Шашылыш билдирүү, 18-19-сентябрларда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт!!!

Шашылыш билдирүү, 18-19-сентябрларда тоолуу райондордо  кар жаашы күтүлөт!!!

18-19-сентябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 18-19-сентябрларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, тоо этектеринде түнкүсүн 1….6°, күндүз 10…15°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Алыскы жолго чыгаарда жайкы дөңгөлөктөр менен жолго чыгуу абдан кооптуу экендигин эскертебиз, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.