирге курулушта иштеген кайненем Дары Какеева айтып калаар эле.

       Кеп чынынан бузулбайт эмеспи. Кесиптик лицейдин мугалимдеринин: ”Балдары спонсорлук кылышпайт, окуучуларга стипендия беришпейт” деген дооматтарын четке какпайбыз. Себеби атамдын аты берилгенден үч жылдан кийин эле Союз ыдырап, кыйын заманга кабылып, шартыбыз болбой калды. Бирок мурдагы деректир Жеңиш Арыпбековдин айтуусу менен спорттук иш-чараларга спонсор болчубуз. Атамдын атынын алынып калганын угуп, Турсун Кочкорбаевага барсак  эч кандай документи жок экен, каза болгондо чоңдор өздөрү эле койуп калышыптыр дегенинен архивден документтерин алып барсак унчукпай калган. Калыстык үчүн айта кетейин. Турсун эже атабызга музейге койдуралы деген демилгебизди  колдоп, биз берген 50 миң сомго жакшы жасалгалатып берген. Азыркы деректир Байыш Турганбаевге атын кайрадан калыбына келтирүүнү эртелетип беришин, эгерде каражат керек болсо берээрибизди  өтүнүп, далай жолу кайрылдык. Ооба, документтерин бүткөрүп, шаардык Кещешке сунуштайбыз, бүткөрөбүз,- деп эле келатат. Үмүтүбүз үзүлгөндө адвокат жалдап, сотко кайрылсакпы деп жатканыбызда сиздер тараптан демилге көтөрүлүп калды. Атамдын арбагы ыраазы болсун.

      Автордон: Арийне, элде: "өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр   даңкталбайт”деген накыл кеп бар эмеспи. Атактуу куруучунун атынын эмнеге алынып салынгандыгын баяндаган бул макаланын соңуна чекит коюп жатып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, өз пикирибизди таңуулабастыгыбызды, тек гана журналисттик иликтөөдө айтылып-делгендерди баян эттик. Сөз соңунда кесиптик лицейдин эмгек жамааты бул маселеге акыйкаттык менен баа беришип, жакын арада баардыгы мыйзам чегинде чечилээрине үмүт артып туралы. Дегеним, ак ийилет бирок, сынбайт эмеспи...

  Бурулсун Дыйканбаева, журналист. Нарын шаары.