Нарын облусунун Кочкор районунда авто жолго катуу жааган жамгырдан таш кулады

Нарын  облусунун  Кочкор районунда  авто жолго   катуу жааган жамгырдан  таш кулады

Нарын облусунун Кочкор районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан  автоунаа жүрүүчү  жолго тоо бетинен таштар кулады. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин ЖКККБсынан билдирди.

Бүгүн,  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 258-чакырымына болжол менен 400-500 куб өлчөмүндө таш көчкү түшүп, анын кесепетинен  жол 2 саатка чамалуу жабылды. Жол тазалоо иштерине  №955 жол тейлөө мекемесинин 16 жумушчусу жана 2 техника тартылып, тазалоо иштери жүрдү.Учурда жол ачылды. Таш түшкөн аймакта  коопсуздукту камсыз кылуу  максатында ЖКККБнын 6 кызматкери иш алып барышууда.