Нарын облусунун үч регионунда катуу жааган жамгырдан сел жүрдү

Нарын  облусунун  үч  регионунда   катуу жааган жамгырдан сел жүрдү

Кечээ, кечке маал саат 16.00 чамасында Нарын шаарынын Батыш чөлкөмүндөгү Алма-Бак, Көтөрмө, Ак-Коргон аймактарында катуу жааган жаандын кесепетинен кыян жүрдү.

 Учурунда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлдү. Ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов кыян жүргөн аймактарды көрүп, эл менен жолукту. Ошондой эле штабдын чукул отурумун өткөрүп,   бардык кызматтарга ыкчам аракеттерди көрүү тапшырмалары  берди.

Шаардагы мекеме-ишканаларга тиешелүү бардык техникалар жана кызматкерлер ишке тартылып, көчөлөрдөгү агындыларды, короолордогу сууларды тазалоо аракеттери көрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн алынган алдын ала маалыматка ылайык 60тан ашык үйдү суу каптаган. Айттырбай келген жаратылыш кырсыгынын кесепеттери такталууда. 

Ушундай эле сел  Нарын районунда да жүрдү.

Аталган райондун Шоро айылында да коктудан келген суу айылды каптаган. Айыл элинин ыкчам аракети менен  кум салынган мешоктор тосулуп, сууну сайга бурушкан. Натыйжада  айылдын ичиндеги эки көпүрөнү жана жайытка кеткен көпүрөнү  кыян алып кеткен. 4 гектар жердеги эгин аянтын суу каптаган.

 Жумгал районунда да  сел жүрдү.

2-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан  Чаек айыл аймагынын  коктуларынан келген кыян суулар "Күчүк" ирригациялык каналына батпай  көтөрүлүп, айылды каптап кеткен.

Учурда облустук жана шаардык коргонуу комиссиясы кыян суудан жабыркаган обьетилерди тактоо, баалоо иштерин жүргүзүшүүдө.