Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. 27-июнь 2020-жыл.Жүрөктүн үшүн алган көрсөткүчтөр

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. 27-июнь 2020-жыл.Жүрөктүн үшүн алган  көрсөткүчтөр

Бир сутка ичинде Ош облустар аралык ооруканасынан – 1969-ж туулган  аял, Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1944-жылы туулган аял,  Аксы аймактык ооруканасынан –1946-жылы туулган эркек адам коронавирус илдетинен  каза болушту
 

27-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учуру катталды:
Бишкек ш. – 118
Чүй облусу - 23
Ош ш. - 94
Ош облусу - 39
Нарын облусу - 5
Жалал-Абад облусу - 19
Ысык-Көл облусу - 5
Талас облусу - 3
Баткен облусу - 3 адамдан аныкталды.
Бир сутка ичинде  өлкө боюнча 43 медициналык кызматкер коронавирус илдети менен ооруп калганы аныкталды.

Бишкек ш. – 19
Чүй облусунда – 7
Ош ш. – 7
Ош облусунда – 3
Нарын облусунда – 2
Баткен облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 4
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер илдеттен  айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 712 учур катталды, алардын ичинен 414 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

27-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 4 513 учурга жетти.
Стационарда – 628 адам дарыланууда, алардын ичинен реанимацияда – 12 бейтап бар.
Үй карантининде оору белгилери жок өтүп жаткан бейтаптардын  саны – 1627 адамга жеткен.Ооруканадан  айыгып чыккандардын саны  – 2 212 адам
Илдеттен каза болгондор – 46 адам.Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3 887 адамдан анализ алынды
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 17 929 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).