Мен кечирсем да кыздарым кечире албай жатышат

Мен кечирсем да кыздарым кечире албай жатышат

Пайгамбар жашында ушундай эки оттун ортосунда  калам, деп эч убакта ойлобоптурмун. Эмесе, кеп башынан болсун. Жолдошум экөөбүз  көпкө сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Биринчи балабыз кыз болду. Атын Асель койдук. Ошентип биздин бактылуу жашообуз башталды. Жараткан бизге экинчи жолку перзентибизди берди. Ал да кыз болду. Ошентип беш кыздуу болдук. Бизге кудай  эркек баланы ыраа көргөнү жок. Бешинчи кызыбыдан кийин эле жолдошумдун  кыялы бузулуп, «кыз деген душмандын бүлөсү, эркек балам жок»- дей баштады. Ошентип, бир күнү каргашалуу күн келээрин сезип эле жүрдүм. Жолдошума эч нерсе деген жокмун. Чын эле эркек төрөбөгөндүгүм үчун өзүмдү күнөөлүү сезчүмүн. Ал 40 жашта, мен 35 жашта элем. Тун кызыбызды 20 жашымда төрөгөм. Асел ал учурда 15 жашта болчу. Жолдошум бир күну жумуштан келди да, кийимдерин чемоданга салыштырып, «мен кеттим, мага эркек бала керек»-деп жөнөй берди. Асель атасынын бутунан кучактап, «кетпеңиз, мен эркек баладан артык багам папа, чоңойсом, менин чоңоюшумду күтүңүз»деп ботодой боздоду, башка кыздарым да чыркырап, атасынын кетпешин суранып жатышты. Бирок, жолдошум  Аселди туртө тээп, бутун бошотуп, «мага кыз эмес, эркек  бала керек»-деп чыгып кетти. Мен кетпешин суранбадым. Анын эркек бала деген жүрөк дартын жакшы билчү элем. Ыйлап жаткан Асель тык токтоду да, "бул эшикти кайра ачып келбе, биз сага эч ким эмеспиз, эркек баландан жыргаарыңды көрө жатабыз» деди.Мен ошондо өз кызымдын кайратын биринчи көрүп, ыйлап да, таң калып да турдум. Ошентип  биздин жашообуз атасыз өтө баштады. Аябай кыйналдык. Жаш болсо да Асель мага тирек болду. "Апа, ушунун эркек баласынан жүз эсе жогору жашайбыз"-деп жашоого, атасына эрегишип жашады. Англис тилин күндөп, түндөп окуп, Европага окууга өттү. Ал жактан иштеп да окуп да жүрдү. Анан окууга сиңдилерин алып кетип, үч сиңдисин окутту. Кичүүсүн  Кыргызстандан  эле окутту, мени жалгыз калбасын,-деп. Анан окуусун бүткөндөн кийин чет мамлекетте калып  иштешип, тапкандарын чогултуп,ар бирине өзүнчө, мага өзүнчө, кичи ишканаларды ачып берди.Жашоо кудайга шүгүр. Жылыга курорт, санаторияламай. -Эркек бала керек,-деп кеткен жолдошум, эркек балалуу болуп,анысы чоңоюп, атасына кол салып, аялы да атыраңдап үйүнөн кууп чыгыптыр. Үйгө кечирим  сурап, башын жерге салып, "жарашалы, эшигинердин түбүнө эле түнөп жүрөйүн, макул болсоңор ишканаңарга  кароолчу болуп берейин"-деп келиптир. Муну уккан Асель," алтообуздун башыбызды аттап, бир эркек балага  зар болуп кеттиң эле, бутуңа жыгылсам, тээп кеткениң эсиңдеби, биз бири бирибизге жок адамдарбыз"-деп үйдөн кубалап чыкты. Башка кыздарым да ушундай сөздөрдү айтышты.Атасы кеткенде эки жаштагы кичүү кызым гана унчуккан жок. Анан Асель атасынын көзүнчө, "апа, эгер ушул киши менен кайра жашайм десен, бизден да кол жууйсуң"- дебеспи. Асель, бир айтканынан кайтпаган,беттегенин бербеген кашкөй мүнөзү бар. Балдарымдан кол жууп  калыштан корком, бирок жолдошума  да боорум ооруйт. Кечирейин десем,  кыздарым кечирбесин билем. Эки оттун ортосунда калдым. Мага экөө тең кымбат. Балким, кеңеш берээрсиздер?  Айжамал. Кара-Балта шаары.

ПСИХОЛОГДУН КЕҢЕШИ.

Айжамал айым, Асель кезинде оор психолгиялык учурга кабылыптыр. Анткени тирегим, -деп ишинип жүргөн атасынын мамилеси анын  жан дүйнөсүн талкалаган. Дагы жакшы, мүнөзү күчтүү экен, өзүнүн күчү менен оор кырдаалды жеңип, максатына жетиптир. Сиз айтканыңызга караганда жолдошуңүз жок, 20-25 жылдай кыздарыңыз менен чогуу жашаптырсыз, эми ошол  кырдаалды бузбашыңыз керек.Кыздар атасын, канча кысымга алсаңыз да  кечире алышпайт. Себеби, алардын көңүлү атасынан абыдан эле калып калган. А жолдошуңүз болсо силерсиз жашоого көнүп калган, ал ошондой эле жашоосун уланта бергени дурус болот. Эгерде жолдошуңүзга карап, аны киргизип алсаңыз,  кыздарыңыз менен мамилеңиз бузулат, кыздарыңыз сизди да кечирбейт. Кыздарыңыздан алыстап кеткенче, жолдошуңүз менен эле алыс жашаганыңыздан өтөөрү жок.

 Психолог.