Нарында көмүр казуу иштери башталды

Нарында көмүр казуу иштери башталды

НАРЫНДА КӨМҮР КАЗУУ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына ылайык  1-майдан тарта Жумгал районунун Кара-Кече, Өрнөк, Миң-Куш көмүр кесимдеринде 16 өндүрүш ишканасы көмүр казуу иштерин баштады.

Учурдаоблус боюнча жалпы 226 ишкердик субьекттери ишке кирди. Алардын ичинде Түндүк-Түштүк альтернативалуу жол курулушу, өнөр-жай, өндүрүш ишканалары, базарлар, курулуш товарларын, унаа тетиктерин саткан дүкөндөр, чач тарачтар, техника оңдоо, май алмаштыруу, желимдөө жайлары, унаа жуучу жайлар, такси кызматтары бар.

Бул мекеме-ишканалардын баардыгында санитардык-гигиеналык эрежелер сакталышы керек. Ар бир ишкананын жетекчисине кызматчылардын коопсуздугун сактоо чараларын камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин бир катар чектөөлөр улантылмакчы.