Муса Баетовдун кызы Рая Баетова- ата тукумун улаган кыз...

Муса  Баетовдун  кызы  Рая  Баетова- ата тукумун улаган кыз...

Рая Баетованы Нарын дубанынын эли, жалпы эле маданият коомчулугу маданият тармагына өмүрүн арнаган мыкты инсан, кыргыз элинин мекенчил жараны, бийик адамгерчиликтүү, ажарлуу аялзаты катары билишет. Эң башкысы ал көпчүлүккө тоо булбулу аталган, керемет үндүү обончу, ырчы, “Кыргыз ССРинин эл артисти” Муса Баетовдун кызы катары таанымал. Төмөндө Рая Баетова менен маекке орун берсек.

- Рая Мусаевна, өз сөзүңүздө дайыма “жетим өсүп, жетилдим” деп айтып каласыз, апаңыз тууралуу адегенде эскерип өтсөңүз. Бала чагыңыз кайда, кимдер менен өттү?

- Атам менен апам мен кичинекей кезде эле ажырашып кетишкен экен. Атамдан он төрт жашымда калдым. Ага чейин Байгөнчөктө Чодолдой деген чоң атамдын колунда чоңоюп, кийин 1-класска киргенде атама Фрунзеге бардым.

- Апаңыз менен кийин байланыштыңызбы?

-Апамды бир эле жолу көрдүм. Мен ага жолукканда ырахматымды айттым. Өзү Тоголок Молдо айылынан экен, кийин Токтогул районуна турмушка чыгыптыр. Катташкан деле жокпуз. Апам мени бир айлыгымда таштап кетиптир. Ал кезде машиналар дагы жок экен. Фрунзеден Абдыкалык Чоробаев ата мени атка өңөрүп, Ак-Талаага жеткирген экен. Чодолдой атам мени чоңойтту, апабыз абдан жакшы адам болчу. Улуу Ата Мекендик согуш убагында мен Байгөнчөктө элем, үч байкем согушка кеткени, алардын үчөө тең, жездем кайтпай, суук кабар келгени эсимде. Эжелер, жеңелер менен кибиреген балдар жумуш кылып, машак терип, козу, эчки кайтарчубуз.

- Муса ата майданга чакырылды беле?

- Солдат катары согушка катышкан жок, бирок, фронттук-концерттик бригада менен 1943-1944-жылдары Белоруссия-Украина фронтунда болушкан. Солдаттарга жолугушуп, ырдап жатышканда пулемёттордун үндөрү угулуп турчу деп эскерчү. Атабыз ошондо:

 “Манас бабам сыяктуу,

Аттанып улуу майданга,

Берлинге кызыл туу сайып,

Берендер кайткын айлыңа” деген ыр чыгарып, солдаттардын алдында ырдап, аларга дем-күч, кайрат берген экен.

-“Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн” демекчи, Муса ата көз жумгандан кийин аны менен замандаш болгон, үзөңгүлөш жүргөн улуу адамдар сизге ал тууралуу кандай эскерүүлөрдү айтышчу эле?

-  Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин аны менен бирге иштешип жүргөн Калык ата, Молдобасан ата, Алымкул ата, Мыскал эжелер менен көп кездешчүбүз. Алар: “Арабызда Мусакемдей адам жок. Ушундай ак пейил, кичи пейил адам эле. Мусакемди дайым жоктойбуз, ал жок биз бөксөрүп калдык” деп айтышаар эле.  Атамдан 14 жашымда жетим калдым. Болгондо дагы өгөй эненин колунда. Ошол кезде өкмөт тарабынан атабыз үчүн пенсия чегерилип берилип, аны өгөй энем алчу. Мыскал Өмүрканова, Касымалы Жантөшев, Шаршен Термечиков аталар менен артисттердин көп кабаттуу үйүндө кошуна жашачубуз. Шаршен Термечиковдун байбичеси Маана апа мага боору ооруп, өкмөткө барып: “Мусанын кичинекей кызы жалгыз калды, жетим калды, ушуга көз салбайсыңарбы” дегенде “Окуу жайын бүтүп, жогорку билим алгычакты берилсин” деп, пенсияны мага чектеп беришиптир. Маана апа мага жардам берип турду.

- Ленинградда кандайча окуп калдыңыз?

- №5 мектепте окучумун, классташтарым Аскар Какеев, Төлөмүш Океевдер. Ошол кезде мамлекеттин башында турган Исхак Раззаков агабыз: “Бизге билимдүү жаштар керек, №5 мектептин 7-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн кыздарын  №12 орус тилдүү кыздар мектебине, эркек балдарды орус тилдүү №6 мектепке которуп окуткула” деп буйрук чыгарыптыр. “Мектепти бүткөндө бул балдардын баарын тең советтер союзунун борбордук жогорку окуу жайларына окутабыз” деген экен. Андан кийин бизди жогорку окуу жайларына жөнөтүштү. Төлөмүш Океев экөөбүз Ленинградга туш келдик. Калган кыздар-балдар Москвага кетишти. Ленинградда жакшы окудум, стипендия, ошондой эле атама пенсия дагы алып аттым. Ал кезде турмуш кыйын эле болчу. Ленинградда окуган балдар-кыздар чогулуп алып, курсактары ачканда мага келишчү.

Андан соң Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинин музыкалык редактору болуп иштеп турганымда Ашыраалы Айталиевдин, Зейнеп Шакееванын, Рыспай Абдыкадыровдун аткаруусундагы көптөгөн ырлар “Алтын фондго” жазылган. Бир жолу Ашыраалы Айталиевдин “Нарындан жазган салам катын” пленкага жаздырып, Казакстандын радиосуна барып калганымда, белек кылдым. Ошондон кийин казак ырчыларынын көбү “Нарындан жазган салам катты” ырдап чыгышты. Радиокомитетте бир топ жыл иштедим. 1969-жылы Кыргыз Илимдер Академиясында Кыргыз энциклопедиясынын редакциясы ачылып, мени жумушка чакырып башташты. Ал жакта эки жыл иштедим.

-Нарынга келип иштөөңүзгө эмне түрткү, эмне себеп болду?

-Жолдошторумдун, кызматташтарымдын баары мени тамаша кылып “чала орус” дешчү. “Нарындыктар көчмөнсүңөр, баягы эле бойдонсуңар, маданиятыңар төмөн”  – дешсе, мен аябай арданчумун. 1971-жылы Нарын облусу кайрадан уюшулуп, көптөгөн иштерди аткаруу керек эле. Андыктан, эли-журтума келип, атамдын иштеген ишин улантып, Нарын элинин маданиятын көтөрөйүн – деп алдыма максат койдум. Кандидаттык ишим дагы бар болчу, жетекчим академик Азиз Салиевич эле. Темам укмуш, эмдигиче ошол тема жазыла элек. “Чынгыз Айтматовдун чыгармалары искусствонун синтезинде” – деген. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын адабиятта, кинодо, живописте иликтөө эле. Борборго чакырышты, бирок, көздөгөн максатымды айттым.  

-1971-жылдан 1975-жылга чейин Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганыңызда дагы көптөгөн иштерди аткарыптырсыз. Шакирттериңиздин арасында Нурак Абдракманов дагы бар экен...

- Мен Ак-Талаага келгенде Маданият үйүнүн имараты бүтө элек экен, немис курулушчуларын таап, курулушун бүткөрттүм. Нурак Абдыракманов Тоголок Молдонун Маданият үйүн тейлечү экен, аны чакырып келип, Ак-Талаанын Маданият үйүнө директор кылдым. Ал жактан мага үй беришкен, аны өзүм албай, Нуракка бердим, ал үй-бүлөсү менен көчүп келди. Рыбачьеде жүргөн акталаалык Кайыпбек Султангазиевди чакырып, художник кылдым. Маданият үйү учурда Кайыпбек Султангазиевдин ысымын алып жүрөт. Ак-Талаада таланттар көп, аларга музыкалык сабат бериш керек болуп калды, ушул себептен музыкалык мектеп ачтым. Бүгүнкү күндө мектеп Нурак Абдыракмановдун атында. Бул мектептен искусствого эмгек сиңирген көп өнөрпоздор, маданият кызматкерлери тарбияланып чыгышты. Кайрадан Нарынга келип, маданият тармагын облустук деңгээлде көтөрүүгө өз салымымды коштум. Ошол кезде Нарын өрөөнүнүн таланттары дүңгүрөп турган кез болчу. Облус республикада биринчиликти берчү эмес. Айылдык клубдардын өздүк көркөм чыгармачылыгы ошол учурда жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Ошол убактагы маданияттын жогорулашында менин үлүшүм бар деп мен өзүмө ыраазы болом.

- “Сенин ишиңди өзүңдөн кийин кызматка келген адам андан да жакшы улантып кетсе, бул бакыт экен. Мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм” – деген сөзүңүз бар. Чын эле ошондойбу?

- Ооба, маданият тармагында бүтүндөй облус боюнча менин ишимди улантып кетишти, мен Кудайга тобо келтирем, ыраазымын. Бардык райондордо сонун иштер биринен бири өтүп жасалды. Мен маданият кызматкерлерине дем бердим го, азыр маданият облусунун маданияты башка облустарга караганда бийик.  

- Азыркы К.Мамбеталиева атындагы мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейди кандайча түптөп калдыңыз?

- Корчубек Акназаров  менен Жуман Акималиев чакырып, “Республиканын бардык облустарында музей бар экен, Нарынга дагы музей керек, аны ачууну сага тапшырдык, коммунисттик тапшырма” – дешти. Министрликтен 100 миң рубль которттурдум, штаттарды алдым. Анда имарат дагы жок. Россиянын Краснодарынан “УАЗ” айдатып келдим, дөнгөлөк үстүндөгү музейди уюштурдум. Облусту кыдырып, экспонат чогулттук. Барган жерибизде эле апалар, “Мусакемдин кызы, өзүбүздүн кыз келген турбайбы” – дешип, сандыктан “өлүмтүгүмө сактадым эле, музейге керек болсо, берели” деп каткан шуруларын, мончокторун берип жатышты. Атамдын арбагын сыйлап, музейдин эл үчүн кызмат кылаарын түшүнүп, араң баскан, карыган апалар “Өлүмтүгүмө сактадым” эле десе, жүрөгүм зырп-зырп дей түшчү. Музейди азыр көрүп жатасыңар, “башка музейлерде ушундай буюм-тайымдар жок” деп сырттан келгендер көп айтышат. Бирок, мен алып келген экспонаттардын айрымдары жоголуп кеткенин кийин барганымда билдим.

- Бул учурда бут тоскон, музейдин экспонаттарын алып кетишкен адамдардын ысымдарын ачык айтып бере аласызбы?

- Айтып бере алам. Бирок, кереги жок. Обкомдогу бир жетекчинин иши болуп калды. Айтышкан, менин ордума келген жетекчиден кызматка орноштуруу үчүн жылкы алыптыр. Ал деле “аны бер, муну бер” деп улам сурап, тажатышкандыктан, кызматтан бир жарым жылдан кийин кетип калды. Андай иш Кудай алдында, эл  алдында деле күнөө да.

    Мени болсо “бул Баетова жедирбейт” – деп туруп, кызматтан кетиришти. Бир күнү жумушка келсем, музейдин эшиги бек, мени киргизбеш үчүн чаптап коюшуптур. Алдында бир топ киши турат.  Ошол бойдон кеттим дагы, инсульт болдум. Ага чейин өмүрүмдө ооруп, бюллетень алып көргөн эмесмин. “Баетова жеп-ичти” деп комиссия түздүрүшүптүр. Комиссия текшергенде таптаза чыгыптыр, ал тургай экспонаттар ашык болуп чыкты– дешиптир.

- Инсульттан кийин кантип бутуңузга туруп кеттиңиз?

- Инсульттан кийин майып болуп төшөккө жатып калгандар көп. Мен комага түшүп калыптырмын. “Адам болбойт, о, дүйнөгө кеткени калды, даярдана бергиле” дешиптир, врачтар. Өзүмө келдим, оңолуп кеттим, иштеп калдым. Инсульт болуп айыкканымдын себебин бир нерседен көрөм да. Ошол учурда уулум Канат мектепте жогорку класста окучу, анын түшүндө Манас ата аян бериптир. Ал классы менен жаратылышка эс алууга кетишиптир. Жолдоштору айтып калышчу. Бир маалда эле төшөнчүсүн көтөрүп алып, балдардан алыстап, бир жерге жатып уктап калган экен. Балдардын чакырганын деле укпаптыр. Кийин айтып берди, түшүнө Манас ата кириптир, үч-төрт чоросу менен ат менен келип, маңдайыма туруп калды. Таанып, учурашсам, “Менден эмне каалооң бар, айткының?” – деди. Мен моло ташка айланып калыптырмын. Уулум: “Мамам моло ташка айланып калды, мамамды тирилтип бериңизчи” деп суранат. Манас ата “Макул” - деп, камчысы менен моло ташты чаап, кайра кетти – дейт. Уулум келгенден кийин мен көзүмдү ачтым. Ооруканада ойгонсом, балам терезеге жөлөнүп, ыйлап турат. Бир жагымда кызым, туугандарым. Атамдын арбагы, Кудай колдоду окшойт. Балдарымдын жашы, үнү Кудайыма жетти окшойт, бир аз оңолуп кеттим, бастым, жакшы болуп кеттим. Балама дайыма “Манас ата сени колдой турганын унутпа, таза жүр” деп айтам, ал дагы аракет кылат.

- Андан кийин студенттерге сабак бердиңиз да. 

- Алмазбек Акматалиевич Нарын мамлекеттик университеттин ректору эле, мени билет да, “жумушсуз калды” деп угуп, чакыртып жибериптир, барсам, “Рая эже, үйдө отурган турбайсызбы, университетке келип, культурологиядан сабак бериңиз” – деди. Ал мени моралдык жактан абдан колдоду. Алмазбек Акматалиевичке окшогон адамдардын мага мамилеси мени аябай көтөрүп кетти, дем берди. Андан кийин Анара Сабитовага жолугуп калдым, ал музейге жаңы эле директор болуптур. Мен илимий кызматкери катары Анаранын колуна кол, бутуна бут болуп иштедим. Анаранын жетекчилиги менен биздин музей эл аралык музейлердин бири болууга жетишти. Эл аралык уюмдар менен иштешип жатат. “Мени Кондучалова эжедей эле кармадыңар” – деп күлүп калчумун. Эмгек жамааты жаш, ынтымактуу.

-Атаңыздын атактуулугу сиздин жашооңузга дагы кандайдыр бир деңгээлде таасир тийгизген экен.  

- Атамды ушунча эл сыйлайт экен, баары колдоп турушчу. “Мусадан тукум калган жок, кыз бала качан тукум болчу эле” деген дагы сөз айтылган экен. Бирок, мен эс тарткандан тартып атам түптөгөн маданият ишин улантайын, атын өчүрбөйүн деп көп аракет кылдым. Фрунзеде турганымда атамды көргөн аталар, апалар мени абдан колдошчу. Ошол мезгилдерде артисттердин, улуу таланттуу адамдардын балдары көп сөз болчу, начар жагы сынга алынчу. Атамдын атын жаман сөзгө калтырбасам экен - деп өзүмдү татыктуу алып жүргөнгө  аракет кылдым.  Жалгыз болсо да, кыз болсо да, атасынын эмгегин улантып, маданиятка кызмат кылып, маданиятты көтөрүп атат - деп атабыздын арбагы ыраазы болсо экен деп тилечүмүн. Кээ бир таланттуулар кайтыш болгондон кийин эки-үч жылдан кийин эле унутулуп калат, атамдын көзү өткөнүнө 70 жыл болду, ысымын Кудайга шүгүр, эч ким унуткан жок. Атабыздын 80 жылдыгы филармонияда өткөндө жетекчи кызматкерлердин ичинен бир атанын: “Жаман уулдан жакшы кыз артык турбайбы”  деп айтканы эсимде. Ошол кезде атамдын ысымы көп жерлерге берилип, бул үчүн мен өзүм дагы көп аракет кылып баштагам. Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылы болуп жүрөт, канчалаган көчөлөргө ысымы ыйгарылды. Жалал-Абаддын Базар-Коргонунда мектепке ысымы берилген, Бишкекте Муса Баетов атындагы көчө бар. Мен ушул көчөнүн узундугун байкап көрөйүн деп, автовокзалдан башталган жеринен жөө басып, чарчап, аягына чыга албай койгом. Мен бул көчөнү чолок көчө го деп ойлогом. Үгүт айылында орто мектеп, Байгөнчөк айылында маданият үйү атабыздын алып жүрөт.

- Муса атанын 100 жылдыгы өткөрүлгөндө сиз Кыргыз Республикасынын “Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алдыңыз, наамды алам деп күттүңүз беле?

- Аскар Акаев президент болуп жаңы шайланганда Нарынга келди, театрда жолугушууда нарындык айымдардын атынан мага сөз беришти, мен чыгып, көп нерсени айттым, этегинде “быйыл Муса атабыздын 100 жылдыгы, ушуну эсиңизге тутуп алат ко деп ишенем” дедим, ал чуркап келип учурашып, кучактап, “Кудай буюрса, мааракени жакшы өткөрөбүз” деп элдин алдында убада берди. Убадасы боюнча, атабыздын 100 жылдыгы Соң-Көлдө өткөртпөдүбү. Ошондо мага “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын ала келиптир, өзү тапшырды.

 -Муса атанын сизге оошкон касиети барбы? Сиз дагы жакшы ырдайсызбы?

- Музыкалык студияда дагы алектенип калдым. Үнүмдү аябай макташчу, мындай үн сейрек, белгилүү ырчы болосуң дешчү. Үнүм колоратурное сопрано, кыздардын эң жогорку булбул сыяктуу үнү, Салима Бекмуратованын үнү ошондой. Өзүм уялчаак болсом, сахнага кантип чыгам дечүмүн. Ырчы болбосом дагы маданият тармагында иштеп калдым.

-Балдарыңыз тууралуу дагы кеп салсаңыз?

-Кызым Каухар Мукащ Абдраев атындагы мектепти, андан кийин искусство институтун бүткөн. Азыр М.Абдраев мектебинде фортепианодон сабак берет. Уулум Канат политехникалык институтту аяктаган, транспорт жаатында эмгектенет. Бир уул, бир кызым, үч неберем, эки чөбөрөм бар.

- Сиздин турмуш жолуңуз дагы окурмандарды кызыктырса керек.

- Ленинградда окуп жүргөнүмдө, турмушка чыктым, жолдошум армянин болчу. Ал мени Арменияга алып кетем – деди. Бирок, Молдобасан атамдар, Чодолдой атамдар “Мусадан эркек бала калбаса, жалгыз кыз болсоң, кетип калсаң, кандай болот, топурагыбызды түйүп беребиз” – дешти. Кийин турмушка чыктым, жолдошум каза болуп калды. 

- Жашоодо ыраазы болгонуңуз?

-Эл-журтума ыраазымын. Анткени, атамдын арбагын ыраазы кылып, элим унуткан жок. Менин фамилиям аталса, “Мусакемдин кызы турбайбы” деп, эркелетип, мээрим менен айтышат. Мен дагы улуу адамдын кызы катары өзүмдү татыктуу алып жүргөнгө аракет кылдым, мүнөзүм, билимим ушуга түрткү болду го. Ойлойм, аракетим ишке ашты. Атама окшогон адамдардын кыздар, балдары Өкмөттүн эшигин тытчу экен, мен андай кылган жокмун. Кудайга, Теңириме ыраазымын, Арбакка ыраазымын. Жетим болуп жүрүп жетилип, эл-журттун алкышына арзып атам.

-Муса атабыз дайыма эсиңизде, арбагында колдойт деген ишеничтесиз, түшүңүзгө киреби, аян береби дегендей...

-  Мен атамды дайыма жанымда жүргөндөй, элеси оң ийинимде тургандай туям.  

 - Сексен жаштан ашсаңыз да, өз курагыңыздан жаш көрүнөсүз, сырыңыз эмнеде?

-Менден ушул суроону көп сурашат, анан тамашалап калам, “чтобы быть красивой нужно родится козерогом” деп, себеби, мен астрологиялык гороскопту көп окуйм, анда текечер жылдызынын алдында төрөлгөндөр чымыр болуп, узакка жаш болушат деп айтылат экен. Неберем төрөлгөндө, кызым “караңызчы, ыраңын” деп чочуп кетти. Мен “бала ымыркай кезде ошондой болот, жакшылап торолуп, чоңойсо эле сулуу болуп  чыга келет” – деп жубаттым. Ал дагы текечер жылдызынын алдында төрөлгөн.  Чындыгында,  мен өмүр бою бир эле “Балет” деген кремди колдоном, башка бетмайлар жага бербейт. Анан тамакты өтө аз ичем, ныгырылып, тоюп алганча ичпейм. Башка сырым деле жок.    

-Элге-журтка каалоо-тилегиңиз?

-Өтүп бараткан жылыбыз жакшы жылдардан болду, ач калган жокпуз, кем болгон жокпуз, жаңы жылыбыз дагы ийгиликтүү, ак жолтой жылдардан болсун! Силерге Кудай кубат берсин, ишиңер илгери болсун! 

- Маегиңизге ырахмат, көп жашаңыз!

Маектешкен Гүлзада Турдалиева, журналист. Нарын шаары.

kasymova.info