Марс планетасынын сырларын ачууга аракеттенишүүдө

Марс  планетасынын   сырларын   ачууга  аракеттенишүүдө

Окумуштуулар Марстын табышмактуу сүрөттөрүн чечмелөөгө аракет кылып жатышат. Азырынча аймакты изилдөө мүмкүн эмес.

NASAнын адистери Марстын бетинен биринчи жолу 2011-жылы Mars Reconnaissance Orbiter (MRO) космос кемеси тарткан сүрөттөрдү жарыялашкан. Aureum Chaos аймагынын жанында тартылган сүрөттөрдө адаттан тыш таштуу тоо кыркалары көрсөтүлгөн. Илимпоздордун башын айландырган ушул таштар.

Аризона университетинин адистери дээрлик 10 жылдан бери алардын сырткы көрүнүшүнүн сырын ачууга аракет кылып келишкен, бирок азырынча бул суроого жооп ала алышкан жок.

Окумуштуулар Марстын бетиндеги таштуу тоо кыркалары суунун, вулкандык активдүүлүктүн калдыктарынын жана миллиондогон жылдарды камтыган шамал эрозиясынын аркасында пайда болушу мүмкүн деп божомолдошууда.
Бирок бул теорияны иш жүзүндө текшерүү бир топ кыйын: мындай ландшафттын өзгөчөлүгүнөн улам ал жерге адамдарды же робот машиналарын кондуруу таптакыр мүмкүн эмес. Демек, илимпоздор бул табышмактуу тектерди изилдөөнүн дагы бир жолун ойлоп табышы керек.