С.Жапаров; Мыйзам иштелип жатат, президенттик шайлоого катышууну айтуу эрте.

С.Жапаров; Мыйзам иштелип жатат, президенттик шайлоого катышууну айтуу эрте.

Учурда  «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалууда.Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 19-октябрда Орусиянын «Россия 24» телеканалына берген интервьюсунда президенттик шайлоого байланышкан суроого жооп берди.

«Учурда парламентте тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатат. Эгерде анын жыйынтыгында мыйзамдар өзгөртүлсө, президенттик шайлоого катышам. Бирок азыр бул тууралуу айтуу эрте. Бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек», - деди Жапаров.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди.,Учурда  Президенттин милдетин аткаруучу  жана  премьер-министрликти  Садыр Жапаров аткарууда.