Үч эмдер-жакшылыктын жышааны  

Үч эмдер-жакшылыктын жышааны  
Үч эмдер-жакшылыктын жышааны  

                    Узап бараткан жыл Нарын районундагы Алыш  айлынын тургундары  Исмаилов Алмаз менен Ырысбек кызы Сезимге  маңдай жарган жакшылыкты тартуулады. Жаш жубайлар  үч уулдуу болушуп, кубанычка батып турушкан маалы.

        Өткөн аптада   үч эмдердин ал-жайынан кабар алмакка кыргыз элинин назары бурулуп турган  бактылуу үй-бүлөгө барып келдик. Үч эмдердин  чоң апасы өңдүү-түстүү, ачык айрым, жайдары мүнөз  кесиби бухгалтер болсо да айылда кызматтын жоктугунан балдарын чоңойтуп, ден соолук комитетинде иштеп, тогуз жыл төшөктө жаткан кайненесин жаш баладай бапестеп багып жакшы жар, жакшы эне атыккан  Түйтөлөңова Сайнакүл  менен  оор-басырыктуу сөздү кынаптап сүйлөгөн чоң атасы  учурунда айдоочулук кесипте  иштеп, Кытайга каттап, ГАНСИде эмгектенген  Исмаилов  Темирбек жылуу тосуп алышып,  ак дасторкондо көпкө баарлашып олтурдук.  Жубайлар беш уул, бир кызын татыктуу тарбиялап эресеге жеткиришиптир. Уулдары  Алмаз, Анарбек, Адилет Москвага барып иштеп, трактор,  чоң машина сатып алышып, айылдаштарынын оорун колдон, жеңилин жерден алып, дыйканчылык менен алектенишээрин айтышты.

              Жубайлардын тун уулу Алмаз  былтыр  ноябрь айында Нарын  колледжинин  бухгалтердик факультетин  аяктап,  Нарын мамлекеттик университетинин 2-курсунда окуп жаткан Ырысбек кызы Сезимге үйлөнүп, ата-энелери менен чогуу жашашат.

     -Келиним кош бойлуу кезинде үч  айлыгында УЗИге түшкөндө  эгиз дешиптир төрт айга толгондо  кайра түшүрүшүп, үч эм деп айтышкандан тартып,  тажрыйбалуу акушер-гинеколог Бегай Үмөтованын өзгөчө көзөмөлүндө боло баштады,-дейт Сайнакүл айым.-Мындай кубанычтуу кабарды укканда тартып аман-эсен көз жарып алышын тилеп калдык. Келиним  бөтөнчө токтоолугунан,  көтөрүмдүү, чыдамкайлыгынан баардык кыйынчылыктарды көтөрө билди айланайын. Күн өткөн сайын оорлошуп, кан басымы көтөрүлгөндө гинекология бөлүмүнө жаткырышты.  4-октябрда кан басымы түшпөй    шишип, кыйнала баштаганда  6-октябрда “Тез жардам” менен Бишкекке  алып барып, № 6 төрөт үйүндө  кайра жандандыруу бөлүмүндө   бир ай жатты.Дарыгерлер тогуз айга толгондо операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келишти. Үч эмдердин аман-эсен төрөлгөнүнө биз гана эмес дарыгерлер да аябай кубанышты. Кудайга шүгүр, келиним да тыңып, неберелерим  да торолуп келатат,-деп айтаарга кеп таппай толкунданып турду.

       Үч эмдерге Садыр, Нургожо, Жапар деген ысымды  чоң атасы өзү коюптур.

      -Чындыгын айтсам  неберелериме  башка аттарды коём деп ойлоп жүрдүм эле,-дейт Темирбек Исмаилов.- 4-октябрда шайлоонун мыйзамсыз өткөнүнө нааразы болгон жаштар аянтка чыгышып, жокко чыгарылуусун талап кылышып, толкуп калышты.   Он жыл мурдагы кандуу окуя кайталанбай тынчтык болсо экен деп сарсанаа болуп турдук. Бактыга жараша элибиз ойлогондой болуп, мекенчил уулубуз Садыр Жапаров  бийликке келгенде ошондо көңүлүмө мындай ой келди. Атасы Нургожо аксакал  санжырачы, кудай жолундагы ажыга барган нарк-дөөлөттүү адам экен. Менин неберелерим да  тектүү жердин кулуну   Садыр инимдей  акыйкаттыкты, адилет башкарууну сүйгөн, эл керегине жараган мекенчил эр азаматтардан болсун деген изги тилек менен ырымдап, Садыр, Нургожо, Жапар деп койдум. Эми эл оозу элек эмеспи, айрымдары  бирдеме үмүт эткенсип туура эмес кылдың дешип жактыра беришпеди. Кайсы бир сайтка бир журналист  мени чоң аталарыбыздын атынан койдук деп айтты деп жазыптыр. Айрымдар  неберелеримдин ден соолугун сурабастан:” Ии, эми чоңдор үй беришеби, дагы кандай жардам  көрсөтүшөт экен?” деп сурашса оңтойсузданып кетем.  Мен өкмөттөн эч нерсе сурабаймын. Кудайга шүгүр эстүү, мээнеткеч  уулдарым бар, жашообуз эл катары. Менин     бар  байлыгым балдарым, ушул үч неберемдин аман-эсен чоңойуп, ыймандуу болуп өскөнү. Баягүнү райондун  жаңы акими Алтынбек Сеңирбаев белек-бечкегин алып куттуктап келгенде да жумурткадан кыр издегендер социалдык тармактарга:”Бакыйган аким  бир манеж менен үч тонна эле көмүр бериптирби?”деп жазып атышкандарга нааразы болдум. Эл башындагылардын   атайылап келип, ал-жайды сурап койгону эле бизге канчалык сыймык, канчалык дем күч  берет”-деп  оюндагысын айтып, агынан жарылды Темирбек Исмаилов.

             -Элден айланса болот. Төрөт үйүнөн чыгып жатканда бизди  ал жерде тургандар, ары-бери өткөндөр:”Нарынга кут түштү,  бул жакшылыктын жышааны”деп гүл беришип, куттукташканда кубанычтан көз жашылап алдым.-деп сөзгө  аралашты Сайнакүл.-Аңгыча  алардын арасынан бир  наабаттуу аксакал  жаныма басып келип:” Үч эмдердин чоң апасы экенсиң айланайын, ушул өтүнүчүмдү туура көрсөң неберлериңдин аттарын азан  чакырып, кою берейинби?”деп калды.   Ракмат айтып, дароо айылда калган  Темирбекке телефон чалсам жакшы болуптур деп  сүйүнүп кетти.  Көрсө ал аксакалдын апасы үч жолу эгиз төрөп, өзү эгиздин түгөйү, ажыга барып келген адам экен. Уулдарыбызга төрөт үйүнүн алдынан  аттарын атап, азан чакырып берди.  Бизди тегеректеп тургандарга, дарыгерлерге ыраазычылыгыбызды айттык.

       Үч эмдер өзүнчө бөлмөдө  өзгөчө камкордукта багылып жатыптыр. Кайненеси мактаган үч эмдердин апасы биздин куттугубузга  адаттагы  токтоо мүнөзүнөн жазбай  акырын гана жылмая башын ийкеп койгон 21 жаштагы бактылуу эне Ырысбек кызы Сезим менен жылуу коштошуп, жолго чыктык.

       Эмесе, жаратканыбыз  жаңырган жылыбызда эл-журтубузга жакшылыктын уюткусун жалгап, эңсеп күткөн адилеттик заман орноп,  өлкөбүздүн келкели келип, ооматы артсын. Мүлдө кыргыз журтунун назары түшүп турган үч эмдерибиз-Садыр, Нургожо, Жапар ата-энесинин  ысык мээримине бөлөнүп, ырыс-кешиктүү, ыйман ызаттуу  болуп чоңоюшуп, бактылуу болушун тилек кылалы.

      Бурулсун Дыйканбаева журналист.Нарын шаары.