Таланттуу диктор Жолдубай Кайыповдун жубайы сүрөтчү - дизайнер Жумабүбү Кайыпова да акка моюн сунду...

Таланттуу диктор Жолдубай Кайыповдун жубайы сүрөтчү - дизайнер Жумабүбү Кайыпова да акка моюн сунду...

Уз, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Ишенаалы  Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм кол өнөрчүлүк жана дизайн кафедрасынын доценти  Жумабүбү Кайыпова ааламды каптаган таажи илдетинин айынан акка моюн сунуп, дүйнө салды.

Мындан туптуура үч жыл мурда белгилүү композитор,  диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыповдун 70 жылдыгына карата  атайын  маектешүү уюштуруп, анын өмүрлүк жубайы Жумабүбү Кайыпова менен  журналист Бурулсун Дыйканбаева  маектешип, аты аталган улуу инсандын  биз билип  билбеген,  жашоосу жөнүндө суроо салып, жооп алган эле. Аттиң, бири кем дүйнө, жолдошунун  арбагына, элге кылган кызматына таазим этип, кубанып да капа болуп  да көзүнө жаш алып отурган  сүрөтчү-дизайнер эжекебиз да  буркан шаркан албуут  дүйнөнү  калтырып кетти... Биз төмөндө  мына ушул  үч жыл мурда жазылып калган маекти кайрадан окурмандардын назарына сунуш кылмакчыбыз. Биз өткөндү эскермейинче, учурдагы тарыхты жарата албаспыс.

Кайыпов, Жолдубай - Wikipedia

    «Таланты ташкындаган  асыл жандын жары  болгонума каниеттенем»

         Узап бараткан жылда  эл-жерибиздин эркиндиги үчүн башын канжыгага байлаган баатырлардын,  эл бийлеп, журт баккандардын, акжаркын таланты менен   өз өмүрүнө  из калтырып  кеткен теңиртоонун чыгаан залкарларынын мааракелери өткөрүлүп, эл жүрөгүндө жашап калган  элестерине таазим этилди. Алардын  бири  ырчы, обончу, белгилүү диктор  Жолдубай Кайыповдун жубайы  белгилүү уз, саймачы, буюм-тайымдары  Москвада, Римде, Делиде  өткөн көптөгөн эл аралык көргөзмөлөргө коюлган,  Эл агартуунун отличниги,  И.Арабаев атындагы . Кыргыз мамлекеттик  университетинин көркөм кол өнөрчүлүк жана дизайн кафедрасынын доценти  Кайыпова Жумабүбү менен маектештик.

        -Жумамабүбү  Баялиевна, сиз менен маектешээр алдында ар пенденин маңдайына жазылган  бу тагдыр дегениң  кысталыш кыйын кезде да мизинен тайып койбогон, өз өкүмүнөн түк кайтпаган  катаал нерсе белем деген өкүнүч  жүрөгүмдү удургутуп өттү. Бу тирүүлүктө телегейи тегиз, армансыз адам болбостур. Кыргыз элинин таланты ташкындаган уулу, кол менен жасап койгонсуган келишимдүү келбети, ачык күндөй жаркылдаган жайдары мүнөзү, нагыз адамкерчилиги менен элибиздин жүрөгүндө жашап калган  асыл жарыңызды эскерүү канчалык оор болсо да өткөн  күндөргө кайрылып...

   -Ии, (Жумабүбү эже  ичинен тынып, оор улутунуп алды)  Мен үчүн аялдык бактымдын туу чокусу, жашоонун кайталангыс  рахаттуу күндөрүн бирге өткөргөн Жолдубай менен жашаган  20 жыл  дээр элем.  Жараткан  никемди  мүнөзү күндөй жылуу, көлдөй терең, төрт тарабы төп келген асыл адамга буюрганына ыраазымын.

    Экөөбүздүн ата-энебиз топоз багып, жайкысын “Каманды-Сууну” жайлашаар эле.  Кечкисин бой тартып калган балдар кыздар  селкинчек тээп, акчөлмөк, жоолук таштамай ойноп, черибиз жазылчу.  Жолдубай  айыл чарба техникумун бүтүрүп келип, «Пограничник» колхозунда  зоотехник болуп иштеп жүргөн кези. Мен  9-класста окучумун. Жайлоодон таанышып, сүйлөшүп калдык. 10-классты жакшы бүтүрүп, окууга барганга даярданып жатканымда  ала качып кетти. Айылда бир жыл жашап,  Фрунзеге көчүп келип,  ал жаңы ачылган Искусство институтунун вокалдык бөлүмүндө, мен Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунан окуп калдым. Бардык жаш жубайлардай эле турмуштун түйшүгүн тартып, батирден-батирге көчүп, жашап жүрдүк.

        Ата-энесине болгон сүйүүсү, мээрими бир бөтөнчө эле. Айрыкча апамдын  көзүнүн кареги менен тең айланып, малдын, үй оокатынын түйшүгү оңойбу деп  аяп турчу.Тогуз бир туугандын улуусу болгондуктан бир туугандарына  үйрүлүп түшүп,  акыл-насаатын айтып, турмуштан өз ордун тапса деп түйшөлүп, толгончу.

 Кайын-журтунун жакшы көргөн, сүймөнчүктүү күйөө баласы эле. Бир  кыз, эки уулдуу болдук, баласаактыгы башкача.  Түнкүсүн  бала «кың» десе эле  дароо ойгонуп, мени аяп өзү тура калып, сүт жылытып берчү. Кызматтан келгенде  күлүп-жайнап, күндөлүктөрүн текшерип, жомок айтып берип, дем алышта  паркка алып барып, аттракциондорго түшүрчү. Айыл турмушунан  алыс болуп калбасын деп  жайкы каникулда  атабыздыкына жеткирип келчү. Айылга барганда  аксакалдардын  үйлөрүнө барып, ал-жайын сурап, ат минип алып, сарайга дейре  барып келчү. Чөп чаап, шыбак  шыбачу.

         Куудул, тамашөкөй эле. Анекдот  айтканда курдаштары көзүнөн жаш чыкканча күлүшчү. Тойлордо күлкүлүү  оюн-шоокторду ойлоп таап, жарпыбызды жазчу.  Меймандостугунан  үйүбүздөн келим-кетим үзүлчү эмес, шаарга баргандардын баары биздикине келишчү. Квартирада жүргөндө өзүбүз кире беришке тыгылып жатып калган күндөрүбүз да болгон.  Керели-кечке эле ашканада тамак жасап жүрчүмүн.   Айылдаштары  доктурга жатып калганын укса тамак жасатып алып барып, чоң доктурларга көрсөтүп, дары-дармегине жардам берчү.

      «Каманды-Суу» жайлоосуна барып калганыбызда үйгө дароо кирип барбастан уйдай болуп боз үйдү жөөлөй баштаганда  апам:«+ш! өлөт алгыр!»-деп кыйкырып эшикке чыга калып,  бизди  кучактап баса жыгылчу.  Эне-баланын бири-бирине болгон мээрими, сүйүүсү  бир башкача эле. Жайлоодогу жаш балдар   үчүн биздин барганыбыз майрамдан артык болчу. Жолдубайдын  сууну тостуруп  жасаган көлмөсүнөн балдар  кетчү эмес. Ийнеден кайырмак, майкадан тор жасап берип балык карматтырчу. өзү кармаган балыктарын кургатып, шаардагы досторуна алып барчу.

     Табиятты жандили менен сүйчү, бөтөнчө кыялкеч эле. Март айынын башында  жаздын жытын жыттайлы деп тоого чыкчубуз.  Гүлдү көргөндө көздөрү жайнап кетчү. Кызгалдак, сирень гүлдөгөндө бир кучак кылып көтөрүп келчү. Көзү өткөндө  жаз келгенде эле баягы жыты аңкыган ажайып  жайнаган  гүлдөрдү сагынып, кусаланып   ыйлап жүрбөдүмбү.

       -Тубаса талант  коңулда катылып жаткан  мөлтүр булактай эмеспи. Көзүн ачып койсоң чаңкап турганда суусунуңду кандыргандай   өнөр көрөңгөсү көкүрөк көөдөнүнө батпай өрөпкүткөн улуу талант кудурети Жолдубай аганын кыска өмүрүнө кызгалдактай гүл өндүрүп, артына асмандагы чолпон жылдыздай жанып турган из калтырып кетти. Сөз учугун чыгармачылыгы тууралуу уласаңыз.

         -Ким билет а балким Жолдубай Жаңы-Күчтө зоотехниктик кесибинде иштеп жүрө берсе көп кырдуу талантын өз айлынан бөлөктөр билбей калмак беле. Бала кезинде тутанган өнөрү искусство дүйнөсүнө алып келди. Студент кезинде  эле Опера балет театрына солисттикке алышты. Артисттердин айлыктары аз кыйналып жүрдүк, сегиз жыл иштеди. 1973-жылы  Кыргыз телевидениясынын башкы режиссёру  Балташ Кайыпов агайдын жетекчилигинде дикторлукка жарыяланган конкурстан өтүп кетип, өмүрүнүн акырына чейин телевиденияда  эмгектенди. Жетимишке жакын обондорду жаратты, айрымдарынын ырын өзү жазган.   Белгилүү акын  Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгын баалачу, ынак эле, экөө чогуу иштечү.  Акындын «Таңкы поезд», «Алгач сүйүү», «Узатуу вальсы», «Майрам ыры», «Эстен кеткис балалык» деген  көптөгөн ырларына обон чыгарган.  Ал эми «Атам менен энеме» аттуу ырын  ушунчалык уккулуктуу, кусалануу менен аткарчу. СССРдин эл артисти Асанкан Жумакматов, Балташ Кайыпов, Жолон Мамытов сыяктуу көптөгөн  акындар, белгилүү инсандар    менен бир туугандай мамиледе болчу. Алыкулдун ырларынан рахат алам, жан дүйнөм  жашара түшөт  деп ырларын  үн чыгарып окучу.  Ар бир жаңы чыгарган обонунун алгачкы угуучусу да, сынчысы да мен элем. Жаңы обонун  жаратаарда  эшиктен киргенде эле көздөрү жайнап, ичинен  кыңылдап, аккардеонун колуна алганда эле жолтоо болбойлу деп акырын сыртка чыгып кетчүбүз.  Тээ далайдан соң  күлүңдөп чыга калып, шатыра-шатман болуп тамакка олтурчубуз. Убакытты, эс алганды баалай билчү. Кечинде  огородго айдаган жашылчаларды, гүлдөрдү сугарып, кыңылдап ырдап, балдары менен ойноп  жүрө  берчү. Экөөбүз бирге жашаган жыйырма жылда   колу тиймек түгүл катуу сөз айтып, көңүлүмдү калтырган жок, болоор-болбоско таарынып, бултуюп калсам каткырып-күлүп эркелетип эле жазып алчу.  Мындай суктаанарлык жаркын  турмушубузга, ынтымагыбызга көз тийип кеттиби деп да кетем.    

        -Жумабүбү Баялиевна, Москванын атактуу диктору,  коңур үндүү Левитан совет элине кандай  даңазалуу болсо  көгүлтүр экрандын көркү  Жолдубай аганын  Кыргыз телесиндеги алып баруучулук өнөрү да  дал ошондой атак-даңктуулугу менен  эл жүрөгүндө түбөлүк  жашап калды. Атайылап кол менен жасап койгонсуган жүзүнөн нур төгүлгөн айжаркын жүзү, коюу капкара каштары, карагаттай  көздөрү,  бийик интеллекти,  бийик ой чабыты,  коңур мукам үнү, күйүп-жанган жагымдуу кыймылы-аракети менен көрүүчүнү арбап алып, жүрөккө нур жиберип тургандай      туюлчу. Дегинкиси Жолдубай  агабыз  желеден чыккан тулпар, уядан учкан шумкар эле...

      -Ооба,  дикторлукта чыныгы чыгармачылык, ушунчалык  эргүү менен иштеди. Ар кыл телефестиваль, телеконкурстар, маданий массалык оюн-зоокторду, эсимде калгандарынан айтсам “Акындын экраны,” “Жазуучу жана турмуш”,”Кайнар булак”, «Тогуз кайрык», “Кыргыз искусствосунун адамдары”, «Сен сүйгөн обон», »Таанышып коюңуздар,» «Ырдайлы достор, ырдайлы» аттуу көрсөтүүлөрдү, айрыкча көрөрмандар күтүп көргөн  ”Ыр кесени” ажарына чыгара алып барчу. Эми ойлосом кесибине жан оту менен берилип, жанын сабап иштептир. Кызматтан келгенде да эс албастан тексттерди кайра-кайра окуп, ар бир көрсөтүүсүн ийине жеткире жүрөгүнөн өткөрүп туруп, анан экранга алып чыкчу.

          1981-жыл  жылдызы жанган, көп кырдуу таланты бааланып, өзү ойлобогон жакшылыктарды жылоологону менен эсибизде калды. Орто Азия республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн «Эң мыкты диктор»  кароо-сынагында  баш байге ыйгарылды. Көп узабай  Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды. «Ырларым менин сырларым» аттуу фильм-концертти таланттуу режиссёр, Кыргыз эл артисти Бейшенбек Мамбетакунов  тартып, каза болоорго алты ай калганда  эфирге чыкты. Андагы «Атам менен энеме» деген ыры кыргыздын классикалык ырларынын катарынан орун алып, артында калган ата-энесине калтырган керээздей туюлат. Көзү өткөндөн кийин «Ырлар» аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыкты.  

         -Каран калгыр  ал күн 1984-жылдын 29-мартындагы Кайыпов  каза болуптур   деген суук кабар бүтүндөй кыргыз журчулугунун  жүрөгүн сыздатып, көзүнө жаш тегеретти эле.  Отуз жети жашында  капилеттен   канкорлордун колунан  күлгүндөй өмүрү кыйылган таланттуу,  жаркын жүздүү жубайыңыздан айрылып, өзөктү өрттөп, жүлүндү жулуп кеткендей болгон муң-зарды көтөрө билүү оңойго турбагандыр.

   -Ажал алдында баарыбыз алсыз экенбиз да. Айла канча, көтөрдүм. Жүрөккө муз тоңдурган ал күндү эстегим да келбейт.  Жаңы бүткөн  көп кабаттуу үйлөрдөн төрт бөлмөлүү квартира алганбыз, телефон коюла элек. Жумуштан кетип баратып, телефон чалсам:»Балдарды циркке киргизгемин, жумуштан чыккандан кийин алып барам»-деди.   Аттиң, анда акыркы жолу үнүн укканымды кайдан билдим. өзү жакшы көргөн мантыны жасап күтүп олтурсам  саат 9 жарымда балдарым келип:»Атамды  көпкө күтүп, келбегенинен жөө келдик»-дешти.  Бир жакка бараарда  сөзсүз телефон чалчу. Жүрөгүм сестене түштү. Уктаган жокмун,  түнкү саат 3 болгондо  кайнимди ойготуп, издейли десем жолдошторунун бириникине конуп калгандыр, келип калаар,- деди. Таң атып калганда  Светлана деген диктордукуна келсем:»Жолдубай адатынча ар кайсынын айтып, бизди күлдүрүп атып, жумуш бүткөндө балдарымды алам деп циркке кеткен, үйгө келген жокпу?»-деп чочуп кетти. Экөөбүз  көчөгө чыгып, Светлана милицияга телефон чалып, машинасынын  номурун сурап жатат,- деп телефонду мага бере койду.  Орус милиционери экен, киши колдуу болуп,   каза болгонун айтып салды.  Жер көчүп, көзүм караңгылап кетти.   Көрсө ашкере боорукерлиги, адамкерчилиги  ажалына  себепкер болуптур. Жол боюнда кол  көтөргөн жаштарды машинасына салып келатканда  мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Ал наадандар  кимдин өмүрүн кыйышканын да билишпептир.

           Мени  алигиче ушул нерсе таңгалтат, ал балким түшүнө  аян бергенби. «Волна» деген ресторандын  кесмесин  жакшы  көрөм десем тез-тез алып бараар эле. Күндөрдүн биринде ресторандан чыгып  келе жатсак мени кучактап:»Жумаш мен жок болсом  сен кыйналасың го, кантип жашаар экенсиң»-деди. Мен тамаша катары көрүп:»Сен командировкада жүргөндө деле жашап жүрбөйбүзбү»,-деп күлүп койдум. Каза болоордон мурда  кагаздарын жыйнаштырып жатсам   бир кагаздын четине:»Жашоодо жалп этип өчсөм бала-бакырам, ата-энем кантээр экен»?-деп жазып коюптур. Ошол учурда ооруп аткамын, бул эмне деп жазганың?,-деп сурай албай калганыма өкүнөм.

        Жүрөктү эзген муң-кайгыдан  өмүрүм өкүттө өтсө да жакшыдан калган бар байлыгым бактым болгон атадан эрте калган   жалгыз  кызым менен  эки уулума энелик мээримимди арнап, атасы жоктой кылбай таалимдүү тарбиялап, тууруна кондурдум. Кудайга шүгүр, турмуштан өз ордун таап, бала-чакалуу болушту, турмуштары жакшы. Айнуранын кесиби дарыгер, учурунда  теледе диктор болуп да иштеген.  Бакыт Ленинграддан Жогорку аскер мектебин бүтүргөн, жеке ишкер, Бакайдын кесиби МАИ кызматкери. Неберелерим  чоң атасынын ырларын угуп, сүрөттөрүн, клиптерин көргөндү жакшы көрүшөт.

        Өз ата-энемдей көргөн атам менен менен апама болгон урмат-сыйым бөтөнчө,   алдымдан кыя өтпөй  ызаттап турушкан кайнилерим, кайынсиңдилериме ыраазымын. Эл-журттан айланса болот.  Жолдубайдын аты  Жаңы-Күч айлындагы  мектепке, Нарын, Бишкек шаарынын көчөлөрүнө берилген.  Элүү, алтымыш жылдык мааракелери белгиленген. Тележурналист Сталбек Абдыраев «+чпөгөн жылдыз» аттуу китебин чыгарган.  Быйыл 70 жылдык мааракеси  Бишкектин филармониясында  жетекчилердин, аттуу-баштуу адамдардын катышуусунда    өткөрүлдү. Эл унутпаптыр, үч саатка созулган  кечени тикесинен тик туруп көрүштү,   талантын сыйлагандарга ыраазымын.

          -Жумабүбү Баялиевна, белгилүү акын Бактыгүл Чотурова жаркын  элесине арнап жазган  «Жигит өлбөс болсочу» деген ырында:

                   Жылдар менен жаңырып жашап тураар,

                   Жылдыздардын ичинде жылдыз болуп… деген таамай ыр сабындагыдай  Жолдубай агабыздын өлүм жеңе албаган «тирүү» арбагы  кылымдарды  карыта жылдыздай жанып турарын айтып, маегибизди аяктайлы. Сөз соңунда   айтаар ак тилегибиз Жолдубайдын жубайы деген сыймыкты туу тутуп, өзүңүз айткандай жакшыдан калган баа жеткис  байлыгыңыз бала-бакыраңыз  менен  эсенчиликте бакубат өмүр сүрүп, ургаачылык  бактыдан кем болбоңуз

     Маектешкен: Бурулсун Дыйканбаева.Нарын шаары

Р.S. (Аттиң,  ааламды аралаган каран калгыр  таажы вирус   теңиртоонун  мыкты  кызын арабыздан алып кетти. Өңгө жалган өлүм чындын актыгына аргасыздан баш ийген Жумабүбү Баялиевнанын  жаны жанатта , топурагы торко болсун.)

kasymova.info