Шайлоо ШАДЫКАНОВ: «Таэнемдин тубаса касиетин аздектеп жүрөм»

Шайлоо ШАДЫКАНОВ:  «Таэнемдин   тубаса  касиетин   аздектеп   жүрөм»

Ысык-Көл районунун Семеновка айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Ш.Шадыкановдун ысымы кыйла элге тааныш. Анын сыныкчылык (костоправ) касиетине таң бергендер, ишенгендер, ден соолуктарына дабаа  тапкандар көп.

«Таэнем Аманаттын тубаса касиети мага өтүптүр. Мага ишенип дабаа издегендер үчүн колумдан келгенин, мүмкүнчүлүгүмдүн жеткенин аянбай  жумшап келеатам» деген Ш.Шадыканов менен ойдо жок жерден таанышып, анын көп кырдуу талантына кызыктык. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деген накыл-кептин түпкү маанисин тереңдеткен замандашыбыздын айтаар сөзү көп белем, айтор кол өнөрчүлүктү, чыгармачылыкты, багбанчылыкты  эриш-аркак ала жүргөн Ш.Шадыканов менен агынан жарылып маектештик.

-Шайлоо Жеңишович, жогорку билимдүү актер экенсиз. Кесибиңизди аздектээриңиз байкалбай койбойт. Сахна менен коштошконуңузга өкүнбөйсүзбү?

-Ачыгын айтсам театр менен кош айтышкан алгачкы жылдары өкүнмөк түгүл ичимден ыйлап да жүрдүм. Көөдөнүмдү бир боштук ээлеп алгандай жандүйнөм эңшерилип, ой-кыялдарым астын-үстүн болуп аңтарылгандай сезиле берчү. Кичине эле шылтоо  табылып Бишкекке бара турган болсом дароо театрдын ыйык босогосун аттаар элем. Он жылга жакын чогуу иштешкен кесиптештериме кезиккен соң  уялбай эле саханага  узун-туурамдан жатып сагынчымды басып, буюккан бугумду чыгарчумун. Сахнанын сөз менен жеткирип айтып бере албас жагымдуу, керемет жыты каңылжарымды өрдөп, жаштыгымдын алоо жылдары карегиме тартылаар эле. Сахнанын куттуу ыйык төрүндө чексиз кыялдарга батып  жата бергим келчү, мына ушундай бир сөз менен жеткире алгыс кээде өзүм да жакшы түшүнө бербеген сезимдер менен акыры кош айтышууга туура келди.  Адам баарына көнөт тура.  Бирок дале театрга болгон сагынчым бар, өнөргө болгон кусалыгымдын, дегдөөмдүн, эңсөөмдүн изи өчө элек.  Табият тартуулаган өнөрдүн күчү ушундай болсо керек.Дале көркөм окууга кызыгам, тигил, же бул каармандардын бейнелерин жаратып жиберчүдөй өрөпкүйм. Айылга спектакль койсом деген ойго да жетеленген учурум болду.

Ооба, жогорку билимдүү актермун. Алгач Фрунзедеги 2 жылдык  театралдык   студияда окуп, андан соң  Ташкенттеги театралдык институтка кирдим. Бирок 1990-жылдагы «Ош окуясына» байланыштуу Ташкенттеги студенттик күндөр  менен кош айтышууга туура келди.   Жогорку билимдүү актерлук кесипке  Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева  атындагы искусство институтунан ээ болдум.  Т.Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрына  Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов кабыл алган. Ал кезде С.Жумадылов театрдын көркөм жетекчиси болчу. Тагдырыма ыраазымын белгилүү көркөм дөөлөт ээлери, сахнанын алптары, залкар таланттар менен театр, сахна өнөрүнүн аз да болсо сырын үйрөнүп, кырын аштым. Театрда өткөн жылдарымды канааттануу менен эстейм. Эртең мененки саат 10дон  12ге чейин театрда, түшкү саат 13төн кечки 16га чейин курортология институтунда андан кийин түндүн бир далайына чейин кайра театрда жүгүрүп иштеп эч жаным тынчу эмес. Азыр ойлосом чарчаганды билбептирмин. Бирок канчалык тытынып иштесем да алаканымды ысытып жарытылуу маяна тапканым жок. Бул бир себеп болсо, экинчи себеби таэнем Аманаттын аманатын аткаруу, анын сыныкчылык касиетин улантуу вазыйпасынын мезгили, сааты келгенин жүрөгүм менен сездим. Мына ошондон баштап, тагыраагы 1990-жылдын 31-майынан бери ата-бабаларыбыздын тили менен айтканда сыныкчылык, азыркы түшүнүк боюнча костоправдык касиетти жөндөп жүрөм.

-Сыныкчылыкты жөндөө, же үйрөнүү оңой болбосо керек? Касиетпи, жөндөмбү, кандай айтсак да бул өтө тобокелчикке бара турган опурталдуу иш, коркуу сезими болобу?

-Тубаса талантың, жөндөмүң болбосо албетте кыйын, Сыныкчылык укумдан-тукумга өтүүчү касиет деп ойлойм. Кимдир бирөөлөрдөн үйрөнүп, же жогорку билимдүү дарыгерлик кесипти туура тандадым десең да баары бир каныңды дүргүтүп, эсиңди жыйдырчу касиеттин шыбагасы болушу абзел.

Жарыктык таэнемди улуу-кичүүлөрдүн баардыгы «Чоң Аманат» деп коюшаар эле. Койнунда жатып эс тарттым. Таянеме келгендердин аягы үзүлчү эмес. Талаадан чөп үйүп жүрүп арабадан жыгылып мойну тескери карап калган бирөөнү таэнеме алып келишти.  Таянемдин касиетине ошондо аябай таң калгам. Үнү Кудайга жетип келген  кишини  таэнем жерге тизелетип олтургузду шадылуу колдору менен кармалап жатып   тескери карап калган мойнун  заматта  ордуна салып койду.

Бул бир эле мисал. «Касиетиңден кагылайын, эч нерседен кем болбо» деп жалынган кишилердин далайын көргөм.  «Менин таэнем гана кыйын, ал баарын билет» деп мактанаар элем. Таянемдин касиети мага өткөнү үчүн болсо керек мага да  үндөрү Кудайга  жетип келгендер көп эле болот. Кандай күч, кандай дем экенин кээде өзүмө да табышмак,  колум жеңил, артымдан жаман сөз ээрчите элекмин, мага кайрылгандардын дээрлик баардыгынын алкыштарына, ыраазычылыктарына татып келеатам.

«Белим кыймылдабай калды, омуртка сөөктөрүм сыздап ооруйт, колум жакшы көтөрүлбөйт» дегендердин дарттарына дабаа болуп жүрөм. Сыныктын кайсыл түрү болбосун бул ак сөз, аттанып эле түшөм. «Колуңдан келбегенден кийин костоправмын деп мактанбай эле койбойсуңбу?» деген кайчы пикирлерди азырынча уга элекмин. Германиядан, Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан бери келгендерге эмим тийди. Мындан 4 жыл мурда Казакстандан Германияга кеткен немец жигиттин грыжасын айыктаргам, 15 күн дарыланып кеткен. Быйыл эки досу менен келмек пандемияга байланыштуу телефон аркылуу гана сүйлөшүүгө аргасыз болдук Сыныкчылыкты үйрөнсө болот, бирок ачык эле айтайын табиятыңдан жөндөм болбосо «колумдан келет» деп тобокелчиликке баруу туура эмес, бирөөлөрдүн убалынан коркуш керек.

-Шайлоо Жеңишович, устатыңыз барбы, же таэнеңиздин касиетине эле дем байлап жүрөсүзбү? Кандай болгон күндө да такшалуунун мектебинен өтсөңүз керек?  Алгачкы кеңешсиңиз, жол көрсөтчү насаатчыңыз кимдер эле?

-Устаттарым бар, ансыз болбойт да.   Маркум таэнем койнунда эркелеп чоңойгон сүйүктүү небереси кийин өзүнүн жолун жолдойт деп деле ойлобосо керек.  Бирок «сага бул касиет таэнеңден өттү» дегендерге толук кошулам. Ошон үчүн тукум кууй турган өнөрдүн, касиеттин, акыл-эстин, ал тургай  кулк-мүнөздүн, жүрүм-турумдун жөндөн-жөн эле калыптана бербестигине  турмуштук да, илимий жактан да көз карашымдын изин суутпай  бекемдесем деген изги тилегим бар.

Өзүмө-өзүм толук ишенгенге чейин бир топ эле кыйналганымды калыстык үчүн айта кетейин. 1989-жыл эле. Анда искусство институтунун студенти болчумун. Айрыкча күн бүркөлүп жамгыр жааган, кыскасы аба ырайы бузулган күндөрү менин да кабагыма кар жаап, тамакка да табитим тартпай көңүлүм аябай чөгөөр эле. Көөдөнүмдү боштукпу, ызага толгон букпу, кусалыкпы, айтор өзүмө түшүнүксүз сезимдер ээлеп, кулак уккус, көз көргүс жакка  житип кетким келчү. Жалгыздыкка кадимкидей жан жолдош боло баштагам. Сабакка көңүлүм жок маанайым чөгүп жүргөнүн алгачкылардан болуп Кыргыз ССРинин эл артисти Гүлшара Дулатова эжейим байкап:-«Шайлоо, сени курортология институтуна алып барайынчы, тааныштарым бар, алар эмне дешээр экен, жок дегенде кеңештерин угалы»-деп аталган институттун босогосун аттатырган эле. «Оо, сен бышып калган турбайсыңбы, касиетиң жүрөгүңдү кысып кыйналып жүрүптүрсүң»,- дешти. «Бүткөн турбаймынбы, бышыптырсың» дешкени эмне деп ого бетер маанайым чөккөнү эсимде.

Устатым Өмүргазы Орозакунов болду. Кесиби физик, сейсмология институтунда иштеген экен. Өмүргазы Нуралиевич өзгөчө шык-жөндөмгө ээ. Ал костоправ да,  элдик табып да  эмес, бирок  мал-мүлкүн, автоунаасын,  алтын, күмүш, зер буюмдарын, акчаларын уурдаткан кишилердин алкыштарын алып жүргөндөрдүн бири. Айтымчылык, көрөгөчтүк касиети менен айырмаланган адам, мыкты устат. Ууру-кескилердин издерин суутпай таап берүү жөндөмүнө ээ, айтканы-айткандай, дегени-дегендей дал келет. «Шайлоо, эч качан бирөөлөрдүн калың капчыгына кызыкпа, касиетти да аздектей билиш керек, аны качырып жиберсең бүттү, элдин ишениминен кетесиң, таэнеңдин арбагы нааразы болот»,-деген устатымдан тукум куучулук касиеттин, өнөрдүн, шык-жөндөмдүн күңгөй-тескейин ар тараптан кылдат үйрөндүм. Дээрлик 10 жылдан ашуун менден жардам сурап, даба издегендерден бир тыйын албай бекер көрдүм.

Устатым менен азыр да байланышым үзүлө элек. Ал кишинин айткан акыл-насааты, берген кеп-кеңеши мага аба менен суудай керек экендигин ар дайым сезем. Келинчегим Айнуранын өкүл атасы, демек өз атабыздай көрөбүз.

-Азыр «ийне да бекер сапталбайт, пулуң болсо-кулуңмун» деген заманда бекер кызмат көрсөтүлөт дегенге ишенгендер дээрлик жок. Эгерде жашыруун болбосо сизге кайрылгандар канча төлөшү керек? Кайрымдуулук, жеңилдик дегендерге жол бересизби? Күндө канча киши көрөсүз, чарчайсызбы?

-Устатым улуксат бергенден тартып кызматым үчүн акырындык менен акы ала баштаганымды танбайм. Алгач ар бир көргөнүм үчүн 50 сом, азыр болсо 300 сом алам. 5 маал намаз окуган, кичи ажылыкка барган такыба адам катары кайрымдуулукту унутпайм, жалгыз бой кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жетим-жесирлер үчүн жеңилдиктер бар. Айрымдарын акысыз көрөм. Бирок «акчам жок эле, кийин бир келгенде төлөп кетейин» дегендер да кездешпей койбойт, андайларды өз абийирлерине коем.

Күндө мынча киши көрөм деп айта албайм. Кээ бир күндөрү мага кайрылгандар болбой да калат.  Бул убакыт, саат менен өлчөй турган иш эмес, түндүн бир оокумунда, же  таң агарып  келеатканда да үндөрү Кудайга жетип озондоп келгендерге таттуу уйкумдан ойгонуп жардам берем. Чарчайм, ал эми ар бир адамдын «аурасына» жараша болот. Кээде бир эле киши эсимди эки кылып, алсыратып салат.

-Сиздин касиетиңизди түшүнүп ага баа берген, жолуңузду жолдой турган балдарыңыз барбы?

-Уулум Элчибекте, кызым Айданекте бар.  Бирок алар жолумду улантат деп айта албайм. Элчибек архитекторлук кесипти аркалап кетти, Айданек болсо мектепте окуйт. Тубаса шык, тукум куучулук касиет аларды кандай жолго салат, аны убакыт көрсөтөөр...

-Шайлоо Жеңишович, «Жигитке 70 өнөр аздык кылат» деген накыл-кеп сиздей эр азаматтарга айтылса керек? Ишкерликти, фермерликти, багбанчылыкты, баарынан да бой үй жасаган кол өнөрчүлүктү кантип өздөштүрүп жүрөсүз? Айылдык кеңештин депутаты, «Кожояр» коомдук фондусунун жигердүү мүчөсү катары да элеттин коомдук, саясий турмушуна камыр-жумур аралашаарыңызды айттыңыз...

-Жер менен иштегенге не жетсин. Багбанчылык андан да жакшы, күзүндө шагы ийилип бышкан алма-өрүктү өз колуң менен үзүп жегенден өткөн ыракат барбы?! Эки жылдан бери багбанчылыкка ыкташып кеттим. Көчөтү Италиядан келген алманын жаңы сортун олтургуздум. Быйыл ойдогудай түшүм алабыз деген ойдо турабыз. Гектарлап жер иштетем, мал кармайм, кыскасы тыным жок.

1998-жылы Бишкектен айылга биротоло көчүп келгенден тартып эле  келинчегим  Айнура экөөбүз тытынып тыным албай жүрөбүз. Боз үй жасаганга балким мурда эле кызыксам  керек, бирок маани бербептирмин деп ойлойм. Маркум кайнэнем  Оңол Матанова облуска гана эмес, республикага белгилүү «жез оймок» эле. Ал кишинин көтөргөн ак өргөлөрү коңшулаш Казакстанга чейин жеткен. Манастын 1000 жылдыгынан баштап, көчмөндөр оюндарына, республикалык, эл аралык деңгээлдерде өткөн маданий-массалык иш-чараларда, айрым расмий салтанаттарда тигилген кайнэнемдин боз үйүнүн даңкы ушул бүгүн да көөнөрбөй айтылып жүрөт.

Мен биринчи жолу 12 канаттуу, 120 баштуу боз үй жасагам. Маркум кайнэнем оңой менен бирөөнү мактачу эмес, бирок биз  көтөргөн ак өргөгө ыраазы болгон эле. Андан бери канча боз үй жасадык, ошентсе да биринчи кол эмгегибизге  баа жетпейт. Кайнэнемдин таңдан кечке тыным албай мээнеттенгени таң калтырчу, чынын айтсам суктанчумун.

-Шайлоо Жеңишович, өнөрүңүз көп экен, кайсыл жумушуңуздан көбүрөөк ыракат аласыз?Кечээки Ш. Шадыканов  бүгүн кандай өзгөрдү?

-Ш.Шадыканов бир топ эле өзгөрдү. «Актермун» деген көкүрөк  керип жүргөн жалындуу жаштык артта калды. Бирок жаш кездеги, ал тургай өспүрүм курактагы өжөрлүгүм дале канымды дүргүтүп турат. Өтө шайыр элем. «Маанайым чөктү» дегендерге түшүнбөй каткырыгым таш жарып жүргөн бир учурду эске салган  кан досум Абдыбакас Осмоновдун айтуусу боюнча мен жакшы эле токтолуптурмун.  Өзгөргөнүм ушул да.

-«Таажы вирусу  Кудайдын сыноосу, элдин пейили тарып, ниеттери бузулду» дегендерге кошуласызбы? Көз карашыңызды билсек болобу?

-Заман жакшы, бирок элдин пейили тарыды, ниеттер бузулду дегендерге кошулам. Эмнегедир Ач көздүк, алдым-жуттумдук өз үстөмдүгүн жүргүзгөндөй сезилет. Ден соолуктан, тирүүчүлүктөн өткөн байлык жок экендигин эске салган дүрбөлөңдүү бул апааттын сыноосун сабырдуулук, акыл-эстүүлүк менен жеңели дегим келет.

Маектешкен:

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,журналист.

kasymova.info