Өкмөт башчы К.Бороновдун билдирүүлөрү

Өкмөт  башчы К.Бороновдун билдирүүлөрү

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Дарыгерлердин консилиуму коронавирус менен катуу ооруп жаткандардын ар бирин кароого тийиш

Дарыгерлердин консилиуму коронавирус инфекциясы менен катуу ооруп жаткандардын ар бирин кароого тийиш. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов берди. 

«Учурда республика боюнча COVID-19 менен ооругандардын саны азайды. Бирок дагы эле илдетти оор көтөргөндөр жана жандандыруу бөлүмүндө жаткандар жок эмес. Мисалы, Бишкек шаарында эле мындай абалда 18 адам бар. Биз үчүн ар бир жарандын өмүрү кымбат. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине дарыгерлердин консилиумун жеринен өткөрүп, ар бир бейтаптын оорусу канчалык деңгээлде экенин жана дарылоо ыкмасын аныктоо тапшырмасын берем. Башкача айтканда, ар бир бейтаптын башка оору менен ооруганын эске алуу менен, жекече мамиле жасоо шарт», - деди Кубатбек Боронов. 

Муну менен катар Өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Илдет менен ооругандардын саны азайгандыгына байланыштуу дарыгерлердин түйшүгү жеңилдеди. Алардын иш графигин карап чыгып, эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек. Эгер экинчи толкун боло турган болсо, дарыгерлер менен медайымдар оор жумушка даяр турушу зарыл. Чарчап турган киши натыйжалуу иштеп, бейтапка жардам бере албайт. Ошондой эле мекендештердин өмүрүн сактап калуу үчүн иштеп жүрүп коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөнү тездетүү керек»,- деп белгиледи Премьер-министр.

Кубатбек Боронов Кавасаки оорусуна каршы күрөшүү боюнча Казакстан Республикасынын тажрыйбасын өздөштүрүүнү, ошондой эле өлкө аймагына вирус келсе, ага каршы туруу боюнча даярдыкты күчөтүүнү тапшырды. 

Мындан тышкары өлкө боюнча жаңы курулуп жана профили өзгөртүлүп жаткан ооруканаларга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.  

Өлкө башчы Кубатбек Боронов: Кафе, ресторандарда куран окутуп, мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек

Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.   

«Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды. 

Өкмөт башчы ошондой эле бул багытта аймактарда  жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Республикалык ыкчам штабдын жыйында күнүгө маалымат берип туруунун зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт, Эл аралык финансы институттарынан алынган чет элдик тышкы жардамдар сарамжалдуу пайдаланылууда деп билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык каржы институттарынан келген тышкы жардамдардын пайдаланылышы боюнча маалымат айдыңында айтылган сынга дагы бир жолу түшүндүрмө берет. 

Жалпысынан COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып ушул күнгө чейин эл аралык донорлордон 334 миллион АКШ доллары келип түштү. Анын ичинен 205 млн АКШ доллары колдонулду. Тактап айтканда, пандемияга каршы күрөшүү боюнча чыгымдарга 27 млн долларга жакын каражат; карантин маалында калктын аярлуу катмарына азык-түлүк сатып алуу үчүн; азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында буудай сатып алуу үчүн; ошондой эле каражаттын бир бөлүгү социалдык төлөмдөрдү: пенсия, айлык акы, жөлөк пулдарды ж.б. төлөөгө пайдаланылды. Калган 129 млн АКШ доллары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебинде. Бул жерде өлкөнүн тышкы карызынын миллиард долларга көбөйүшү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

Шашылыш түрдө 100 миллион доллар берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо процесси боюнча айыптоолорго токтолсок, бул жерде Эл аралык валюта фондунан алынган насыя деп айтылууда. Бирок бул кредит эмес экендигин белгилейбиз. Аталган каражатты Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду бөлгөн. Ресурсту алуу жөнүндө сүйлөшүү февраль айында эле башталып, 2020-жылдын апрель айында жактырылган. Ошондой эле бул каражаттарды пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жазылган.

Каражаттар 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Евразия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясы шартында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан финансылык насыя берүү жөнүндө» Макулдашуунун негизинде берилүүдө. Ушул макулдашуунун насыялык бөлүгү Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун шарттарында каралган. Тагыраак айтканда, насыянын төлөө мөөнөтү 20 жылды түзөт, анын 10 жылы – бул 1 % жылдык жеңилдетилген мезгил. 

Насыянын каражаттары төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалат:

- «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасын ишке ашырууга;

- калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорго;

- авариялык абалдагы мектептерди капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө жана курулуш иштерин аяктоого;

-  ооруканаларды капиталдык оңдоо жана куруу, медициналык жабдуулар жана каражаттар менен камсыз кылууга;

- ирригация боюнча долбоорлорго;

- жолдорду капиталдык оңдоо, куруу жана калыбына келтирүүгө жумшалмакчы деп билдирди.