Памирлик студент  Авдулвахид уулу Турганбай:  «Жүрөгүм  толкуйт Нарындай”

                Памирлик студент  Авдулвахид уулу Турганбай:   «Жүрөгүм  толкуйт Нарындай”

      Өткөн аптада   мындан үч жыл мурда Афганистан Республикасынын Бадахшан облусунун Уахан районунун көчүрүлүп келип,  Нарын районундагы Куланак айлындагы кесиптик окуу жайына жайгаштырылган памирлик кыргыздар  түпкү ата-бабаларынын Ата конушу  Алай районунун Талды-Суу айылына  көчүп кетишти. Алардын арасында азыркы тапта Бишкектеги  Ишенаалы  Арабаев атындагы  колледждин педагогикалык факультетинде окуп жаткан Абдулвахид уулу Турганбайдын ата-энеси менен  бир туугандары да бар.  Нарындан кат-сабаты жоюп, билимге болгон  бөтөнчө зээндүүлүгү менен мугалимдерди таңгалдырган памирлик студент менен маектештик.

          -Турганбай, ата-энең жердештериң  алыс жолдо арып-азбай   аман-эсен жетип алышыптырбы? Туулуп өскөн ата конушуңардан  алгач Нарынга келгендеги сезимдериң тууралуу ой бөлүшсөң?

         -Ракмат, эжеке. Ооба,  телефон менен сүйлөшүп, байланышып турам. Бул жактан кеткенде Алайдын, жергиликтүү бийликтин  жетекчилери  башында туруп,  жакшы тосуп алышып, окшош салынган   заманбап үйлөргө жайгаштырышыптыр. Баарынын маанайлары жакшы. Биз атам Жээнбек уулу Абдулвахид, апам Захир кызы Жамби, турмушка чыккан эжелерим Орунбүбү менен Ширин,  жезделерим, инилерим Нажибиллах, Апизилла, карындашым Кайрылниса болуп келгенбиз. Кичүү иним Нарынга келгенде төрөлүп,  мурдагы Президенттин атынан Алмазбек деп койгонбуз. Биз  келгенде  Нарындын чоңдору,  эли чыныгы бир туугандык сезим  менен  кучак жая тосуп алышып,  ден соолугубузга камкордук көрүшүп,  ооруканага жаткырышып, өзгөчө урмат-сый көрсөтүштү. Куланакка жайгашкандан кийин республиканын туш тарабынан атайын делегациялар келишип, белектерин беришти. Ал эми облус башчысынын орун басары   Жаркын Ибраева эжекебиз тез-тез келип, ал-жайыбызды сурап турду

          Памирден кулжанын, кийиктин, топоздун этин, курут, сүзмө жеп,  сүт, айран, сары май, анда-санда момпосуйларды  жечүбүз. Бизге күнүгө өмүрүбүздө көрбөгөн  түрдүү тамактарды, салаттарды,  жер-жемиштерди, суусундуктарды  таттуулардын түрүн, айрыкча тортту каалашыбызга  ичип-жегенибиз  абдан жаккан.

        Биздин салтта кыз-келиндер, апаларыбыз узун көйнөк кийип, чачтарын көрсөтпөй   жоолук салынып,  чоочун эркектер менен  чогуу олтурушпайт. Мындан улам эжелердин  кыска көйнөктөрдү кийип, чачтары кесилип, жылаңбаш жүргөндөрү, улгайып калган апалардын  шым кийип алышканы өөн учурады. Мен  Ошто, Көлдө болдум,  Нарындын элинин өзгөчөлүгү бар экен. Сиздер кыргыз тилинде нукура сүйлөйсүздөр, каада-салттарды да өзүндөй колдоносуздар. Бишкектеги кыргыздардын көбүнүн бир-бири менен  орусча сүйлөшкөндөрүн жактырбай жүрөм. Балдары да   кыргыз тилин билбей калышса туура эмес болот да.

             -Памирден кат-сабатыңар жоюлбай келип, 1-класстан окуй баштаганда кандай кыйынчылыктарга кабылдыңар?.  Мугалимдер  балдардын арасынан сенин зиректигиңден,  билимге  болгон өзгөчө жөндөмдүүлүгүңдөн улам   класстан класска аттатып көчүрүлгөнүңдү айтып, макташканын уктук эле.

        -Куланактан   18 бала 1-класска кирип  окудук. Мугалим эжелер   ушунчалык мээримдүү мамиле жасап, сабакты кызыктуу кылып өткөндүктөн анчейин кыйналган деле    жокпус.  Мен 2-классты  Нарын шаарындагы  интернат мектебинен   улантып, баардык сабактарымдан беш алганымдан  класстарды аттап окудум. Быйыл   9- классты бүтүп,  мугалимдик кесипти каалап, учурда  Ишенаалы Арабаев атындагы   колледждин педагогикалык факультетинде  билим алып жатам. Англис, түрк, фарс тажик тилдерин жакшы билем. Сабактан тышкаркы бош убактымда орус тилин үйрөнүп жатамын.  Учурдан пайдаланып, мыкты билим алышыма өздөрүнүн бай тажрыйбасын, эмгегин арнашкан мугалимдериме, айрыкча ар убак акыл насаатын айтып, жардамын берип келген  класс жетекчим Элзат Токтакунова эжекеме ракматымды айтып, ден соолуктарынын бекем, иштеринин ийгиликтүү болушун каалап кетемин.

       Биз менен дайыма байланышта болуп, менин  педагогикалык колледжде окуп калышыма өзүнүн зор колдоосун көрсөтүп, жакындан жардам берген Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев агама да терең ыраазычылыгымды айтам.

          -Турганбай,  жашообузда,  каада-салтыбызда, жүрүм-турумубузда  өзүбүзгө көнүмүштөй, адат катары калыптанып калган  сенин жан дүйнөңө төп келбеген  кандай жоруктарыбызды  баамдай алдың?

           -Эжеке, элибизде:“Бир күнү туз таткан жериңе,  миң күнү салам айт” деген жакшы сөз бар эмеспи.  Памирликтер  маданияттуу, меймандос, кең пейил нарындык туугандарыбызга  кай жерде болбосун ийилип салам берип, ракматыбызды айтабыз.   Көңүлүбүзгө бүлүк салган жосунсуз жоруктарды деле көргөн жокпус. Бирок кеп кезеги келгенде биздин Памирде өткөргөн оор турмушубуз менен бул жактагы жаштардын жашоосундагы асман менен жердей айырмачылыктарды салыштырып,  ушундай ойду айткым келип турат.  Биз Ата конушубузда жайкысын боз үйдө, кышкысын  таштан,  топурактан салынган үйдө жашачубуз.  Тамга тааныбайбыз, сабатсызбыз. Эжеке, кеп кезеги келгенде ушул нерсени кошумчалай кетейинчи. Биздин каада-салтыбыз тууралуу сөз болгондо журналисттер:”Памирлик кыргыздар кыздарын он эки жашынан  күйөөгө беришет, эркектери калыңдын кымбаттыгынан үйлөнө албай бойдок жүрүшөт” деп жазып келатышат.  Мен муну төгүнгө чыгарам. Ырас, тээ илгери ушундай болчу экен. Азыр андай эмес, кыздарыбыз 18 жашында эле турмуш курушат, жигиттерибиз убагында эле үйлөнөшөт.

         Кыргызстандын жаштарынын бактысы  кандай десем Ала тоодой, жашоолору ойдогудай,  каалагандай окуганга, иштегенге баардык шарттар бар. “Беш кол тең эмес дегендей” жаштардын арасындагы  жалкоолорду,  китеп окубагандарды, бош убактыларын пайдалуу ишке  жумшабай  “сотка”менен өткөргөндөрдү көргөндө  өкүнүчтө калам. Менин айтаарым убакытты текке кетирбей  жакшы билим алып, жөндөмүбүзгө жараша иштеп, Кыргызстандын өнүгүшүнө ар бирибиз татыктуу салымыбызды кошуп, ушундай  чыныгы демократияга багыт алган бактылуу өлкөдө бактылуу жашаганга умтулалы.

         Эмесе сөзүмдү аяктап жатып, нарындык боордошторума, облустун, шаардын жетекчилерине, мугалимдериме ысык саламымды айтамын. Биз сиздерди унутпайбыз, урматтайбыз, жакшы көрөбүз. Эл жерибизде ынтымак-ырашкерлик, береке бейкуттук болсун. Жараткандын буйругу, жаштардын колдоосу менен келген элдик жаңы бийликтин ак жолу ачылсын. Кыргызстаныбыз байманабы ташыган гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарында болсун. Бөөдө кырсыктардан, алиги аты жаман коронавирус деген апааттан алыс болуп, аман-эсен туруңуздар. Нарындык белгилүү ырчы  Асел Турдалиева эжекем ырдагандай  биздин, менин жүрөгүм ар убак “Нарындай толкуп турат”

        -Баракелде, өзүңдөй   акыл-эстүү, кыял-чабыты бийик, терең билимге, жаратмандыкка, жаңычылдыкка  умтулган боордошторубуздун катары арбый берсин. Жараткан эңсеген  аруу тилектериңди кабыл кылсын, жашоодогу баардык жакшылыктарды каалайбыз.

                             Маектешкен: Бурулсун Дыйканбаева. Нарын  шаары.

                     

 

         

      _