Нарын шаарында илдеттин жайылуусу кооптондурууда.

Нарын   шаарында   илдеттин  жайылуусу кооптондурууда.

Бүгүн, 15-май күнү Нарын облусунан илдетти жуктуруп алгандардын дагы 11 учуру катталды. Ошону менен облустагы жалпы вирус жуктурган адамдардын саны 163кө жетти. Райондор боюнча алсак, Ат-Башыдан 77, Жумгалдан 14, Кочкордон 3, Ак-Талаадан 1, Нарын шаарынан 65, Нарын районунан 3 адам вирус жуктуруп алышты. Булардын ичинен 95 адам сакайып, бейтапканадан чыкты. 67 адам дарыланууда. Тилекке каршы, бир адам көз жумду.Мындай эпидемиологиялык кырдаалда ооруну жуктуруп алуу тобокелдиги абдан жогору. Айрыкча Нарын шаарында абал курч.   Учурда Ат-Башы районунда карантин, ал эми башка бардык райондордо өзгөчө кырдаал тартиби сакталуу. Ошого карабастан элибиз санитардык-карантиндик эрежелерге баш ийбей, коомдук жайларда көп жүрүп, ооруга кенебестик менен мамиле кылууда.

Элибизден көптөн-көп суранаарыбыз: зарыл болбосо коомдук жайларга көп барбай, конокко, ифтарларга чакырууларды токтото туруубуз шарт. Коомдук жайда жүргөндө сөзсүз түрдө беткап тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, башка адамдар менен аралыкты сактообуз зарыл. Эгер дене табыңыздар көтөрүлүп, оорунун белгилери байкалса “тез жардамга” чалып кайрылууңуздар керек,- деп билдирүү таратты, Нарын облустук администрациясынын  басма сөз кызматы. 

Мекеме-ишканаларда жетекчилик тарабынан кызматкерлер үчүн коопсуздук чаралары көрүлүүгө тийиш. Эгер мекеме-ишканаларда, соода жана тейлөө борборлорунда санитардык эрежелер сакталбаса Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244-токтомунун негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт. Оорунун мындан ары дагы жайылышын ооздуктоо максатында облустун аймагында иштеп жаткан 8 санитардык-карантиндик постторго кошумча дагы 11 пост уюштурулду. Ал эми Нарын шаары боюнча 5 чөлкөмдө мобилдик топтор иштеп жатат.