Музоого кол салган ак илбирс

3- май күнү жайытта жүргөн музоого кол салган ак илбирсти Нарын районунун Эмгек Талаа айылынын тургундары кармап алышкан.Сейрек кездешүүчү бул ак илбирс карып, бир бутунан аксак жана көзүнүн көрүүсү начар экенин байкашкан. Учурда ак илбирс Ысык=Көл облусунун Ананьево айылындагы NABU реаблитациялык борборуна жеткиришти. Токой чарба жана айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери ак илбирсти кармоо учурунда сүрөткө тартып алышкан.