(4-бөлүк) "Өлүм жеңе албаган өлбөстүккө таазим" маркум Гүлмира Мамбеталиеваны эскерип...

(4-бөлүк)

                                                “Баатырдын дайынын алыстан ук, жанына келсең бир киши” дегендей  тагдыр таржымалы, акындык, аткаруучулук, обончулук өнөрү  менен аты аңызга айланган Нурдин ага менен  менен болгон жолугушуубуз аяктап, мектеп деректири, айыл аксакалы  кыштын кычыраган маалында атайылап, алыстан ат арытып келген “мээримчилерге”  чын дилден ыраазычылыктарын айтышып, жылуу коштошуп  кетүүгө   камындык. Аңгыча  Нурдин ага ордунан обдулуп:

       -Айланайындар, “кырк жылы күтсө бир келгис кылымга тете бир күн бар” дегендей  мен бүгүн энеден кайра төрөлгөндөй болуп, жүрөгүм кубанычка балкып, Гүлмира карындашыма, биздин бир кездеги сакманчы кызыбызга  кандай алкышымды айтаарымды билбей турам. Элге-журтка, балдарга,  мендей майыптарга жасаган  кайрымдуулук ишиңизге Алла  ыраазы болсун. Дениңер сак, өмүрүңөр узун болсун,  тилегиңерге жеткиле айланайындар.

        Мектептен узап кеткениңер болбостур, эшик-төрүмдү көрүп, чай иче кеткиле-деген өтүнүчүн кыя  албай  үйүнө бардык.  Дасторконуна  колдо барын коюп,  ар бирибизди мактап, тамашалап  жамактатып айтып,  комузда кол ойнотуп, коңур үнү менен   өзүнүн ырларынан обон  созгон Нурдин аганын өнөрү жан дүйнөбүздү жаркытты.

          -Жол алыс, эртелейли,  чайын ичип, кайра тез эле чыгалы дегенибиз менен   кудум жаш баладай чечекейи чеч болуп, өзү айткандай энеден кайра төрөлгөндөй  жүзүнөн күлкүсү төгүлүп турган  Коңорчоктун “Корчагининин” көңүлүн кыя албай  убакыттын кандай өткөнүн сезбей калыптырбыз. Кайтаарыбызда баарыбыздын  колубуздан өөп, кайра-кайра алкышын айтып, ак батасын берип, балдагына жөлөнгөн бойдон кол булгалап  калган Нурдин аганын үйүнөн түнкү саат 10 до узап кеттик.

 -Мен өмүрүн өксүткөн ар кандай  тагдырга кабылган көптөгөн   адамдар менен жолугушуп, баарлашып келем. Алардын арасынан  Нурдин агадай   жаштайынан кабылган аянычтуу тагдырын  укмуштуудай сабыры,  кайраты, өнөрү менен жеңип,  баарыдан мурда жалгыз уулунан айрылгандагы  өзөк өрттөгөн кайгысын көтөрө билип, жашоону жан-дили менен сүйүп  жашап келаткан  жакшы адамды биринчи көрүшүм.  Ырасында эле чыныгы  Коңорчоктун “Корчагини” экен. өмүрдүн, жашоонун  баркын баарыбыз  Нурдин агадай баалап-барктап өтсөк  гана-деди жолдо келатканда Гүлмира Сулаймановна ойлуу сүйлөп.

       Арадан бир топ жылдар өткөндөн кийин  таш боор ажал биздин дилинен демилге тамырлатып, кебинен керемет жандырган Нурдин агабызды арабыздан алып кеткенин айтканымда кейип-кепчип,  Жышаан эжеге  көңүл айтып коюмду өтүнгөн.

       Эли-журту аты аңызга айланган эрки күчтүү  эр азаматынын атын Коңорчок айылдык маданият  үйүнө беришкендеги ачылыш аземинде менден 10 миң сом берип жиберип, жылуу саламын айтып, Коңорчоктун “Корчагини” тамашөкөй, өнөрлүү Нурдин аганын жаркын элеси   эл-жүрөгүндө жашай берээрин айтып коюмду өтүнгөн.

      Айылдык маданият үйүндө өткөн ал эскерүүдө аманатын аткарып,  жылуу саламын жолдогонумда коңорчоктуктар бир кездеги эжеси менен айлына келген  сакманчы кыздын мындай белегине алакан ысыткан кол чабуулар менен коштоп кетишти.  Теңиртоолук “Мээримчиден” мындай  урмат-сыйды күтпөгөн Жышаан эженин  үнү каргылданып,  алкышын айткан эле  көзүнө жаш алып...

Нарын шаарында  асыранды баласына болгон энелик мээрими күчтүү, жанда жок боорукер Гүлгаакы Исаева аттуу айым бар. Жаш кезинде  автокырсыкка кабылып, беш жолку оор операциядан оң колунун манжалары кесилип, кийин оор  дартка чалдыгып, Улуттук онкологиялык ооруканадан   оор операция жасалып,  таяк менен араң басып жүрсө да 25 жылдан бери  эшик алдына таштаган  асыранды баласына  болгон  кандан бүткөн,  жандан бүткөн энелик ысык сүйүүсү менен теңиртоолуктарга гана эмес чет элдиктерге таанылган Гүлгаакы тууралуу да айта кетким келди.  

              1994-жылдын 25-январында түн бир оокумда  эшигинин алдына таштап кеткен   жаңы төрөлгөн наристеге  Куштарбек деген ат коюп,   анын буту баспай, тили сүйлөбөй   жарым жан болуп калганына кайыл болуп, өзү  оор илдет менен кармашып келатканына карабай 25 жылдан бери бапестеп багып келе жаткан боорукер  эне тууралуу өткөн жылы  Лондондо тартылган фильм былтыр көрүүчүлөргө тартууланды. Муштумдай жүрөгүндөгү энелик мээрими  менен бүтүндөй ааламды жылыта ала турган кудурети күчтүү теңиртоолук  энени жар салып, даңазалаган  бул  фильм  дүйнө элинин сезимин  “селт” эттирип,  таазим эттирди.

         Гүлгаакы экөөбүз  көп жылдан бери  эже-сиңдидей сырдашбыз.  Мени анын   Куштарбегине болгон энелик сүйүүсү, жарым жан уулун канатына калкалап, адам чыдагыс азабын тартып, анан  укмуштуудай кайраты, сабыры  менен оор илдетин  жеңип, жашап  келатканы таңгалдырат.   Эмесе кеп учугу андан ары улансын.

   Кеп кыябы келгенде  кыстара кетейин. Нарын облустук “Теңир Тоо” гезити  көп жылдан бери  Гүлгаакы Исаеванын аянычтуу тагдыр  таржымалы тууралуу  жазып,   Нарын шаардык социалдык жактан колдоо                   мекемесине кайрылып, Куштарбекке коляска алып берип, ал эми   көптөгөн окурмандарыбыз  оорукчан эне менен майып балага  жардамдарын берип  келе  жатышат.

     Кыргыз журналистикасында татыктуу орду бар, белгилүү журналист, публицист, котормочу   он беш “Нарын правдасында”  редактордун орун басары болуп эмгектенген кадырман атасы иштеген гезитибиздин ар санын калтырбай окуган Гүлмира Сулаймановна   менин Гүлгаакы тууралуу жазылган макаламдын бирин окуп калыптыр.  

            Күндөрдүн биринде кызмат күнү аяктап калган маалда телефон чалып, ал-жай сурашкан соң:”Гүлгаакы тууралуу жазган макалаңды окудум, убактың болсо       келип кетесиңби?-деди.

           -Мен Гүлгаакынын энелик мээриминин өтө күчтүүлүгүнө таңгалып да суктанып да  турам. Жүрөгүнө  эч кимде жок мындай боорукердикти кантип гана батырып, сактап келатат болду экен?. Тагдырдын татаалдыгын, жараткандын сыноосун кара. Кан-жанынан жаралган мындай оорукчан баласын баккандын азабына чыдабай балдар үйүнө өткөрүп бергендер деле  көбөйүп кетпедиби. Оор дарттын  азабын тартканы аз келгенсип, жарым жан баланы кантип гана багып жатты экен. Кандай гана асыл эне... Эртең үйүнө барып келели,-деди.

Эртеси  барсак  Гүлгаакы үйүндө жок экен. Нарын облустук ооруканасынын жетекчилиги учурунда  Нарын облустук Ден соолук борборунда  кенже кызматкер  болуп иштеген          Гүлгаакыны   Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатка чакырып кетишиптир.  Бизди бейиши болгур, (өткөн жылы каза болуп калды) ачык-айрым, сөздү чукугандай тапкан, тамашөкөй,  эрки күчтүү, оорукчан жубайына өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жубайы  Орозобек өмүралиев жылуу тосуп алды.

       Гүлмира Сулаймановна    коляскада олтурган  акжуумал, кара каш,  көздөрү күлүңдөгөн Куштарбекти маңдайынан сылап, Орозобектен ал-жайын сурап, сумка толгон тамак-ашын, 10 миң сомун берип:“-Гүлгаакыга менден салам айтып коюңуз,  кудай буюрса  өзү менен дагы жолугушаармын”-деди коштошуп жатып.

        Аттиң, тагдыр  экөөн жолуктурбады, бири-бирин көрбөй калды.  Гүлмира Сулаймановна мээрман энеге болгон терең урматтаган жылуу сөзүн, ал эми Гүлгаакы болсо куюлуштурган алкышын, ак батасын айтпай калды.

   2007-жылы  Улуттук онкология борборунан операция болуп, ооруканада жаткан Гүлгаакынын дарыланганына акча таппай кыйналган  Орозобек  аргасы кеткенде Гүлмира Сулайманованын офисине барып, жардам сураптыр. Гүлгаакынын катуу ооруп жатканын укканда кейип, тезирээк сакайып кетсин деп 25 миң сомдун дары-дармегин алып бериптир.

        Мен телефон менен сүйлөшүп калганымда  Гүлгаакынын ден соолугуна тынчсызданып, ал-жайын сурап турчу.    Кайсы бир  жаңы жылдын алдында  менден 10 миң сом берип, саламын айттырган эле.

      Гүлмира  Сулаймановнанын  көзү өткөнүн уккан күнү Гүлгаакы мага телефон чалып:“-Эже,  ушундай жакшы адамдын өмүрү да  кыска болобу уккан кулагыма ишенбей  турам”-деп ыйлап ийди.-өзү менен көрүшпөсөм да жылыга “Жаш таланттарды” өткөргөндөгү фестивалда Нарын телесинен көрүп,  келишимдүү келбетине,   жылмая сүйлөгөнүнө суктана берчүмүн.

       Мен сыяктуу оорунун азабын тарткан далай адамдардын сообуна калды эле. Эми чын дүйнөдө ошол бизге кылган жакшылыгы өзүнө  кайтып, жараткан жанын жанатта кылып, бейишин берсин.-деди Гүлгаакы жашына мууна араң сүйлөп.

 Кабинетте олтурсам телефон  чалып  калды.  Башкалардай болуп  секретарь кызынан айттырчу эмес Адатынча ал-жай сурап:

         -Эгер убактың болсо  Нарын районундагы        Учкун айлынан кат аркылуу   жардам сурап  кайрылган майып балдары бар  бир аялдын үйүнө барып келели- деди адатынча сылык-сыпаа сүйлөп.   Көп узабай жолго чыктык.

        Айылга жеткенде сураштырып, шыбактары түшүп, эскилиги жеткен  бир үйгө келдик.  Эшиктин алдында ойноп атышкан  жупуну кийинген кичинекей  эки бала бизди таңгала карап туруп, чуркаган бойдон  үйүнө кирип кетишти. Аңгыча  үйдөн чыга калган отуздан ашкан жүдөңкү, паанайы пас   аял бизди көрүп, оозун кыбыратып араң учурашып, апкаарый түштү. Сыягы Гүлмира Сулаймановнаны минтип өзү келип калат деп ойлобосо керек.

      Эшиктен киргенде  көзгө көрүнөөрлүк  буюм-тайымы жок  көк жыттанган үйдүн ичиндеги жагымсыз жыт “бурр” этти. өзүнүн оорукчан экендигин, жашоодон кыйналып жатышканын балдары да майып төрөлүп калганын, дарылатканга акчалары жоктугун жер карап  айтып, көзүнө жаш тегереткен аялга (атын унутуп калыптырмын) жылуу  сөзүн айткан Гүлмира Сулаймановна  чоң сумкадагы  белек-бечкегин алып чыкты.     Бизди таңгала карап турган беш-алты жаштагы (оорукчан экени                көрүнүп турат)  баланы жанына чакырып, укмуштуудай        уздук менен жасалган  татынакай суусар тебетейди башына кийгизип,  чак келгенине кубанып, баланын жуулбаган кир бетинен өөп:,”өзүңдүн жаның бек, тебетейиңдин жаны морт болсун”-деп  бооруна кысты.

         Аттууга бар, жөөгө жок мындай кымбат баалуу  баш кийимди көргөндө  баарыбыздын көзүбүз жайнай түштү. Үч уктаса түшүнө кирбеген мындай баалуу белекти күтпөгөн  эненин көзүнө жаш кылгырып, баласына кичинекей күзгүнү кармата койду.  Баланын ошондогу  “ай, ай”-деп  бирде  күзгүнү, бирде Гүлмира Сулаймановнаны  жадырай карап, булдурттап бирдемелелерди сүйлөп, сүйүнүп турганы алигиче көз алдымда.

      Сумкадагы тамак-ашын, конверттеги акчасын берип,  көңүлүн көтөргөн жылуу сөзүн айтып,   эскилиги жеткен тегерек үстөлдүн үстүндөгү кара нан менен карандай чайдан ичип, көпкө баарлашып олтурдук. Кетээрибизде эстеликке сүрөткө түшүп, жылуу коштошуп жолго чыктык.  Башындагы суусар тебетейи  куп жарашып, ары-бери  секирип, кудуңдап ойноп,  жүзү жадыраган апасына кошулуп, бизге кол булгалап калган  ошол баланы дале эстей берем.

        Айылдан келгендин эртеси   сүрөттөрдү  дароо чыгартып, менден каттагандардан бердиртип коюмду өтүндү, ошол күнү берип жибердим.

        Эне-бала сүрөттөрүн көрүп кубанып, баягы суусар тебетейлүү болгон  бала адатынча  көздөрү күлүңдөп,  сүрөтүн  бооруна кысып  сүйүнгөндүр.  Гүлмира Сулаймановна негедир сүрөткө өтө көңүл бурчу.  Кайда барбасын жолугушууларда  түшкөн сүрөттөрдү такай чыгартып,  ээлерине бергенге ашыкчу.

Бурулсун Дыйканбаева. Нарын шаары.

(Уландысы бар)