САМСА МЕНЕН АСАНКОЖОНУН МАХАБАТЫ, «КЫРГЫЗ КӨЧҮ» күүсүн жаратты

САМСА МЕНЕН АСАНКОЖОНУН МАХАБАТЫ, «КЫРГЫЗ КӨЧҮ» күүсүн жаратты

Мезгил оодарылып, мезгил закымдайт. Өмүр экчелип, өмүр оодарылат. Ошентип жаш улам өйдөлөп турмушка каныгып  жашоонун оош кыйышын  билип калган учурда кечээги балалыктагы  ышкындай солкулдаган жигит же селки кезиңдеги ойлогон ойлоруң, бүгүн каныгып калган ойлоруңа орун берип,жалт бир карап алып, андан ары жылт койгону турмуштун кызыгы бейм...

Бүгун мен сиздерге баяндап берүүчү «Кыргыз көчү» күүсунун тарых таржымалы мына так ушундай окуялардын бири болуп туру.«Кыргыздын расмий эмес гимни» аталган «Кыргыз көчү»күүсү улуу күүлөрдүн арасына кирген  ,кыргыз элинде күү жанрынын классикасына айланган. Бул күү, кашкөй талантуу, күүчү жана актер Асанбек Кыдырназаров атабыз менен жолуктуруп, күүнүн тарыхын билгеним эсимде. Жалындап турган кесирлүү жаштык, ошондо кантип ушундай болсун,деп айтылган кепке ишинип, ишенбей кайтканым бар. Ушундай ойдо жүрө берип, кийин Асанбек Кыдырназаров атанын айткандарына таптакыр ынанып, улуу махабат өлбөстүктү жаратканын  билип, анан Асанбек Кыдырназаровдун  айткандарына кезегинде ишинип да ишенбей да койгонум үчүн   ал адамдын арбагынан,элесинен  купуя кечирим сураганым да эсимде.

Эмесе, кеп оролу башынан болсун. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде 3-курсту аяктагандан кийин ал кездеги кыргызстандагы абройлуу гезит "Кыргызстан Маданияты" гезитинде практикадан өттүм. Мына ошондо тарыхта улуу чыгармаларды жараткан инсандар менен жолукканды максат кылып, алардын тагдырынан өмүр таржымалынан өзүм үчун да улуулукту издечү окшойм, азыр ойлонсом. Ошентип, мукам кайрыктары менен арбаган «Кыргыз көчү» күүсүнүн авторуна жолугуп, ушундай улуу күүнү кантип чыгардыңыз -деп суроо үчүн Асанбек Кыдырназаров атаны издеп жүрүп таптым. Үйү  Белинский көчөсүнүн түндүк чыгыш жагына  баратканда (Жибек жолу көчөсү тараптан чыкканда) көчөнүн сол тарабында биринчи кабаты «ОКЕАН» аттуу магазин боло турган ошол көп кабаттуу үйлөрдүн, үстүнкү кабаттарында жашайт экен. Жайдын аптаптуу күнүндө акактап үстүнкү кабаттардан улам бирден эшик каккылап жүрүп, Асанбек атаны жолуктурдум. Ушул убак 1983-жылдар боло турган.Анан ал адам мага «Кыргыз көчү»күүсү туурасында минтип айтып берди.

-Менин Асанкожо аттуу менден 4-5 жашка улуу агам боло турган. Ал агамдын жалындаган жаштыгы согуш апаатына туш болду.41-жылы согушка аттанды. Ал согушка аттанаардын мурунку күнү өзүнүн сүйлөшкөн кызы менен тааныштырды.Аты Самса экен. Мен ичимден ойлонуп коем,-Самса деген да ат болобу, ушунда чындык барбы,-деги деп ой жоруйм. Асанбек ата андан ары сөзүн улайт. Ошол Самса менен тааныштырганда,  Асанкожо байкем,- жеңеңди мен келгенче жаман көздөрдөн коргоп жүр, мен согуштан аман-эсен келем анан үйлөнөбүз,-деди, Мен деле ал кезде борбую ката элек баламын,каадалуу кишидей ,макул,-дедим. Ошентип мени Самса менен тааныштыргандын эртеси агам согушка аттанып кетти. Биз узатып айылда калдык. Бир эки айдан кийин Самса мени кечинде чакырып, куз айлары болуп калган,кичине бала, ( мени тергегендегиси) мени күйөөгө бергени жатышат, мен Асанкожону күтөм, мени үйүңө алып кет,-дебеспи. Мен буйдала түштүм. Ал менден жардам күтуп көздөрүндө коркуу да, сагыныч да, кусалык да анан сүйгөнүнө берген анты да баардыгы жуурулушуп турду.т Мен ошол сааттарда эмне кылаарымды билбей ойлоно албай заманам куурула түштү.Сага Асанкожо айтып кетпеди беле, мени сенден башка ким коргойт,- эч ким,деп  өзү суроо берип кайра жооп айтып, эчкирип жиберди.Мен шердене түшүп, бербейм,эч кимге,-деп баатырсындым. Ошентип Самса жеңеме арка бел болуп,  аны алып келип каткан жерим, үйүлгөн чөп болду. Жыйылган үймөк чөптү  оюп үй кылып, Самса жеңемди жашынтып,күнүгө  тамак ташып, багам. Атамдын айылда аброю чоң,оокаттуу малдуу жандуу адам эле. Соодага көбүрөөк ыктуу эле.Самса жеңемди ошентип канчага дейре бакмак элем,бир күнү апама болгон окуяны айттым андан атам укту, айтоор жеңеме апам ак жоолугун салып, кудайдан жакшылык тилеп, жеңем биздин үйгө келин болуп эки үч жылдай жүрүп калды. Жаздын толукшуган бир күнү төөлөргө боз үйүбуздү жүктөп, мал жаныбызды айдап көчүп бара жатканбыз.Самса жеңеме бир атты мингизип  жүк жүктөлгөн  төө  жетелеп бара жаткан, анан ошол учурду күтүп тургансып, Асанкожо агамдын согушта набыт болгондугун айтышты. Муну укканда Самса бир азга туттуга түшүп, анан боздоду, боздогону бирде катуулап, бирде асталап төөлөрдүн майпаңдаган басыгы, аттардын дүбүрттөгөн  дабышы бирде жайлаган добушу,бирде таскагы  менен аралашып сүйгөнүн жоктоп боздогон Самсанын армандуу үнү, ат жалына өбөктөй калса боздогон үнү үзүл кезил угулуп, башын өйдө көтөрсө муңканган үнү кулак тундуруп,  баары  аралашып бир муңдүу симфония ойноп  жатансып, такыр өчпөй кулагымда калды.Азыр да ошол үн кулагымда турат.Ошол муңдүү үн кийин "Кыргыз Көчү" болуп жаралды.Ошол жылдын кузундө мал жайлоодон түшүп, атам кыштоосуна келгенден кийин Самсага энчи бөлүп, алдына мал айдатып, кыргыздын салтын улай Самсаны атам, төркүнүнө жеткирди. Мен да аны менен кудалардыкына бардым.Ошентип Самса жеңемдин этегин «жел» ачпай кайра төркүнүнө узады. «Жел» ачпаган эмнеси деп, таң кала, кайра суроо узаттым. Асанкожо ата мени көпкө карап туруп, аа кызым, азыр жашсың, кийин түшүнөсүң,- деп койду. Андан кийин ,сөздөр, суроо жооптор уланган жок. Ошентип, Кыргыз көчүнүн  тарыхын угуп, ишенээр ишенбесимди билбей, кантип ушундай болсун деген ой менен жүруп, кийин эсимден да чыгып кеткенсиди. Бирок, тагдыр экен, кийин ошол Самсы ападан төрөлгөн жалгыз кыз Фронткүл  эже менен мындан он чакты жыл мурда журналисттик кесип,  кайып каскагынан жолуктурду. Ошол учурда Фронтгүл эже Токмок шаарында  жашаарын, апасы Самса   экенин айтканы бар.

НарынТВнын тапшырмасы менен  Нарын районунун Ак Кудук айылында согуш жана эмгек ардагери (кечиресиздер ысымы эсимде калбаптыр) маркумдун атындагы көчө ачылыптыр, ошол адамдын жээн неберелери  менен Фронтгүл эже  ачылыш аземин жасап жаткан экен. Сөз арасында анын атын ким койгонун сурай кеттим,балким атаңыз  фронтко кеткенде апаңыздын  бойунда калгандырсыз, ушундан улам Фронтгүл деген ысым алгандырсыз,-деген суроо узаттым. –Жоок, атам менен апам согуш аяктагандан кийин үйлөнүшүп,  анан мен төрөлүптүрмүн, атымды апам өзү койгон экен, балким суйгөнүн күтуп жүрүп, ал келбегенден улам койсо керек,деп жоопту табышмактантып койду. Ал эми Кыргыз "Көчү күүсү" апамдын аруу махабатынан, азаптуу кайгысынан, ат үстүндө    сүйгөнүн жоктогон  арман кошогу менен көчтүн  дүбүртүнө  аралашкан  күйүтү менен жуурулушкан, күдөр үзбөй күтүүсүнөн жаралган күү,- деп койду. Ошондо гана Асанбек Кыдырназаров атабыз айтып берген Самса  менен Асанбек Кыдырназаровдун бир тууган агасы Асанкожонун аруу махабат күйүтүнөн жаралган күү экенине ынандым. Самса апа болгону ушул жалгыз кызы-Фронтгүл эжени төрөгөн экен. Ак никелеп алган жолдошу менен узак жылдар чогуу жашап, бири-бирине жаман жакшы айтышпай, бирин-бири сыйлап өтушкөн адамдар болуптур. Самса апа жолдошунан биринчи дүйнө салып, а атасы акыркы өмүрун  кызынын колунда жашап өткөн экен. Сөз арасында апаңыз менен атаңыздын ортосунда Асанкожо туурасында кеп болчу,беле ?-деп да сурап жибергенге батындым. Жоок, андайын көрө алганым жок, ал тургай апамдын бул күүнүн каарманы экенин кийин эс тартып, турмуш жолуна аттанганда элден уктум. Сүйгөнүн күтүп жүрүп, тагдырга баш ийген апам, балким, менин атымды Фронтгүл,- деп койгондур деп койду. Ошентип, сапарым карып, арабызда ушундай  шертке бекем, өзүнун  тагдыры үчүн күрөшкө даяр, кан жаныбызга сиңип  калган,- эл эмне дейт,-деген түркөйлүктүн чынжырын үзүп, улуулукка  умтулуп улуу нерсени  жаратканга  себепчи  болгон  Самса апанын  айылынан  алыстап бара жаттым…

kasymova. info