Токтобек САТАРОВ; Сахна менен санаалаш, театр менен тагдырлаш жашадым

Токтобек САТАРОВ;  Сахна   менен  санаалаш,  театр  менен  тагдырлаш  жашадым

К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын актеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти, М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты Т.Сатаровду кепке тартканыбызда ал кыргыз театр искусствосуна арнаган өнөгөлүү өмүр жолун айтып берди.    “Окуучулук кезден эле өнөргө болгон шыгым ойгонгон. Дээрлик 50 жылга жакын өмүрүм Ош жана Көл театрында өттү, сахна менен санаалаш, театр менен тагдырлаш жашадым” ,-дейт  компоюп.

-Токтобек Сатарович, ден соолугуңуз, ал-жайыңыз кандай? Улам жаш өйдөлөгөн сайын өткөн-кеткендер көбүрөөк эске Дүйнөтүшөт дешет. Сизде да ушундай сезимдер болобу, чыгармачылык эргүүлөр дале табындабы? 

-Ден соолугум анча жакшы эмес. Оор операция болуп өлүмдөн калдым. СOVID-19 менен мен дагы жабыркадым. Ичээр суум, көрөөр күнүм бар экен, азыр кыйла түзүкмүн. Жаш кезде ден соолуктун кадыры анча билинбейт тура, ойду окморкудай, тоону томкорчудай учуп-күйүп жүргөн жаштыктын алоо  жылдары билинбей эле  артта калды. Уурданып карылык эшигин какты. 

Өткөн-кеткендерди кантип эстебейин. Ойлосом менин чыгармачылыкка болгон шыгым мектеп партасынан эле ойгонуптур. Бизден жогорку класстагылар койгон чакан сценкаларга катуу таасирленээр элем. Эсимде, 8-класстан тартып “артист” боло баштадым. Эң биринчи жолу  драматург Токтоболот Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” (“Сүйүү жана достук”) драмасындагы башкы каарман Нурдиндин ролун ойнодум. Сүйүүгө, достукка бек, бирок эки жүздүүлүктүн курмандыгы болгон Нурдиндин бейнеси мага аябай жакчу. Бассам-турсам Нурдинди элестетип өзүмдү каадалуу артисттердей сезчүмүн. 

Фрунзе шаарындагы физкультура жана дене тарбия институтун таштап Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институтунун актердук факультетине өтүп кеткенимди эске түшүрөм.   Акылбек Абдыкалыков, Марат Алышпаев, Шеримбек Шаршеев да кыргыз улуттук университетиндеги студенттик жылдарын ГИТИСке алмаштырышкан эле. Маркум Ш.Шаршеев  дүйнөлүк көөнө адабиятты казып  окучу, орус тилин мыкты билчү. Анын актердук жөндөмүнө караганда уюштургуч шыгы күчтүү эле, көбүнчө жетекчилик кызматтарда иштеди. Өмүрү кыска экен, 1998-жылы ойдо жок жерден кайра кайтпас сапарга кете берди. Кыскартып айтсам Москвадагы студенттик күндөрүм, С.Ибраимов атындагы Ош драма театрынын ыйык сахнасында жаралган биринен-бири мыкты ролдорум, түзгөн бейнелерим эске түшүп, “өмүрүм текке кетпептир”.-дейм ичимден.

-Ош обкомунун ошол кездеги 1-катчысы С.Ибраимовдун театрга, дегеле көркөм өнөргө болгон камкордугун көп эскересиз. Эмне үчүн? Бийлик төбөлдөрүнүн маданиятка болгон мамилелерине кесипкөй адис катары ичиңиз жылыйбы? 

-Султан Ибраимов чындыгында мыкты жетекчи, асыл адам эле. Жаңы сахналаштырылган спектаклдердин бирин калтырбай көрчү. Дагы эле көз алдымда турат. Аялы, секелек кызы менен кээ бир спектаклдерге 2-3 жолу келээр эле, жылуу пикирин айтчу. Обкомдун 1-катчысынын бир ооз жылуу сөзү эле бизге кандай дем-күч бергенин элестете бер.

Актердук өмүр жолумда театрга, дегеле маданиятка көңүл бөлгөн жетекчилерди чанда гана кезиктирдим.  Кээ бир жетекчилерге биз өрт өчүрүүчүнүн ролун ойнойбуз. Керек учурубузда жердин жети катмарынан издеп табышат.  Дегеле  облустук, республикалык, эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар, маараке-тойлор өнөр адамдарысыз өтчү беле.

-Театрдын директору, көркөм жетекчиси болуп кызмат өтөгөнүңүзгө өкүнбөйсүзбү? Назарыңыз сынып, маанайыңыз чөккөн, ал тургай директорлук жумшак орунду бошотууга себепкер болгон күндөр ден соолугуңузга терс таасирин тийгизсе керек деген ой кетет...

-Ош драма театры ачылганга чейин Жала-Абадда иштедик. 1972-жылдан 1994-жылга чейин Ош драма театрында кесиптик, турмуштук такшалуудан өттүм. Курсташтарымдын көбү Бишкекке кире качышты. “Мен дагы Бишкекке барсамбы?” деп ойлоп жүргөнүмдө Көл театрына директорлук  орунга сунуш түштү. Эч ойлонбой дароо макул болдум. Ошентип 1994-жылдан 2003-жылга чейин директорлук кызматты аркаладым. Ал кезде директорлук да, көркөм жетекчилик кызмат бир эле адамга жүктөлчү, талап ошондой болчу.

Жаман иштеген жокмун. Казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун “Абай”, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Тил табышкандар” драмаларын сахналаштырдым. Өзүм Абайдын бейнесин жараттым. 1997-жылы Алма-Ата шаарында өткөн М.Ауэзовдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык театралдык фестивалында “Абай” спектакли байгелүү үчүнчү орунга ээ болгон.

Ошто иштеп жүргөнүмдө Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиевдин “Саадак какты”, “Күлгөндүн билгени бар”, Мар Байжиевдин “Окуя”, “Тил табышкандар”, Мырза Гапаровдун “Аялдардын деңизи”, Жалил Садыковдун “Ак мөөр” ж.б. кыргыз драматургдарынын көөнө чыгармаларын сахналаштырып, режиссер-коюучу катары таанылып калган элем. Ошондой эле дүйнөлүк, кыргыз драматургдарынын белгилүү чыгармаларындагы башкы, негизги каармандардын бейнелерин жараткам.

Чыгармачылыкка баш-отум менен киришебиз десек жетекчилик кызматка барбай койгонубуз эле туура болчудай экен. Актерлук чеберчилигиңди калыптандыруудан мурда театрдагы жок-житиктерге, оңой менен чечилбеген көйгөйлөргө башың ооруп, кантип сахнадан четтеп калганыңды сезбей да каласың. Ошентсе да мен директор-көркөм жетекчи болуп кызмат өтөгөнүмө өкүнбөйм. Өкүнгөндөн не пайда, өттү, кетти. 

Иш болгон жерде ар кандай талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер оң, терс көз караштар болбой койбойт. Чыгармачылык топтогу, эмгек жамаатындагы кимдир бирөөлөрдүн көңүлүн калтырып, маанайын чөктүргөндүрмүн. Тескерисинче менин сары изиме чөп салып, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр чыгаргандар да болгон чыгаар. Эми алардын баары артта калды. Азыр ден соолугумду, аманчылыгымды гана ойлойм, кесиптештеримдин баарына жалаң гана жакшылыктарды  каалайм. Негизи чыгармачыл адамдардын жүрөктөрү назик, жандүйнөлөрү таза болот, биз ашкере кекчил эмеспиз, далыбыздан таптап мактап койгондорду өзүбүздөн да артык көрүп кетмейибиз бар.

-Угушума караганда, сизге “эл артисти” наамы берилээрде андан баш тартып, мамлекеттик сыйлыкка илине албай жүргөн жаштарды колдопсуз? Чын эле ушундай болгонбу, ишенүү кыйын... 

-Укканың чын. Бир күнү таң эртелеп Чолпонбек Базарбаев үйгө телефон чалып калды. Анда ал маданият министри болчу. “Эл артисти” наамына көрсөттүк, алдын-ала айтып кубантып койсом чекилик болбостур”,-деп бакылдап сүйүнчүлөдү. Ыракмат айттым да “менин эмгек сиңирген артисти” деген наамым бар. Театрда мыкты артисттер көп, ошолордун бирине ыйгарсак кантет” ,-чын сөздөн чыккан бул сөзүмө күбө болгондор бар. Орунгул Кожомкуловага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы берилген. Мага ыйгарылчу сыйлык акыры берилээр деген үмүтүм өчкөн эмес. 1998-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын алгам.

-Сахнага чыкпай калган күндөрү буулуккан сезимдерге кабыласызбы? Өнөрдү  өргө чаап турбаса чыгармачылыктын изи билинбей өчө берээри ойлонтуп-толгонтсо керек? Кайсыл каармандарыңызды өз балаңыдай көрөсүз, режиссерлордун сүймөнчүгү болбосо роль алыш кыйын дешет, артка кылчайып көрбөйлүбү?

-Ден соолугума байланыштуу көбүнчө үйдөмүн көчөгө деле мурдагыдай көп чыкпайм. Албетте, буулугам, түбү жок кыялдарга батам. 

Кезегинде В.Шекспирдин, Ч.Айтматовдун ж.б.залкар таланттардын каармандарынын бейнелери менен бетме-бет көрүшүп, сырдаштым, алар менен чогуу жашадым. Ойногон ролдорумдун баары жагат. Ошентсе да М.Ауэзовдун “Кара көз” драмасындагы Наршанын,  В.Шекспирдин “Он экинчи түнүндө” Мольволионун бейнелери көз алдыма тартылганда эмнегедир жандүйнөм тазара түшөт. Жүрөгүм туйлап кетет. Кайран жаштык!

Режиссердун сүймөнчүгү болуш үчүн да тубаса талант керек. Менде андай шык жок, кимдир бирөөлөргө жагынып-жасакерленгенди билбейм. Бирок режиссерлор мыкты актерлорду баалабай койбойт, өзүмчүлдүккө алардын абийирлери жол бербейт.

-Токтобек Сатарович, сахналаш досторуңуз оозуңуздан түшпөйт, ошентсе да  достукка бекемсизби? Өтө эле токтоосуз, өнөр адамдары ойкуп-кайкып, учуп-күйүп, кыскасы, жүрүм-турумдарында өзгөчүлүктөр байкалбай койбойт. Кийингендери да өзгөчө,  сиз болсо бир эле калыпта келатасыз, сыры эмнеде?

-Албетте, досторум менен сыймыктанам. Курсташтардымдын көбү “эмгек сиңирген артисти”, “эл артисти” наамдарын алышты.  Сахнанын ыйык төрүндөгү ийгиликтерибизди чогуу бөлүштүк, бирге кубандык. Тилекке каршы, Дүйшөн Байтөбөтовдун, Мукамбет Токтобаевдин, Надырбек Шамурзаевдин дүйнө салышкандыгы тууралу күтүүсүз суук кабар кабыргамды катуу кайыштырды, ооруп да калдым. Надырбек досумду бир тууганымдай көрчүмүн,  Оштун керемет түндөрүндөгү түбү көрүнбөгөн ширин сөздөрүбүз кантип эстен чыксын!  Далай таңдарды чогуу атырдык го,  Надырбектин ак жаркын элеси карегиме тартылганда жандүйнөм эңшериле түшөт.

Мектеп партасынан бери үзөңгүлөш келаткан досторум бар.  Ветеринария илимдеринин доктору, академик Асанкадыр Жунушев ар дайым ал-акыбалымды, ден соолугумду сурап турат. Өткөн жумада эле келип кетти. Ушул азыр да театрдын ысык-суугунда чогуу жүргөн курсташым КР эл артисти Шаршен Дүйшөнкуловдун куйкум сөздөрү кадимкидей дем берет, көрбөй калсам сагынам. 

Ооба, токтоомун, бирок сабырым аз, ороймун. Ачуум келгенде көзүмө эч нерсе көрүнбөй калат. Оройлугумдун пайдасынан зыянын көбүрөөк тартам.

Азыркы кесиптештерибизге салыштырмалуу биздин муун бир топ эле жөнөкөйбүз. Көбүнчө классикалык стилде кийинебиз. Бул ГИТИСтен алган тарбиябыз.

-Сахналаш досуңуз М.Токтобаевдин “мен актер болбой ырчы-аткаруучулукту аркаласам атагымдан чаң чыкмак” деген өкүнүчүн эшиткен элем. Сизде да өкүнүч барбы, балким актер болбогонуңузда... 

-Актер боломун деп физкультура жана дене тарбия институтун таштап ГИТИСке өтүп кеткем да. Өкүнүчүм жок. Актерлук кесибимдин үзүрүн көрүп, жемишин таттым. Токтобек Сатаров деген ысымым менен сыймыктандым. Мага мындан башка атак-даңктын кереги жок.

 

 

Маектешкен  журналист  Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,

Ысык-Көл  облусу