Сибирь жарасы көзөмөлдө 

Сибирь жарасы көзөмөлдө 

Сибирь жарасына шектелген Ат-Башы районунун эки тургуну Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Алардын акыбалы канааттандырарлык.

 Буга чейин Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Максат Кадыркулов жалпыга маалымдоо каражаттарына эки тургун сибирь жарасы илдетине чалдыккандыгын жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык мекеменин анализдерине таянып кабарлаган. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы лабораторияга жөнөтүлгөн ооруга шектүү тургундар анализдерди антибиотикалык дары-дармектерди кабыл алгандан кийин тапшырышкан.

Ал эми Нарын райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог врачы Өмүрбек Кубанычбеков билдиргендей, “Оорулуулардын анализдери Бишкектен тастыкталган жок. Бирок, оору катталган адамдар контакт болгон уйдан, уйдун этинен, уй союлган топурактан анализдери оң (положительный) болуп чыкты. Андыктан, эки адамга клиникалык-эпидемиологиялык диагноз коюлду. Оорунун инкубациялык периоду- он төрт күндүн ичинде уйдун этин жеген адамдар, Коюнду-Колот жайлоосундагы алар менен контакт болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлдө болушту. Аларга антибиотикалык терапия берилди. Айыл жеринде уйдун этин алган адамдарга дагы антибиотикалык терапия берилип, калган эттер алынып, жок кылынды. Учур 2-сентябрда катталган”.

Ошондой эле, Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Айтыкан Жапаракунова маалымдагандай, илдет катталган тургун Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн Кара-Тал айылында жашайт. Анын малы Коюнду-Колот жайлоосунда жайлайт. Бул жер оорунун очогу жок таза жер катары эсептелип келинген. Малды сойгондо аркандын жиби, салафандар чыккан. Учурда оору чыккан очоктун тегерегиндеги 166 баш ири- мүйүздүү малга, 2310 кой-эчкиге, 29 атка, 6 итке сибирь жарасын алдын алуу максатында вакцинациялоо жүргүзүлүп бүттү. Буга чейин дагы Ат-Башы районунда малдарга сибирь жарасын алдын алуу үчүн вакцинациялоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда Бишкектеги чумага каршы станциядан топурактын кошумча анализин күтүп жатабыз”. 

Эске салсак, сибирь жарасы чыкты делген уйдун этин 12 үй-бүлө сатып алган. Азыркы тапта 68 адам үй көзөмөлүндө. Аларда оорунун белгилери жок. Баш-Кайыңды айыл өкмөт башчысынын буйругу менен Кара-Тал айыл өкмөтүнө карантин жарыяланган.

 Сибирь жарасы – малдан жугуучу эң коркунучтуу оору. Ал денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Андан сырткары канды да бузат.

Гүлзада Турдалиева, журналист Нарын шаары.