Шайлоонун шайтан оюндары башталдыбы, аягы эмне менен бүтөөр экен..?

Шайлоонун шайтан оюндары башталдыбы,  аягы эмне менен бүтөөр экен..?

"Республика" партиясынын  талапкери Тынчтыкбек Алтымышев 22-сентябрда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Нарын районунун Алыш айылындагы Республика  партиясынын  агитаторун  "Мекеним Кыргызстан" партиясынын жактоочусу сабап салгандыгын жазып чыккан. 

Алтымышевдин айтымында, алардын ортосундагы чыр-чатактын себеби No2 формага катталган шайлоочулардын айынан келип чыккан делет.

"Республиканын” өкүлүнүн билдирүүсүнө жооп кылып, “Мекеним Кыргызстан” партиясы Тынчтыкбек Алтымышевдин “жалган материалдарды” тараткандыгына байланыштуу партиянын юристтери БШКга арыз даярдап жаткандыгын белгилеп, билдирүү таратты. 

Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгы "Республика" партиясынын агитаторун ур-токмокко алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки процесстер  башталгандыгын билдирүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, 25 жаштагы Алтынбек Асеков 22-сентябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгына кайрылып, Алыш айылында аны Максат аттуу жигит  өзүнүн достору менен сабагандыгын  айткан. Тергөөнүн алдын-ала маалыматы боюнча, Алтынбек Асеков менен  запкы көргөн  Максат буга чейин майрамдык иш-чарада урушуп кетишкен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, Максат ооруканага түшкөн.

Күч органдары Алтынбек Асеков "Республика"  партиясынын агитатору экендигин, ал эми Максат  “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитатору болуп иштегенин тастыкташты.

БШК бул иш боюнча комментарий бере элек.