Нарын облусу; Куш тилиндей кабарлар

Нарын облусу; Куш тилиндей кабарлар

Нарындык  энелердин видеокайрылуусу  бийликти кайдыгер калртыбады

31-майда "Фейсбук" социалдык тармагына Нарын облустук ооруканасынын неврология бөлүмүндө обсервацияда жаткан энелердин видео кайрылуусу тараган эле. Кайрылууда энелер эки анализи таза чыкканына карабай үйлөрүнө чыгарылбай жатканын,үй карантининде эле өткөрүүнү сураган өтүнүчтөрү айтылган. Ошондой эле  оорукананын тамак-аш, тазалык маселесиндеги  кемчиликтерди билдиришкен.Айтылгандар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координаторунун убактылуу милдетин аткаруучу Айнура Акматова расмий маалымат берди. Коронавирус аныкталгандыктан  бөлүмдө иштеген кызматкерлер жана дарыланып жаткан оорулуулар толугу менен обсервацияга алынган. Алардын бардыгынан анализ алынып, вирус табылгандар изоляцияга жаткырылган. Медициналык алгоритм боюнча таза чыккандарынан дагы 11-12 күндөн кийин экинчи анализи алынышы керек. Бул апалар экинчи анализи чыкканча обсервацияда болууга тийиш болчу. Себеби алар оору жуктуруп алган шартта үй-бүлө мүчөлөрүнө, кошуналарына,  байланышта болгон адамдардын бардыгына вирусту жайылтып жиберүү тобокелдиги турган. Ошол себептен экинчи анализи чыкканча кармалышкан. Экинчи анализи таза чыккан пациенттер медициналык штабдын чечими менен ооруканадан чыгарылмак. Башкача айтканда, кайрылуу жасагандар обсервацияда жаткан мезгилдин 14-күнү штабдын чечими менен чыгышмак. Бирок апалар эки күн күтө албай, кайрылуу жасашкан.Штабдын чечими менен обсервациядагы анализи таза чыккан пациенттер үйлөрүнө чыгарылды,-дейт Айнура Акматова 

Нарындагы ооруканада жаңы жетекчилер ишти алдыга жылдырды

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында жакшы иш аракеттер  ишке ашууда. Ооруканага  кирип-чыгуу тартиби күчөтүлүп, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коюлду. Оорукана кир жана таза зонага ажыратылып, ооруларды кабыл алуу үчүн атайын чатырлар даярдалууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынын жардамы менен 4 чатыр тиктирилип берилди. Оорукананын короосунан 6 автоунаа таштанды чыгарылып, даараткана салуу иши башталды. Ошондой эле кызматкерлердин автоунаасын токтотуучу жай куруу үчүн орун даярдалды.Кирип-чыккан автоунааларды дезинфекциялап өткөрө турган пандус жасоо аракети көрүлүүдө. Бул иштердин бардыгы жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жүзөгө ашууда. Мындан сырткары ооруканадагы бейтаптарга бериле турган тамак-аш үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү жогорулатылды.Координаторунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Акматова Айнура Бектургановна дайындалган.

Ооруканада дарылангандардын бир күндүк тамагы 41 сомдон ылдый болбойт

Нарын облусунун аймагында ооруканаларда жана обсервацияларда жаткандарга күнүгө 68 сом 3 тыйындын (киши башына) тамак-ашы берилет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысы Зинагүл Шамееванын билдиришинче , Нарын облусундагы ооруканаларда 5 айдагы тамак-аш үчүн 5 430 200 сом жумшалган. Ал эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасында дарылангандардын тамак-ашы үчүн 2 376 500 сом каражат бөлүнгөн. «Бир кишинин ооруканадан ичүүчү күнүмдүк тамак-ашынын акчасы 41 сомдон ылдый болбошу керек. Каражатка жараша берилүүчү тамак-аштын көлөмүн 100 сомго чейин көтөрүп коюуга оорукананын жетекчилигинин мүмкүнчүлүгү, укугу бар», - дейт З.Шамеева.Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган обсервацияларда күнүнө бир кишиге 120-180 сомдун тамак-аш берилүүдө.

Кочкордогу мал базар иштеди

Кочкор районундагы мал базар 30-май күнү иштеди. Кочкор районундагы мал базар ачылардан мурун дезинфекцияланды. Базарда тамак аш азыктары жана жер жемиш  сатылган жок. Базарда  мал жана кийим-кече, айыл чарба, үй тиричилигине керектүү буюмдар сатылды.Башка райондордон мал жүктөп келгендер  болгону жок. Базар түшкү саат 12:00дө жабылып, кайра дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү бөбөктөрдү куттуктады

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов  бүгүн, бөбөктөрдү балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул майрам наристелердин жан дүйнɵсүндɵй аруу, адамзат коомундагы мааниси тереӊ, түбɵлүктүү майрамдардын бири.Денсоолугу таза, акыл-эстүү, ыймандуу баланы тарбиялоо үчүн аларды оору-сыркоодон, зордук-зомбулуктан гана эмес психологиялык жана маалыматтык тескери таасирлерден, зыяндуу адаттардан да коргообуз зарыл.Балдарыбызга бүгүн кандай кам кɵрсɵк, кандай билим-тарбия берсек келечекте ошонун жемишин алаарыбыз шексиз.Ден соолугуӊар бекем, ɵмүрүӊɵр узун, жолуӊар шыдыр, келечегиӊер  кенен болсун! Ар бириӊердин алдыга койгон  бийик максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар ишке ашсын!Силердин араӊардан эртеӊки күндүн мыкты инсандары, теңиртообузду, ɵлкɵбүздү гүлдɵтүп дүйнɵ жүзүнɵ даӊазалай турган кесипкɵй адистер ɵсүп чыксын!-деп айтылат куттуктоодо.

Дарыгерлер 12 миллион сом кошумча акы алышты

Нарын облусундагы  илдетке  каршы эмгектенген медиктерге 12 миллион кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди. Бул каражат март,апрель айлары үчүн төлөндү. бул туурасында  облустук ФОМСтун жетекчиси З.Шамеева билдирди.

kasymova. info