Шайлоонун `шайтан` оюндары башталдыбы..?

Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка көрсөтүлүп жаткан, көлдүк жигит Талант Иманов

Шайлоонун `шайтан` оюндары башталдыбы..?

Бишкек шаардык кеңешине  депутаттыкка  көрсөтүлүп жаткан, көлдүк жигит Талант Иманов  көлдүн  эли  чогултуп берген  картошканы өз атынан  карантинде элге тараттырган айыбы ачылып калды. Депутатыкка талапкер жигиттин жакын таанышы Камила аттуу аял «ушул баланы шайлап бергиле»-деп   мектептерге , анча мынча элге таратып, калганын тааныштарына , туугандарына таратып бериптир, деп жазат ФСбук колдонуучу Эльмира Токоева. Ошондой эле Элмира Токоева нааразылык постун  андан ары  минтип улантат.Ушундайлардын айынан 25 жылдан бери өйдө көтөрүлө албай келебиз.Мындайлар эртең да бирөөлөргө чуркап, алардын жугундусун ичкенден кайра тартпайт.Бул  «баатырлардын» жүзүн көргүлө. Элин сатып пайда көргөндөр, деген билдирүүсүн калтырды. Булар Биримдик  партиясынан  экендигин,  андыктан аталган партияны  шайлоонун  тизмесинен  алып таштоо  керек деген  пикирлерин дагы калтырышты  интернет колдонуучулар.