ТАГДЫР ; Лондондо Гүлгаакы тууралуу фильм тартылды.

ТАГДЫР ;   Лондондо Гүлгаакы тууралуу фильм тартылды.

 Урматтуу окурман эсиизде бар чыгаар. Нарын шаарынын тургуну, эгиз уулдары чарчап калып, бир кыз, бир уулу бар, 2-топтогу майып, автокыр­сыктан беш жолу оор опера­ция болуп, оң колунун манжа­лары кесилип, оор дартка чалдыгып, Улуттук онколо­гиялык ооруканадан операция жасалып, химия-терапиялык жол менен дарыланып, таяк менен араң басып жүргөн Гүлгаакы Исаеванын асыран­ды баласына болгон , жандан бүткөн энелик ысык сүйүүсү, пендеде жок жалындаган мээрими тууралуу жазып ке­латабыз.

Ооба, 1994-жыл­дын 25-январында түн бир оокумда эшигинин алдына таштап кеткен жаңы тө­рөлгөн наристеге Куштарбек деген ат коюп, анын буту баспай, тили сүйлөбөй жа­рым жан болуп калганына кайыл болуп, өзү оор илдет менен кармашып келатка­нына карабай 23 жылдан бери бапестеп багып келе жат­кан боорукер эне тууралуу Лондондо тартылган фильм жакында көрүүчүлөргө тар­тууланды. Муштумдай жүрө­гүндөгү энелик мээрими менен бүтүндөй ааламды жылыта ала турган кудурети күчтүү теңиртоолук ЭНЕни жар са­лып, даңазалаган бул фильм дүйнө элинин сезимин “селт” эттирип, таазим эттирди.

МЕН СУЛТАН РАЕВМИН ДЕГЕНИНЕ ИШЕНБЕЙ...

2013-жылдын жазында дарты күчөп, онкологиялык оорукана­да жатып чыгып, дарыгерлердин жол жүрүүгө болбойт дегенинен улам Бишкекте сиңдисиникин­де төшөктө жатканда бейтааныш адам чалып, ал-жайын сурап:”­Мен Маданият министири Сул­тан Раевмин”-дегенде чочуп ке­тет Гүлгаакы.

-Кечиресиз, мен ооруп, төшөк­тө жатам, сиздин мындай тама­шаңызды көтөрө албаймын,- дейт Гүлгаакы ызалана, алсыз сүйлөп. -Мен Раевди телевизордон гана көрүп жүрөм.

-Гүлгаакы, ишенип коюңуз, мен чын эле Раевмин деп ишен­дире сүйлөгөндө гана уялып ке­тип:” Эгерде чын эле Раев болсо­ңуз анда сиз менен сүйлөшүү мен үчүн чон урмат, бирок телефо­нумду кимден алып эмнеге чалга­ныңызды түшүнбөй турам,”- дейт кайра-кайра кечирим сурап.

-Мен жакында Германияга ко­мандировкага бардым эле. Сиз тууралуу ошол жактан уктум,-деп жан-алы калбай ден соолугун су­раптыр министр Султан Раев.

ЧӨГӨЛӨП, КОЛУНАН ӨБҮШҮП...

Өзүнүн айтымында бул окуя мындан беш жыл мурда болуп­тур. Уулу Жакып кир жууп, жуба­йы Орозобек Куштарбекти сүйрөп сыртка чыгып баратканда үйүнүн жанына токтогон кымбат баа­луу машинадан топураган чоочун адамдар түшүп кирип келишет. Арасында Муратбек Субагожоев атындагы Кыргыз-түрк лицейи­нин мугалими Гүлнара Тиленбае­ва да жүрүптүр. Тааныша келгенде алар Германияда жашаган түрк­төр экен. Көрсө Гүлгаакыны жак­шы таанып, жардам берип жүргөн Гүлнара Тиленбаева алыстан кел­ген меймандарга ал тууралуу ай­тып берип, атайылап жолукканы келишиптир.

-Алар өтө кичипейил адамдар экен, сүрдөгөнүмдөн эмне дээ­римди билбей калдым-дейт Гүл­гаакы.-Сиздей мээримдүү энени көргөн да уккан да эмеспиз са­кайып кетиңиз,-дешип чөгөлөй калып, колумдан өөп, чекелери­не тийгизип, ыйлап да алыш­ты. Сумка толгон тамак-аш алып келишиптир. Бишкекке доктурга жатканга акча таппай турдум эле 7 миң сом чогултуп беришип, жылуу коштошуп кетишти. Көрсө Султан Раев Германияга барганда мен тууралуу ошол биздин үйгө келип кеткен түрк туугандар айтышып­тыр.

ТАСМАГА КАЙГЫГА БАТЫП ТУРГАНДА ТАРТЫЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында тагдырдын жазмышы Гүлгаакыны кайрадан оор сы­ноого кабылтты. Өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү болгон ачык-ай­рым, тамашөкөй, кабагым-кашым дебей оорукчан аялын, 23 жылдан бери коляскада олтурган Куштар­бегин багып аткан өмүрлүк жары Нарын шаарынын ардактуу атуулу Өмүралиев Орозобек капилеттен катуу ооруп, Бишкектеги оорука­нага жатып калды. Дарыгерлердин дартына дабаа табалбайбыз де­ген жүрөк үшүткөн суук кабары Гүлгаакынын жүрөгүн сыздатып, айласын таппай турган кезде те­лефон чалып калды Султан Раев. Ал-жайын сураган соң “Би-Би- Си” кыргыз кызматынын журна­листи Гүлнара Касманбетова Лон­дондон Канадада жашаган кызын ээрчитип, операторлорду алып, Гүлгаакы тууралуу документал­дык фильм тартууга келгенин, аларды өзү алып бараарын айтат. Санаасы санга, ою онго бөлүнүп, карайлап турган Гүлгаакы жуба­йынын ара жолдо жатканын ай­тып ыйлап, өтүнүчтөрүн кыя ал­бай аргасыздан макул болот. Өзү айткандай ары карап ыйлап, бери карап күлүп, меймандарды тосуп алып, эки күн алардын айтуусу менен тартылышат. Тасмадагы айрым эпизоддорго Матен Сы­дыков атындагы орто мектептин окуучулары да катышат.

Аттиң, ал тасмага Орозобек тартылбай да, көрбөй да калды. Ооруканадан чыгып, үйүнө кел­генден үч күндөн кийин көз жум­ду.

 ГҮЛГААКЫНЫН КАЙРАТТУУЛУГУ ТАҢ  КАЛДЫРАТ

Экөөбүз көп жылдан бери эже-сиңдидей, сырдаш-муңдаш­пыс. Мени Куштарбегин 23 жыл­дан бери канатына калкалап, илдети күчөгөндө жаны көзүнө көрүнүп, ооруну басаңдатуучу күчтүү дарыларды ичип дал­бастаса да уулунун жан чыдагыс азабын тартып келатканы таң­галдырат. Ооба Гүлгаакынын энелик жүрөгү бир башкача... 2007-жылы ооруканада жатканда “Мен болсо кудайдын буюрга­нын көрөөрмүн, кокустан көзүм жумулуп кетсе Кушумдун көргөн күнү не болот?”-деп ыйлаган Гүл­гаакыга айран таңкалышкан ага- туугандары. Операция болоордо Куштарбекти аргасыздан Биш­кектеги балдар үйүнө тапшырып, эки айдан кийин денесине жара чыгып, арыктап, сүлдөрү гана калган Кушусун көрүп, буркурап ыйлап, туугандарынын: ”Мунун азабын тарткандан көрө кара жаныңды бак”-дегенине көнбөй жандай көргөн уулун таштабай алып келе берген эле Гүлгаакы.

Дүйнө элин ары кызыктырып, ары таңдантып, асыранды уулу­на болгон энелик сүйүүсүнүн күчтүүлүгүн, өзүнүн жармач жа­шоосун, жан кыйнаган оорусун укмуштуудай кайраты менен жеңип, өмүрдүн ыйыктыгын, кымбаттыгын даңазалай өмүр кечирип жаткан Гүлгаакы туура­луу Лондондо тасма тартылды. Биз жердештери оорунун азабын тартып, Куштарбегин багып, азыноолок пенсиясы менен эп­теп жан сактап жаткан мээрман эненин баркын билбей унутта калтырып койдук...

Бурулсун ДЫЙКАНБАЕВА.