Жылкыларга да таажы илдети тийдиби же башка ылаңбы..?Ветеринарлар диагноз кое элек

Жылкыларга да таажы илдети тийдиби же башка ылаңбы..?Ветеринарлар диагноз кое элек

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы  Михайловка айылында жылкыларга ылаң тийди. Жылкылар чөп жебей, дене табы көтөрүлүп, буттары салмагын көтөрө  албай  көлөкө, караңгы, жер издеп калаарын айтышууда. Аталган айылда буга чейин он күн мурдараак таза кандуу эки айгыр, анан бир бээ ушул  оорунун симтомдору менен ооруп,өлгөн. Ал эми сиздер кадрдан көргөн бул  бээнин да  ооруганына үч күн болгон. Азырынча бул ылаңга ветеринарлар диагноз коюша элек.