Нарын облусунун губернатору согуш ардагерлерин жеринде куттуктады

Нарын облусунун губернатору согуш ардагерлерин жеринде куттуктады
Нарын облусунун губернатору согуш ардагерлерин жеринде куттуктады

 Бүгүн, 6-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын облусунун Кочкор, Жумгал райондорундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракеси менен жеринде куттуктады. Улуу Жеңиштин каармандары болгон Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Жумабек Абиров, Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын тургуну Абайылда Мусаев жана Жумгал айылынын тургуну Токон Мурсалиев аталарга майрамдык куттугун жолдогон облус жетекчиси быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу пландалган майрамдык иш чаралар кийинкиге жылдырылганын белгиледи. Ыйгарым укуктуу өкүл ардагерлерге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо катын окуп берип, Кыргыз Республикасынын "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" юбилейлик медалдарын тапшырды. Мындан сырткары облус жетекчиси ар бир ардагерге өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 10 миң сомдон майрамдык белек ыйгарды. Улуу Жеңиштин каармандарына бул күнү Россия Федерациясынын юбилейлик медалдары жана Кочкор, Жумгал райондук мамлекеттик администрацияларынын акчалай сыйлыктары тартууланды. Жолугушуу учурунда баатырдыктын жана мекенчилдиктин чыныгы үлгүсү болгон ардагер аталарга таазим этилип, алардын бүгүнкү коом жана келечек үчүн жасаган эрдиктери даңазаланды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 11 ардагери бар. 75 жылдык мааракени утурлай республикадагы бардык ардагерлерге мамлекет тарабынан 75 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылган.

 

 

Начало формы

Конец формы