Нарын жанылыктары. 9-сентябрь

Нарын жанылыктары. 9-сентябрь
Нарын жанылыктары. 9-сентябрь
Нарын жанылыктары. 9-сентябрь
Нарын жанылыктары. 9-сентябрь
Нарын жанылыктары. 9-сентябрь

Нарын жергесинен жети студент

Теңир-Тоо койнундагы агартуу академиясы катары саналган Борбордук Азия Университетинде теңир-тоолук студенттер дагы кабыл алынып, эл аралык деңгээлде билим ала башташты. Аптанын башында университетте алгачкы коңгуроо салтанаты болуп, окуу жайдын ректору Сохаил Накви журналисттерге брифинг өткөрдү. Иш-чарада Ага Хан өнүктүрүү уюму тарабынан облус аймагында аткаралып жаткан иштер тууралуу сөз болду. 2020-2021-жаңы окуу жылы Covid-19 пандемиясына байланыштуу дистанцияны сактоо зарылдыгынан улам онлайн өткөрүлүүдө. Студенттердин Нарындагы жана Хорогдогу кампустагы көнүмүш окуу формасына качан кайтып келери азырынча белгисиз.

     Сохаил Накви маалымдагандай, Борбордук Азия университетинде «Компьютердик илимдер», «Байланыш жана ММК» (Нарын кампусу), ошондой эле «Экономика» жана «Жер жана айлана-чөйрө жөнүндөгү илимдер» (Хорог кампусу) багыттары боюнча билим берилет. Келечекте дагы бир катар багыттагы адистиктерди ачуу планы бар. Азыркы тапта окутуучулук-профессордук курам тарабынан кайсы адистиктер актуалдуу боло тургандыгы жаатында анализдөө иштери жүрүүдө.  Ошондой эле, Казакстандын Текели кампусу учурда добоорлоо баскычында турат. Ал кампуста «Бизнес жана башкаруу», «Инженердик-техникалык илимдер» адистиктери боюнча студенттер кабыл алынат.

Борбордук Азия университетинин жаңы окуу жылына каьыл алынган студенттеринин бири - Нарын шаарындагы №7 М. Сыдыков атындагы мектебинин бүтүрүүчүсү Эрмек Иликешова БАУнун “Компьютер илимдери” адистигине тапшырган. “Мен биринчи жолу БАУ тууралуу социалдык тармактардан жана Нарын шаарында жашаган жакын туугандарымдан уккам. Былтыркы жылы Тажикстандагы БАУнун Хорог кампусуна Жайкы лагерге баруу үчүн кароо-сынакка катышып, 20 күндүк программа менен окуп жана эс алып келдим. Лагерден мен команда менен иштөөнү, логикалык ой жүгүртүүгө басым жасоону, лидер катары мотивацияларды, бир сөз менен айтканда, стандарттуу эмес окутуунун элементтерин өздөштүрдүм. Ушундан улам аталган окуу жайында сапаттуу билим алууга болоруна көзүм жетти. Буюрса, БАУну ийгиликтүү аяктаган соң Google cыяктуу дүйнөлүк ири компаниялардын биринде иштеп, Нарын жергесиндеги мектептердеги ар бир окуучуну заманбап электрондук окуу куралдары менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырсам деген максатым бар” - дейт Эрмек Иликешова. БАУнун студенти буга чейин мектепте 7 жыл бою немис тилин окуганына карабастан, кошумча курстарга барып, ошондой эле өз алдынча тырышчаактык менен англис тилин өздөштүргөн.  

 БАУнун Нарын шаарындагы кампусунун Коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү Акылбек Чымырбаевдин маалыматына караганда, 2020-2021-окуу жылына карата абитуриенттерден Борбордук Азия Университетине быйыл 3000ден ашык кайрылуулар келип түштү. Кабыл алынган 85 студенттин ичинен Кыргызстандан – 25, 60 студент дүйнөнүн 5 өлкөсүнөн келип окууга өткөн чет элдик жарандар болуп эсептелет. Кыргызстандан тапшырган студенттердин арасынан Нарын облусунан 7 студент учурда онлайн окуту формасында билим алышууда.

БАУдагы дагы бир чоң жаңылык - жаңы окуу жылында БАУнун гуманитардык жана так илимдер мектебине профессор Максим Борисович Хомяковдун дайындалышы болду. Профессор М. Б. Хомяков илимий-профессордук чөйрөдө академиялык билими, эл аралык деңгээлдеги ой жүгүртүүсү, академиялык менеджмент жаатындагы тажрыйбасы, изилдөөлөр боюнча илимий эмгектердин тизмесин камтыган жетишкендиктери менен таанымал. 2017-жылдан бери профессор Хомяков УрФУнун БРИКС изилдөөлөр борборунун директору, Жогорку экономика Мектебинин Санк-Петербургдагы кампусунун директорунун орун басары (стратегия, изилдөөлөр, эл аралык мамилелер боюнча) болуп иштеген.

Жаштарга жардам

Жаштарды өнүктүрүү институтунун  кайтарым фондунан Кочкор районунда  эки жаш ишкер  ишкерчилик баштаган.  Алардын бири  Айдай  Абдыашимова  районго келген туристтерге, конокторго  шарт түзүү  жана жаштарды жумуш орун менен камсыз кылуу максатында 18 орундуу  хостел ачып иштетип жатат.

Ал ишин  2019-жылы Кочкор айылында  жайгашкан имаратты  оңдоп-түзөө  менен баштап,  негизги жумуштарын өз каражатына бүтүргөн.   Андан соң,  Жаштарды өнүктүрүү институтунун  кайтарым фондунан насыя алып  керектүү эмеректерди жана тиричилик техникаларын сатып алган. 

Кайтарым фонду  Жаштарды Өнүктүрүү Институту тарабынан БУУӨП жана КРдагы  Япония Элчилигинин каржылоосу менен түзүлүп,  жеке бизнесин өнүктүрүүдө  бир топ жаш ишкерлерге пайызсыз, күрөөсүз жана кепилдиксиз каржылоо  алууга мүмкүнчүлүк берип келет.

Райондо аталган фонддун колдоосунда  ишкерлигин өнүктүргөн жаш ишкердин бири Эрик Алмасбеков. Анын айтуусунда  “Кочкор медиа” полиграфиялык студьясынын  кеңсе45син капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, ири форматтагы  принтер  сатып алган.

“Биздин уюм ишибизди жөнөкөй ксерокөчүрмө кызматын көрсөтүү менен баштаганбыз. Азыркы учурда заманбап материалдарды колдонуу менен  баннерлерди  чоң форматта басып чыгаруу,   өзүн-өзү жабыштырган этикеткалар, бөлмө жасалгалоо  сыяктуу кызматтарды көрсөтүү менен жакындан бери үч өлчөмдүү тамгаларды чыгарууну баштадык.  Мурда биздин уюмда расмий түрдө 2 адам иштесе, учурда алардын саны 6 адамга жетти. Ошол эле учурда  жумушчуларды кабыл алууда гендердик теңчилик, социалдык статусу сакталып,  алардын катарында  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана бир  пенсионер бар,  бул  компаниянын ишинин натыйжалуулугуна таасир тийгизбейт”,-деди  Э.Алмасбеков.

Кошумчалай кетсек, азыркы тапта Нарын облусунан  бул фонддон каржылоо жана эксперттик колдоо алган 5 жаш ишкер бар.

Тогуз жолдун тоомунда

38 жаштагы Дүйшөнбек Бейшеналиев киндик каны тамган айылынан агарып-көгөрүп, эмгегинен баар таап, эл алкышын алган жигит. Ал алыстан иштөөнү эңсеп, бакыт издеп, байлык көксөгөн жок, учкан уя, туулган жеринде бирди экиге улап, жоктон барды жаратып, жеке ишкерлигин түптөдү. Акыры мээнетинин акыбети кайтып, эл оозуна алынып, ирбити жүрүп турган учуру.      
Ар бир эле айдоочу автоунаасынын төрт дөңгөлөгүнөн шамал үйлөп, кайда жол тартпасын, көздөгөн тарабына зымырап жүрүп турса деп тилейт. Бирок, техника деген техника экен. Иштөө мөөнөтү узарган сайын иштен чыгып, улам бир жерин оңдотуу зарыл. Айрыкча, алыскы сапарда, шагыл-таштуу жолдордо дөңгөлөктүн жели чыгып, дароо чаптатып же алмаштырып турууга туура келет. Мына ушул жагдайды эске алып, Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Дүйшөнбек Бейшеналиев мындан алты жыл мурда тогуз жолдун тоомуна – Тогуз-Торо районун, Баетов айыл аймагын Нарын облусу менен байланыштырып турган жолдун боюна дөңгөлөк желимдөөчү жай ачкан. Аны бара-бара кеңейтип, машина оңдоочу жайга айлантууга аракет кылууда. Учурда вулканизацияда үч адис иштеп, айлык маяна алып, үй-бүлөсүн багып жатышат. Машина оңдоочу жай кеңейтилип жана автонунаанын майын алмаштыруучу жай ачылса. учурда дагы эки адам жумуш орундары менен камсыздалышат. 
“Буга чейин ар кандай жумуштарда иштедим. Баш калаага барып, курулуш менен дагы алектендим. Бирок, жеке жумушумду ачсам, өзүмдү эле жумуш менен камсыздабастан, башка дагы жумуш орундарын түзсөм деген кыялым бар эле. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, тилегим орундалып, көздөгөн максатымды ишке ашыра алдым. Азыркы убакта айылда техника көп. Жеңил машиналардан тышкары, тракторлор бар. Таксилер жүрөт. Айтор, суроо-талап жогору. Вулканизациянын жабдууларын Кытайдан алдыргам. Эми жаңы ача турган СТОнун (техникалык тейлөө станциясынын) жабдууларын алууну пландаштыруудамын. Эртең мененки жумуш саат 7де башталат дагы түн бир оокумга чейин уланат. Бир күндө 15-20 машинаны тейлейбиз” – деди биз менен маегинде  Дүйшөнбек Бейшеналиев.  
Машина оңдоочу жай 24 саат бою кардарлардын кызматында, анткени, Казарман – Нарын жолунда бир катар таксисттер түнкүсүн жүрүшөт. Жолдо калган айдоочулар дөңгөлөк жаматып же алмаштырыш үчүн кайсы убак келсе да, эшиги ачык. Анын айдоочуларга жасаган адамгерчилик мамилеси дагы бийик. Айылдаштарынын анча-мынча кем-карчтарын акысыз эле оңдоп-түзөтүп берет. Андыктан, жеке ишкер Дүйшөнбекти эч ким өз атынан айтпай, Душка деп эркелетип аташат. Ал эми Учкун айыл өкмөтү тарабынан өткөн жылы “Жылдын мыкты ишкери” наамы ыйгарылган. 

Базарда баа өстү

Базарда малдын баасы көтөрүлдү. Мал сатуу, алып сатуу менен шугулдангандар бул көрүнүштү республиканын аймагынан малдын Өзбекстан тарапка сатыкка чыгарылып жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө.  Айрыкча, уй баласы баа болууда. Нарын шаарынын тургуну Ч. Турганбаев өткөн аптада бордоп жаткан тай букасын 56 миң сомго саткан. Анын айтымында, мындан жарым жылча мурда мындай малдар 35-36 миң сомдон сатылчу. Дүйшөнбек Молдобаевдин пикиринде Өзбекстанда уйдун, койдун эти өтөт, ал эми жылкынын эти өтпөйт. Жылкынын баасы учурда мал базарларда чоң-кичинесине жараша 25 миң сомдон жогору. Нарын шаарынын базарында уй эти бүгүнкү күндө 370-380 сомдон сатылып жатса, ушундай эле уйдун эти баш калаабыз Бишкекте 390-420 сомдун тегерегинде сатылууда. Албетте, негизинен мал менен тиричилик кылган Нарын жергесинин элине малдын баасынын кымбатташы жакшы. Антсе дагы ортодо арзан баага алып, кымбат саткан жүнүн жеген далдалчылар менен эт саткан касапчылар гана пайда таап жаткан жокпу деген дагы ой кетет.   
 

Г. Турдалиева журналист. Нарын шаары.