Үн кошууга туура келип жатат айласыз..!

Үн кошууга туура келип жатат айласыз..!

 

Үн кошууга туура келип жатат, айласыз..!

      Саламаттык сактоо министринин ( жаңы келгени) эң кечиримсиз катасы деп айтса да болот, вируска каршы күрөштө элдин ден соолугу үчүн чын дилден күйгөн жок. Тармакта системаны өзгөртүп,  реформа жасайм деген министр өз элине мындай мамиле жасабайт эле...
     ПЦРди, экспресс- тесттерди тапшырууну жеке ( частный) лабораторияларга берип коюу саясаты эң чоң катасы,- деп айтаар элем..
Мамлекет оз жарандарын бекер тест тапшырууну камсыз кылуусу керек эле. Ансыз да карантинде араң тамак- ашка өп- чап жеткирип жаткан элдин 2000 сом төлөөсү бир топ нараазычылык туудурат. Эгер бир үйдөн беш киши болсо, тест тапшыруу учун 10 000 сом акчаны кайдан табат..? Министр жеке бизнесмендер менен сүйлөшүүго барып, тестти сатууну бизнеске айлантуу саясатын жүргузуп , жеке кызыкчылыкты элдин кызыкчылыгынан жогору коюп алышы да толук мүмкун..? 
      Каршы болсонуздар, же макулсуздарбы, үн кошунузда  Өкмөткө кайрылалы..!!!!

Камила Талиева. Бишкек шаары.