Тогуз   токоч баабедин. (балдар үчүн жомок)

Тогуз   токоч баабедин.  (балдар үчүн жомок)

            Илгери  илгери  өткөн  заманда   бир   дыйкан  болуптур. Ал    эгин- тегин    айдап,  бала  бакырасын   мына  ушул  дыйканчылык  менен  баккан  экен.    Жаз  айынын  бир  күнүндө  ал  адаттагыдай  эле  айдалган  эгинине  суу    салып   кулак  байлап  жатып   байланган  кулакка  жоондугу  билектей  болгон  кара  чаар  жылан  агып  келгенин  көрүп  аны  өлтүрүп  салат.  Кечке  чейин  мындай  жыландан  дагы  үчтү  өлтүрөт.  Көз  байланып  калган,  кеч  күүгүмдө  үйүнө  кайтып  бара  жаткан  жолдо  ал,  балдарын  ээрчитип  коркуп  көздөрү  алаңдап   качып  келе  жаткан  аялына  жолугат.

-Тынчылыкпы  ?   деги  эмне  болду  деп  сурайт  дыйкан  таңданып.

-Бизге  балээ  жармашты,  үйдун  ичине  жылан  толуп  кетти, балдарды  ээрчитип  араң  качып  чыктым  дейт  аялы. Дыйкан  ичинен  жанагы  өзү  өлтүргөн  жыландардын  өчүн  алуу  үчүн  анын  үйүнө   жыландар  толуп  алгандыгын  билет. 

-Эмне  жыландар  ушунча  көппу?

-Ооба,  кайдан  жайдан  келип  жаткандары  белгисиз,  өтө  көп,  өлтургөнгө    алыбыз  жетпейт.  бизди  зыяндатат,  дейт  аялы  коркуп.

-Биз  айылдагы  аттуу  баштуу  кишилерден  кеңеш,  жардам  сурабасак  болбойт, дейт  аялы.  Алар  ээрчишип  айылындагы  акылман  кишиге  келишет.

-Урматтуу  акылман  адам,  мени  балээ  басты, үйүмө жылан  толуп  алды. Кирүүгө  мүмкүн  болбой  калды. Эмне  себептен  экенин  биле  албай  жатам  дейт,-  дыйкан.

-Анын  эмнесин  биле  албай  жатасың!  Сен  жыландын  жакындарын  өлтүргөн  турбайсыңбы,  алар  сенден  өч  алганы  жатышат. Ошонун себебинен  үйүңө  толуп  алышты  дейт  акылман.-  Мен  эми  эмне  кылышым  керек  дейт,  корккон  дыйкан.

-Сен  канча  жылан  өлтүрдүң  эле-?  деп  сурайт  акылман.

-Эгин  сугарып  жүрсөм  3  жылан  суунун  кулагынан  чыккандан  өлтүрүп  салдым  эле  дейт  дыйкан.

-Сен  жыландардын  уюгун  бузган  турбайсыңбы, сен  өлтүргөн  жыландар  ата-энеси  болуу  керек  дейт,-  акылман.

-Эми  мен  эмне  кылуум  керек,-  деп  жалдырайт  дыйкан.

-Сен  эми  үй-бүлөңдү  бул  жерден  алыс  алып  барып  бир  жерге  кой  да,  өзүң  алыс,  алыс  кет.  Жыландардын  балдары  эми  сенден  ата  эне,  бир  туугандарынын  кунун  кууп,  өчүн  алат  дейт,-  акылман   дыйканга.   Ошентип    жыландардан   качкан  дыйкан,   үй-бүлөсүн  өзүнүн  үйүнөн  эки-үч  күнчөлүк  алыс  жерге  турукташтырып,  өзү  нечен  ашуу  ашып,  бел  басып  бир  канча  күн  дегенде  бир  айылга  туш  болот.  Анан  бул  айылдын  айыл  башчысына   жолугуп  болгон  окуяны  төкпөй  чачпай  айтып  берет.  Муну  уккан  айылдын  акылманы  минткен  экен.

            -Эми  бул  жыландардын  ордолуу  уюгун  бузуп,  алардын  жакындарын  өлтүрүпсүң,  булар  сени  жердин   жети  катар  түбүнө  түшсөң    да   издеп   таап,  жакындарынын   өчүн  алмайынча  бул  жыландардын  көксөөсү   суубайт .Эми  сенин  элиң  тараптан  келген  көч  же  чубаган  мал  болсо  алардын  жонуна  жабышып  жылан  келген  жокпу   ошол  малдын  ээсинен    сурап,  жыландардан  сактанышың  керек,- деген  акылын  айтат.  Ошентип  күндөр  өтүп,  күн  айга, ай  жылга  тогошуп  бир  топ  жыл  өтүп  кетет. Санаасы  тынчыбаган   дыйкан   өткөн  кеткендерден   айрыкча  өзүнүн  эли  тараптан   келгендерден  -жолдон  жылан  көрдүңөрбү?-   деп  сурамжылай  берет.Ошондой  бир  күндөрдө   соодагерчилик  менен   күн  өткөргөн  бир  жердешине  жолугуп,  жылан  туурасында  сурамжылайт.  Ал  жердеши       аппапак ,  тумшугу  найзанын  учундай  шиш    жыландын  алар  менен  келе  жатканын,   соодагер    алдыга  келе  бергенин,    малын  жардамчылары   айдап  келе  жатканын   да минтип  айтат.     

            -Биз  койду  айдап  чыккандан   күндүзү  койдун  жүнүнө  жабышып,  түнкүсүн   баштаак  чоң  мүйүздүү   текенин  мүйүзүнө  оролуп  келди. Чоңдугу  чоң  кишинин  карышы  менен  бир  жарым  карыштай  келет  дейт,-   тиги  соодагер.

            -Эмне  ал  жыланды  өлтүргөн  жоксуңарбы?-дейт  дыйкан. 

            -Акылмандардын  айтуусуна    караганда   бул   ордолуу  жыландын  башчысы, жакындарын  өлтүргөндөрдөн    өч  алып,  алардын    кунун  кууп  келе  жатат  дешти,    эгер  ал  киши  колдуу  болуп  өлсө  анда  анын  кунун  бардык  жыландар  кубалашат  экен.  Эгерде  жылан   адам  менен    арбашып   жатып,   алы  келбей   калып   өлсө,  анда  тагдыры  ушундай  ажалы  жеткен  экен  деп  ойлошот  жыландар,  анда  кун  кууп  кеткен  жакынын   кунун   куубай  ак  коет,-  деп  айтты  акылман,  ошондуктан   аны  -өлтурбөдүк, -  дейт  соодагер.  Жыланды  өлтүргөн  адам  же  жыландан  өлсүн,  же  аны  өлтүрсүн  да,  биз  жыландын  куйругун  басып  не  кылабыз   дейт,-   соодагер. Жыландан  корккон  дыйкан  болгонун  төкпөй  чачпай   айылдын  акылманына   айтып      келет.

            -Эми  биз    сенин   боюң  менен  тең  ороо  каздырышыбыз  керек. Бул   кун  кууп  келе  жаткан   ок  жылан,  узуну  кыска,  чубалжыбайт,   душмандары  менен  бет  келгенде   учуп  жүрөт. Өзүнүн  шамдагайлыгы,  сезимталдыгы,  акылы    менен  жыландардын  ордосун  башкарат,   бул  төбөдөн  кирип  тамандан  чыгат,  анын  тумшугу  найзанын  учундай,  бул  сени  менен  жолугушууга  бир  күн  калганда,    текенин  мүйүзүнөн  түшөт  да  тоону  көздөй  сойлоп  кетет.  Ошол  учурда  бизге  бирөө  кабар  бериши  керек,-  дейт  акылман.  Акылмандын  кеңеши  менен  айылдан  бир  жигит   кой  айдашууга  жөнөтүлөт.

            Койдун  үстүнөн   жылмышып   түшкөн  ак  жылан  чын  эле  акылман  айткандай  каптал  жактагы  тоону  көздөй  сойлоп  жөнөгөнүн  көрүп,  акылманга  кабарлашат. Акылман  бул  учурда  жаңы жети  кетмен   алдырып  анан   тогуз   токоч  жасатат,  эртеси  эртең  менен  дыйканды  казылган  орго  тикесинен  тургузуп  төбөсүнө   тогуз  токочту  койдуруп,   анын  үстүнө  жети  кетменди  катары  менен   тиздирип  капталдарын  жылчыгы  жок  кайра  көөмдүрүп,  дем   алганга   мурдун  гана  ачык  калтырып,   адамдар   алыстан  акмалап жыландын  келишин  күтөт.  Дыйкан  даярдалган   орго  көмүлгөндөн  кийин  бир  чай  кайнам  убакыттан,  соң  асмандан  шуулдаган  үн  чыгат. – Бул  ок  жыландын  дабышы ,  ал учуп  келе  жатат,-  дейт  акылман.  Аңгыча  ылддамдыгынан  көзгө  илээшпеген   ак  жылан  тике  качырып  келип  баягы  дыйкан  көмүлгөн  ороого   типтик   сайылат  да  бир  топтон  соң  ышкырыгы  басыла  түшөт.  Мына  ошондо  арыда  акмалап  турган  адамдар  чуркап  келип  ородогу  дыйканды  чыгарышат. Ок  жылан  жети  катар  темир  кетменди  көзөп  өтүп,  тогуз  токочтун  жетинчисине  келгенде   өзү  эки  бөлүнүп  өлгөн  экен.  Муну  көргөн  акылман,  мына  тогуз  токоч  баабедин  деген  ушу  мына ушул   тогуз  токоч  дыйканды  өлүмдөн сактап  калды,  андыктан  нанды  эч  убакта   ысырап  кылбай  пайдаланган  жакшы, дыйкан  да  эгин  тегинин  жакшы  асырап,   ысырап  кылган   эмес,   ошондуктан   ал  ажалдан  калды,-     деген  экен.   Ошентип   өчөгүшкөн  ок  жыландан  кутулган  дыйкан,  бала  бакырасы  үй-бүлөсү   менен  узак-узак  жылдар   бактылуу,  таалайлуу  жашоо  кечириптир. Ошондон  ушул  күнгө  чейин,  кырсыкка  учураган  кыргыз  “тогуз  токоч  баабедин  өткөрүп  келишет   жана   “айыпсыз  аякка  тикенек  кирбейт”  деген  макал  эл  арасына  тарап  кетет.

Токторозо Касым.

kasymova.info