Кыргызстан; Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан; Куш тилиндей кабарлар

Нарын облусунда саламаттык сактоонун убактылуу жаңы координатору менен оорукананын башкы дарыгери дайындалды.Акыркы айларда  Нарын облусунда  коронавирус инфекциясынын ыкчам тарап жатышынан улам, бүгүн республикалык ыкчам штабдын сунушунун  жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Нарын облусундагы Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун функционалдык милдеттерин аткаруу алынды.
Мындан тышкары, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору А.Койчуманов иштен алынды.Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучусу болуп Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Б.Төлөгөнов убактылуу дайындалды.
Ал эми эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну, көзөмөлдөөнү күчөтүү жана облустагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Нарын облусуна иш сапары менен жиберилген Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тарта атайын буйрук чыкканга чейин саламаттык сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу ыйгарылды.

 

 

Коронавируска каршы күрөшүү максатында эл аралык финансы институттарынан каржылык жардам тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат.
Бүгүнкү күндө эл аралык донорлордон 462 миллион доллардан
ашык суммадагы каражатты финансылык жардам катары алуу жөнүндө келишимдер бар.Анын ичинен, Эл аралык валюта фондунан 2 транш менен насыяга болжол менен 242 млн доллар (241 948 003) келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.Ал эми Азия өнүктүрүү банкынан 3 транш менен келмекчи. Биринчи транш боюнча, финансы мекемеси менен келишимге кол коюлду. Ага ылайык, июнь айынын башында 50 млн доллар келет, мунун жарамы гранттык негизде. Экинчи транш менен дагы 50 млн доллар келет. Эки транш тең бюджетти колдоого багытталат. Мындан тышкары, АӨБ 20 миллион доллар бөлөт. Бул коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык керектүү жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат.Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы 120 млн доллар бөлмөкчү.Дүйнөлүк банк инвестициялык «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана «Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорлоруна 21 млн 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы гранттык, теңи насыялык негизде. Бул саламаттык сактоо тармагы үчүн жабдууларды жана каражаттарды алууга багытталат.Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алуу үчүн 15 миллион доллар насыя берээрин билдирген.
Евросоюз билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн 15 млн 300 миң евро бөлүп берет. Санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 млн евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 млн 500 миң евро, Жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн 880 миң долларды гранттык негизде берет.
Германия өнүктүрүү банкынын 30 миллион 352 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражаты азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат.