Трапм –психоздун,президент болушу коркунучтуу...

Трапм –психоздун,президент болушу коркунучтуу...

"Өтө көп жана эч качан жетишпейт: Менин үй-бүлөм дүйнөдөгү эң кооптуу адамды кантип жаратты? " деген аталыштагы Мэри Трамптын китеби талкууланды - эмне үчүн АКШнын президенти жылдызы жанган адамдарды жек көрөт..?

Дональд Трамп абдан ачык адам. Ал комикстеги каарманга окшош, башында чоң ой толгоосу бар, аны ар ким окуй алат. Трамп эч кандай ички цензурага ээ эмес, кесепеттерден коркпостон, өзүнүн жеке ойлорун дүйнө жүзү менен бөлүшөт.

Жүрүм-туруму аркылуу Трамп бир нече ирет психикалык жактан ооруп жаткандыгын көрсөткөн. Анын ачык-айкын патологияларына: нарциссизм, мегаломания, садизм, импульстун контролдугунун жоктугу, эрежелерди толугу менен четке кагуу, калп айтуу. Кыскасы, АКШнын президентти психопат же социопат деп айтууга болот.

Трамптын акыл-эсине зыян келтирген жүрүм-турумунун мисалдары катарында анын популярдуулукка жетишүү үчүн бардык кадамдарга баргандыгы. 150,000 америкалыктар COVID-19 илдетинен каза болуп жатышса, Трампты болсо "өзүнүн рейтингдери" тынчын алууда. Башкалардын азап чеккенине кам көрүүдөн мурда, ал өзүнүн "эгосун" сезиши маанилүү. Мындай мүнөз Трамптын Америка элинин жашоосун ойлонууга мүмкүнчүлүк бербейт. Трамп өзүмчүл катары өзүнүн идеясын колдогондорду гана жактырат.

Ал дүйнөдөгү эң күчтүү адам болушу мүмкүн, бирок Трамп терең нааразы жана аялуу сезимге ээ. Анын пресс-конференциясында коронавирус пандемиясына басым жасалышы керек болчу, бирок ал толугу менен президенттин “менин (эгосун)” азыктандырды. Трамптын өзүмчүлдүгү дагы бир жолу Америка элинин коопсуздугунан маанилүү жана жогору экендигин көрсөттү.

Бир нече жылдан бери психикалык саламаттыктын алдыңкы адистери коомчулукка, Дональд Трамптын психикалык саламаттыгы аны Америка Кошмо Штаттарына жана дүйнө  эли үчүн коркунуч жаратат,- деп эскертүүгө аракет кылып келишет. Ушундай эскертүүлөрдү республиканын жогорку даражалуу чиновниктери, ошондой эле Трамптын администрациясынын мүчөлөрү да сезденүү менен айтып келишет.

Дональд Трамптун жээни, Доктор психолог Мэри Трамп, президенттин үй-бүлөсүнүн биринчи мүчөсү, ушундай эскертүүлөрдү берген. Жаңы чыккан   “Өтө көп жана эч качан жетишпейт: Менин үй-бүлөм дүйнөдөгү эң кооптуу адамды кантип жаратты?” аттуу китебинде Мэри Трамп Трамп үй-бүлөсүндөгү жеке башынан өткөн окуяларды  президенттин акыл-эс оорусу менен байланышкан,- деп эсептейт. Анын  адепсиз ата-энеси, расизм жана фанатизмдин башка түрлөрүн кеңири сактаган үй-бүлө, ошондой эле катаал чөйрөсү башка адамдар үчүн камкордуктун  жоктугу  анын аң сезиминин  калыптанышына терс таасирин тийгизген.

Мэри Трамптын китебинде Дональд Трамптын ата-энеси менен болгон мамилеси, алардын ырайымсыздыгы ага адамдык жылуу мамиленин жетишпей калгандыгы , Трамптын азыркы психологиясына таасир эткендиги жөнүндө айтылат.