ЖОЖдорго тапшыруунун графиги

ЖОЖдорго тапшыруунун  графиги

“4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, - деп билдирди КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

Окуучулар үчүн окуу жылы дистанциялык формада аяктайт.

Азыркы учурда жыйынтыктоочу аттестациялык экзамендердин, ошондой эле аралыктан окутуудагы жыйынтыктардын бардык варианттары иштелип чыгууда. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мектеп окуучулары үчүн республикалык олимпиаданын төртүнчү этабы токтотулат.
ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу ЭТАПТАРЫ:

- каттоо 4-15-майда аяктайт;

- 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;

- 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;

- 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

- 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

- ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;

- 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;

- 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;

- 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

 Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

 Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат,- деп билдирди  Каныбек Исаков.