ЖКнын депутаты Жанар Акаев агынан жарылды

ЖКнын депутаты Жанар Акаев  агынан жарылды

ЖКнын депутаты Жанар Акаев,УКМКанын кызматкерлерине, андай болсо Дача Суудагы кулаган самолет кимдики, Бажыдагы контрабандалык жол менен ташылган акчаларды,Батукаев жөнүндөгү чуулгандуу иштер эмне болду? Эл абыдан күтүп жатат булар боюнча тез аранын ичинде жооп берип койсоңуздар,- деген суроосун  кабыргасынан койду.

Эл өкүлүнүн минтип агынан жарылганын себеби, эки үч күн мурда ЖКнын жыйынында Жанар Акаев  радиожыштыкты сатууда  коррупциялык иштерге жол берилип, өлкөгө 5 миллиард сом чыгым алып келдиңиз,- деп премьер министрге айтканы бар. Бул пикир айтылгандан соң  өлкө башчысы кыска мөөнөтүү эс алууга кетти. Себеби, радиожыштыкты сатуу боюнча  кылмыш ишине кийлигишти  деген сөз тарап кетпесин деп отпускага кетип жатам,- жана жыштык жөнүндө депутаттын  айтканын  анын абийрине койдум,-деп билдирген Мухаммедкалый Абылгазиев. Ушул арада УКМК  "бул радиожыштык боюнча кылмыш иши аягына чыгып бүткөн, аларды ордуна кайтарганбыз.Жанар Акаев бул ишке автор болгусу келип жатат"-деген  маалыматын тараткан. Мына ушул пикирден соң  Жанар Акаев УКМКнын кызматкерлерине "Ооба, мындай иштер сиздердин жумуш, азаматсыңар, маалыматты неге катып жаттыңар анда, эл күтүп жатат, эртерээк айтышыңар керек болчу. Неге жасаган иштериңерди айтпай жаттыңар. Же коррупциялык иштерге катыштары барлар билинбей калсын, дедиңерби? Саат айланып, күн тегеренбей, менин айткан сөзүмө жооп бердиңер, эми   жогорудагы үч окуяны да элге маалымдап бергиле, эртерээк, эл күтүп жатат,-деген талабын билдирди.

Ошондой эле Эл өкүлү маалыматтык коопсуздукту эске албай  Өкмөт Казакстанга жыштыкты ит бекер берген. "КТ-мобайл" деп өзүнчө  уюлдук оператор  ачып, Мегакомдон  345 миллион сомду бөлдүрүп, бул жерге өзүнүн бажасынын баласын жетекчилик кызматка коюп койгон. Бул компания  учурда банкрот болду, иши жүрбөй калды. Буга ким жооп берет? Ошондо абийир жөнүндө ким жооп берет?  Учурда радиожыштыктагы коррупциялык иштер боюнча беш адам сурак берип жатат. Бул жооп берүү жогорку эшалонго чейин жетет, балким саясий колдоо алып алышыңар мүмкүн, бирок көпкө узабай туруп, ачыкка чыгат,-деди эл өкүлү.